Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациядан билдиришти.

Маалыматта Улан Маматкановду кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизиле турганы айтылган.

4,5 жылдан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп келген Эдил Байсалов өткөн жумада Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган.

Вице-премьер-министрликке дайындалган 44 жаштагы Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. Ош мамлекеттик университетин, Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. Маалыматтарда ал Улан Маматканов бир канча жыл Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде, өкмөттүн аппаратында жана президенттин аппаратында иштеген. Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.