You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Миссиямды аткардым". Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин башчылыгынан кетти
Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев кызматынан кете турганын расмий түрдө жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан алынгандан бери Камчыбек Ташиев биринчи жолу эл алдына расмий чыкты.
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде өз миссиясын аткарып бүткөнүн билдирип, төрагалык кызматка футболду сүйгөн башка адам келиши керектигин белгиледи.
"Төрагалыктан кетейин деген оюм бар. Мурда төрага болоюн деп арыз жаздым эле, ошону кайтарып алып жатам азыр. Мен өзүмдүн миссияды аткарып бүттүм. Футболго жетекчи болуп футболду сүйгөн адам келсин. Ар ким өзү жакшы көргөн ишти жасашы зарыл. Мен футболдон кетпейм", — деди Ташиев конгресстин катышуучуларына кайрылуусунда.
Ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан КФБ конгрессинде уюмдун президенти катары эки жылдык ишинин отчетун берди. Эки жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган Ташиев бул убакыт ичиндеги ири инвестициялар жана өлкөдөгү футболдук инфратүзүмдүн жакшырганын айтты.
"Эки жылдын ичинде 17 жаңы статион, футболдук мекемелерди куруптурбуз. Дагы 14ү азыр курулуп жатат. Эки жылдын ичинде 7 млрд сомдук акчаны ушуга жумшаптырбыз. Мында ары да 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек, ушул эки жылдын ичинде биз футболдук союзга, дегеле кыргыз футболуна 14-15 млрд сом акчаны жумшаптырбыз. Бул акчалар кайдан келди? Эң негизгиси мамлекетибиздин жардамы болду. Бул жерде мамлекетибиз чон жардам берди, өнөктөштөрүбүз чон жардам берди, демөөрчүлөрүбүз чоң жардам берди", - деди Камчыбек Ташиев.
Ал Кыргыз футбол биримдигинин президент жакшы колдоп турганын айтты:
"Эми ушул жетишкендиктерибиздин бардыгы кайдан болуп жатат? Албетте, мунун баары президентибиздин колдоосунун негизинде болуп жатат. Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин колдоосу болбосо бул ийгиликтер болмок эмес. Ал киши эки жыл мурда менден суранып, сен футболду жакшы көрөсүң, ушул футболдук союзга бар, мен колдоп берейин, футболду өнүктүрөлү деген чоң максатты койгон. Президенттин койгон максатын, тапшырмасын биз аткардык".
Камчыбек Ташиев 2024-жылы 19-февралда Президент Садыр Жапаров сунушу менен Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине шайланган. Ташиев кызматына киришип жатып, өлкөдөгү футболдук инфратүзүмдү жакшыртарын убада кылган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларга айыпталып жаткан Шаирбек Ташиевдин бөгөт чарасын аныктады. Соттун 2-апрелдеги чечими менен ал 16-майга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине (№1тергөө абагы) камакка алынды.
Март айында Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасында текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү коррупциялык схемалар аныкталганын жарыялаган. Иликтөөдө аталган ишканадагы жемкорлук фактыларына Ташиевдердин тиешеси бар экени айтылган. Бул иш боюнча мамлекетке келтирилген жалпы зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланууда.Буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев 1-апрелде камакка алынган.
"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча Камчыбек Ташиев да сурак берген.
Камчыбек Ташиев да 20-мартта Айт намаздан кийинки сөзүндө каралоо жүрүп жатканын билдирген.