You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мэр: "Манас" университетинин жерине көз арткан жокпуз"
Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Болот Миңжылкыев көчөсүн Тыналиев көчөсүнөн Айтматов проспектисине туташтыруу иштери жакынкы бир ай ичинде башталат.
Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Жаңы жол Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Жалдагы кампусун кесип өтүп, Тыналиев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектиси менен байланыштырат.
Жол окуу жайдын корпустарынын ортосунан өтө тургандыктан, студенттердин жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жер астындагы өтмөк курула тургандыгы айтылды.
Жанболотовдун айтымында, жолдун түштүк тарабындагы сейилдөөчү аймак өзгөртүүсүз, азыркы абалында сакталып калат.
Азыркы тапта мэрия тарабынан бюджеттик маселелер каралып, шаарда оңдоло турган жолдордун титулдук тизмеси бекитилип жатат.
"Тизме толук бекитилгенден кийин, жол сала турган компанияларды тандайбыз. Курулуш иштерин бир айдын ичинде баштоону пландап жатабыз", - деп белгиледи Абдыжапаркул Жанболотов.
Студенттер каршы
Эмир: "Студенттер үчүн бул бүтүндөй бир шаарча болуп калды. Бизди анын ичинде 24 саат кайтарып турушат. Жол салына турган болсо, коопсуздук маселеси келип чыгат. Кабарды угарыбыз менен онлайн петицияга кол топтой баштап, азыр 3000ге жакын кол коюлду. Эми офлайн түрүндө да петицияны баштайлы деп жатабыз".
Мадина: "Мен ушул жерде жатаканада жашайм. Өзүмдү бул жерде абдан коопсуз сезем жана бул жактын жашыл зонасы абдан жагат. Жол ачылса, таштанды көбөйүп, бактар кыйылып кетет го деп жатабыз".
Кубаныч: "Жеке мен буга каршымын. Анткени азыр кампустун ичинде тынчтык турат, ашыкча эч нерсе жок, жол ачылса, элестеткиле, машиналар жайнап кетет. Адамдар көбөйөт".
Бирин-экин балдары менен сейилдеп жүргөн Жал кичирайонунун тургундары да бул жолдун ачылышына каршы экенин айтышууда.
"Бала менен дал ушул жерге келген мага ыңгайлуу. Абасы таза, тынч, коопсуз", - деди баласын жетелеп жүргөн келиндердин бири.
Ушундай эле пикирин дагы бир тургун билдирди:
"Биз үчүн жол салынбай эле койгону жакшы болмок. Бала менен сейилдегенге Жал боюнча ушул эле жер калган ансыз да"
Бирок аталган жолдун салынышын колдогон жарандар дагы бар.
"Биз макулбуз. Саат тогуздан кийин кире албай калдык бул жерге. Ушул жерден Ахунбаевге чейин бир саат жүрүп жатабыз. Бул жолду ача турган болсо, жарым саат болуп калат да. Ачыш керек", - деди Жал кичирайонунун тургундарынын бири.
Шаар бийлиги келишимге таянууда
Бир күн мурун Бишкек мэри Айбек Жунушалиев аталган жол тилкесин куруу 2016-жылы жаңыланган Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Бишкек шаар куруу жана архитектура байшкармалыгынын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашарын билдирген.
"Келишим боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университети буйрутмачы, ал эми "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы аткаруучу деп так көрсөтүлгөн. Миңжылкыев көчөсү жол катары көрсөтүлүп, ал тургай Бакаев көчөсүнө да кошулган жери бар. Биздин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жерине көз арткан жерибиз жок. Бул мурдатан бери каралган, Башкы планга киргизилген жолдор. Ал ачылса эле тыгын маселеси толугу менен чечилет деген ойдон да алыспыз. Болгону Бишкек шаарынын жалпы жол инфраструктурасын оңдоого болгон аракеттер жасалууда",-деген калаа башчысы.
Мэр ошондой эле аталган долбоорду ишке ашырууда аймактагы жашыл зона кыскарбайт деп убада берди.
"Мен дагы тапшырмаларды берип жатам, долбоорду ишке ашырууда бир дагы өсүмдүктү кыйып же жок кылганга жол бербейбиз" , - деген Жунушалиев.
Урбанист: "Маселени чечпейт"
Архитектор - урбанист Нурислам Мырзаканов бул долбоор шаар тургундары үчүн чоң маселени чечип бербейт деген пикирде. Анын айтымында, жол тыгыны боюнча көйгөйдү чечүү үчүн комплекстүү иш-аракет керек.
"Негизинен шаар үчүн жол канча көбүрөөк болсо ошончо жакшы. Жолдордун торчосу деп коет, ошол топтолгон транспортту таркатканга жакшы. Бирок биз азыр бул жолду ачкан кезде деле мунун баары кайра эле ошол жакка жыйналып калабыз. Ошондуктан бул жер азыр чоң бир маселени чечип кетет деп ишенбейм. Мунун баарын жасап салсак, жер алдындагы өтмөк салынат. Ал өзү эле жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыз. Инклюзивдүү шаар деп коёбуз го, бул инклюзивдүүлүкккө такыр жатпайт. Улгайган адамдарга, бешик араба менен апаларга ылдый-өйдө түшкөн ыңгайсыз болот. Ошондуктан бул бир чоң маселени чечет деп айта албайм", - деди Мырзаканов.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети - Кыргызстандагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири. Анда алты миңден ашык студент билим алат.
"Манас" университетинин Жал кичи районундагы кампусунда университеттин окуу бөлүмдөрүнөн сырткары мектеп, бир нече жатакана, тамактануучу жайлар, спорт зал жана мечит жайгашкан. Аймак күнү-түнү кайтарылып, кирип-чыккандардын коопсуздугу каралган. Студенттерден тышкары, окуу жайдын аймагына Жал кичи районунун жашоочулары да сейилдөөгө кире алышат.
Аталган университетти куруу боюнча келишимге 1995-жылы кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлуп, 1997-98-жылдары алгачкы студенттерге билим бере баштаган.