You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
БШК Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жокко чыгарды
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелдеги чечими менен № 21 шайлоо округу боюнча талапкер болгон Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жокко чыгарды. Айдарбеков бул тууралуу арызын бүгүн БШКга жолдогон эле.
Бишкектеги №21 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, бир канча аптадан бери депутаттык мандат берилишин талап кылып келген Чыңгыз Айдарбековго эки күн мурун "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыбы угузулган. Бул айып ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган учурга байланыштуу экенин, ага өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынганын Ички иштер министрлиги билдирген.
Анын алдында Айдарбековдун Бишкектеги үйү тинтүүгө алынганы белгилүү болгон. Мурдагы министр жергиликтүү басылмаларга курган маегинде кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын айткан.
"Азыр маселе Айдарбеков күнөөлүбү же жокпу деген суроодо эмес. Укук коргоо жана сот системасы азыр ишенимдүү кылып бул маселени териштире албай калды. Азыр маселе, кылмыштин белгилерин аныкталганын дароо билдирбей, саясий учурду күтүп анан аныктап калгандарында болуп жатат",- деп жазды бул саясий кейс тууралуу Фейсбук баракчасында белгилүү юрист Нурбек Токтакунов.
Бишкек шаарындагы №21 округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Бошогон мандатты, мыйзамга ылайык, талапкер Чыңгыз Айдарбеков алары айтылган. Бир айдан ашык убакыт өтсө да, Айдарбековго мандат берилген эмес. БШК ИИМден анын соттуулугу боюнча тактоо күтүп жатканын билдирген.
Айдарбековдон кийин аталган шайлоо округунан добуштардын саны боюнча кийинки орунда Мирлан Жээнчороев турат.
ИИМ 15-апрелде Айдарбеков тууралуу жаңы фактылар деп кошумча маалымат тараткан.
Анда Айдарбеков турак жай-кооперативдердин биринде мүчө болбосо да "документ жасалмалап өзүн негиздөөчү катары каттатып алганы", аталган бирикмеге таандык "батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алганы, натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени" аныкталганы жазылган.
Ошол эле маалыматтарда дагы бир эпизод катары Айдарбековдун Түркмөнстанда дипломатиялык кызматта иштеген кезинде аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен "контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөнү" айтылат.
ИИМ билдиргендей, фамилиясын Айдарбеков деп ал Ашхабаддын ошол вербалдык нотасынан кийин өзгөрткөн.
Айдарбеков ИИМдин соңку билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.