Кыргыз өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен жолугушту

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кошмо штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен 15-апрелде Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу эки тараптуу маселелерди талкуулашты.

"Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоду. Министрлер кабинетинин төрагасы "С5+1" форматынын маанилүүлүгүн белгилеп, өткөн жылы президенттердин бул форматтагы жолугушуусу аймактык кызматташууга күчтүү түрткү болгонун белгиледи. Ал Марко Рубиого Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы диалогду колдоонун негизги куралы катары бул платформага жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди", - делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Кыргыз өкмөт башчысы АКШнын мамкатчысына Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Өлкө экономикасы 2022-2024-жылдары ар жыл сайын 9 пайыздан ашык туруктуу өсүүнү көрсөткөнү, ал эми 2025-жылдын акырына карата бул көрсөткүч рекорддук 11,5 пайызга жеткени белгиленди.

Касымалиев Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан. Бул иш сапарынын алкагында кыргыз өкмөт башчысы АКШнын алдыңкы технологиялык корпорациялары менен бир катар жолугушууларды да өткөрдү.

Ак үйдөгү жолугушууда жакында эле Вашингтондо болуп өткөн, мамлекеттер аралык мамилелердин бүткүл спектрин камтыган мазмундуу саясий консультациялардын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн Адылбек Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө да чакырды.

Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бардык тармактар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.

"Бүгүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуштум. Биз экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде америкалык бизнес үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкууладык. C5+1 платформасы аркылуу биз аймактык коопсуздук жана кызматташтык багытындагы иштерди улантмакчыбыз" - деп мамлекеттик катчы Марко Рубио айтканын бүгүн Бишкектеги АКШ элчилиги цитата келтирди.

Кыргызстан - АКШнын ортосундагы мамиле 11 жылдан бери жаңы кызматташтык келишими жок жүрүп келет.

"Келишим эчак даярдалган. Анын мазмуну мурунку документтерден өтө деле айырмаланбайт. Себеби бул базалык келишим. Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу деп гана турат. Бирок геосаясий жана башка себептерден улам анын кабыл алынышы кечеңдеп жатат", - деген эле буга чейин Би-би-синин дипломатиялык чөйрөдөгү анонимдүү булагы.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү бул кадамга Кыргызстанда июнь окуясына байланыштуу сот жообуна тартылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти сыйлык ыйгарган соң барганын жүйө келтирген. Бирок эксперттер Кошмо Штаттары менен мамиле ага чейин эле Кыргызстан аймагынан америкалык аскердик базаны чыгаруу чечиминен кийин солгундай баштаганын айтышат.

"Негизи эл аралык мамилелер да эмоциянын натыйжасында кабыл алынган чечимдердин кесепетин сезет экен. 2015-жылы АКШ менен болгон келишимди бир тараптуу токтоткон чечим, менимче, терең талдоодон өткөн эмес жана бир адамдын эле эмоциялык чечими болгон. Ошондон улам эки өлкө ортосундагы кызматташуу, ишеним деңгээли төмөндөп, айрым колдоо программалары, долбоорлор токтогон. Ошол себептен азыр мамилелерди кайра түзүү жеңил эмес, ар бир кадам кылдат иштелип, келишимге келүү аракети созулуп жатат окшойт. Азыр Кыргызстан мындай маселелерге эмоция менен эмес, талдоо жана кандайдыр бир деңгээлде улуттук кызыкчылыктын артыкчылыгын көздөө принцибинин негизинде мамиле кылганга аракеттенсе керек", - деген болчу буга чейин бийликчил активист Атай Бейшенбек.

2020-жылдан кийин бийликке келген кыргыз өкмөтү көп векторлуу тышкы саясатка басым жасарын айтып келет.

2025-жылы АКШ Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын "Керемет" банкын санкциялык тизмеге киргизген эле. Кыргыз президенти Садыр Жапаров анда бул чечим негизсиз болгонун жергиликтүү "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу айтып чыккан.

Ага чейин Кошмо штаттары Орусиягы санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген негизде Кыргызстанга тийиштүү жыйырма чакты компанияны жана бир нече адамды санкциялык тизмеге киргизген эле.