You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
AZAL учагынын кыйрашы: Орусия Азербайжанга компенсация төлөөгө макул
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Орусия 2024-жылдын декабрындагы Azerbaijan Airlines (AZAL) компаниясынын жүргүнчү ташыган учагы кулаганына байланыштуу Азербайжанга компенсация төлөп берет. Учак Орусиянын абадан коргоонуу системасы Кавказ аймагында украин дрондорунун чабуулдарынын мизин кайтарып жаткан маалда кулаган.
Москва узак убакыт бою дал ушул себеп кырсыкка алып келгенин четке кагып келген, бирок дээрлик бир жылдан кийин бул кырсыка өзүнүн тиешеси бар экенин моюнга алды.
Орусия менен Азербайжан "кесепеттерди жайгаруу, анын ичинде компенсация төлөө маселеси боюнча" макулдашууга жетишкенин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери биргелешкен билдирүүдө маалымдашты.
Дипломаттардын айтымында, бул келишим Владимир Путин менен Ильхам Алиевдин ортосунда 2025-жылдын октябрында Душанбеде өткөн жолугушууда жетишилген.
Документте компенсацияны кимдер алары, анын көлөмү жана качан төлөнөрү так көрсөтүлгөн эмес.
Билдирүүдө учак Орусиянын аба мейкиндигинде "абадан коргонуу системасынын кокустук аракетинен" улам кулаганы айтылат.
Баку–Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан AZAL учагы 2024-жылдын 25-декабрында эртең менен Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.
Авиакырсык Орусиянын абадан коргонуу системалары украин дрондорунун чабуулун кайтарып жаткан учурда болгон. Баку башынан эле учак "тышкы таасирдин натыйжасында" кулаганын билдирген.
Москва болсо узак убакыт бою бул кырсыкка тиешеси бар экенин моюнга албай келген. Бул Орусия менен Азербайжандын ортосундагы мамиленин олуттуу начарлашына алып келген эле.
Мамилелердин суушу жана Путиндин моюнга алуусу
2025-жылдын июль айында Ильхам Алиев Азербайжан Орусиядан так жооп ала электигин билдирип, ишти эл аралык сотко алып чыгууга ниеттенип жатканын айткан.
Ал ошондой эле азербайжан учагы боюнча иликтөөнү 2014-жылы Донбасста кулаган малайзиялык Boeing учагы менен салыштырып, Гаагадагы сот Орусиянын жоопкерчилигин аныктаганын эске салган.
Андан көп өтпөй Орусиянын күч түзүмдөрү Екатеринбург шаарында теги азербайжандык топ адамдарды кармап, аларды 2001–2011-жылдардагы адам өлтүрүүлөргө жана кол салууларга катышы бар деп айыптаган. Кармоо учурунда эки шектүү каза болгон.
Орус бийлиги алардын жүрөгү кармап каза болгонун , ал эми Азербайжан алар катуу сабалганынан улам каза болгонун айткан.
Андан кийин Бакуда сегиз орусиялык жаран кармалып, камакка алынган. Аларга баңги заттарын аткезчилик жолу менен ташуу жана кибер кылмыштар боюнча айып тагылган. Сот отурумуна алардын айрымдары беттериндеги көгала тактар менен келген.
Мындан тышкары, Азербайжан Бакудагы Русский дом мекемесин жаап, анын кызматкерлерин тыңчылыкка айыптаган эле.
Ошондой эле Sputnik Азербайджан басылмасынын директору жана башкы редактору кармалган. Бул басылма "Орусия бүгүн" мамлекеттик медиагруппасына кирет.
2025-жылдын 9-октябрында Владмир Путин менен Ильхам Алиев Душанбеде, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында жолугушкан.
Ошол жерде Орусиянын президенти биринчи жолу азербайжан учагынын жанында абадан коргонуу ракеталары жарылганын тастыктап, Алиевден кечирим сураган.
Ошол эле учурда Путин орус абадан коргонуу системасы украин дрондорун бутага алып, учурган ракеталар жарандык учакка түз тийген эместигин, андан бир нече метр аралыкта жарылганын баса белгилеген.