Ташиевдин мурдагы орун басары тергөө абагына киргизилди

Окуу убактысы: 1 мүнөт

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Тимур Шабданбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-июнга дейре камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон тастыкташты.

Ага карата Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү - "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" айыбы коюлууда.

Атайын кызматтын төрага орун басары болуп Тимур Шабданбеков 2022-жылы 13-июлда дайындалган. Быйыл 17-февралда ал президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү келтирген.

Биринчи май райондук соту Тимур Шабданбековдон башка, "Ред Петролеум" бренди менен таанымал "Альфа Ойл" компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаровду да 13-июнга чейин камакка алынганын тастыктады.

Мындан тышкары, мурда-кийин коомчулукка тааныш эмес Кубанычбек Чакибаев да камалганы кабарланууда.

Кармалып-камалган төрт кишиге Кылмыш-Жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптар тагылды.

Буга чейин социалдык тармактарда Акылбек Маматовдун кармалышын "Кыргызнефтегаз" ишине байланыштырып жатышкан.

Акылбек Маматов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу. "Ред Петролеум" компаниясы 2015-2020-жылдар аралыгында мунай ташууга көп санда мамлекеттик келишим түзүп, 1 млрд сомдон ашык пайда тапканы тууралуу буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө айтылган.

Бүгүн жергиликтүү "Кактус" басылмасы өздүк булактарына таянып, Саламаттыкты сактоо боюнча мурдагы министр Каныбек Досмамбетов ИИМде сурак берип чыкканын жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга ылайык, экс-министр 15-апрелде дээрлик жети саатка созулган суракта болгон, андан кийин бошотулган.

Досмамбетовдун ысымын да УКМКнын мурдагы төрагасы менен байланыштырышат. Ал быйыл 24-февралда өз арызынын негизинде Саламаттыкты сактоо министри кызматынан чегинген. Ага чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.