Чыңгыз Айдарбеков талапкерлигин алуу боюнча БШКга арыз жазды

айдрбеков

Сүрөттүн булагы, social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин алып салуу боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчаларына жарыялады.

Бишкектеги №21 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, бир канча аптадан бери депутаттык мандат берилишин талап кылып келген Чыңгыз Айдарбековго эки күн мурун "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыбы угузулган. Бул айып ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган учурга байланыштуу экенин, ага өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынганын Ички иштер министрлиги билдирген.

Анын алдында Айдарбековдун Бишкектеги үйү тинтүүгө алынганы белгилүү болгон. Мурдагы министр жергиликтүү басылмаларга курган маегинде кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын айткан.

Бишкек шаарындагы №21 округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Бошогон мандатты, мыйзамга ылайык, талапкер Чыңгыз Айдарбеков алары айтылган. Бир айдан ашык убакыт өтсө да, Айдарбековго мандат берилген эмес. БШК ИИМден анын соттуулугу боюнча тактоо күтүп жатканын билдирген.

Айдарбековдон кийин аталган шайлоо округунан добуштардын саны боюнча кийинки орунда Мирлан Жээнчороев турат.