You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Чыңгыз Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү президентке кайрылды
Коомдук сайттарда Nº21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Чыңгыз Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан жазылган кат тарады. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Айдарбековго депутаттык мандат берүүнү мыйзамсыз кечиктирип жатканы айтылат.
Дагестанда бир жума ичинде экинчи жолу катуу сел жүрдү
Махачкалада суу ташкынынан үч кабаттуу үй кулап, Хасавюртта базарды суу агызып кетти.
Иттер талап салган баланын атасы Садыр Жапаровдон ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды
Бекзат Туйтеев Садыр Жапаровго аны жеке кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылды. Ал президенттен тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн камсыз кылуу жана иттердин ээси делген адамды жоопко тартуу үчүн бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранат.
Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап кетти. Милиция "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча иш козгоду
Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап кетти. Милиция "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча иш козгоду
Ирандын аймагында АКШнын F-15E аскердик учагы атып түшүрүлүп, учкучу изделүүдө
Ирандын түштүгүндө АКШнын F-15E аскердик учагы атып түшүрүлдү, эки учкуч учактан секирип чыгууга үлгүрүштү. Бул маалыматты АКШнын Борбордук командачылыгы тастыктады.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Оштогу мектепте чыккан чыр. Мугалим менен ата-эне эмне дейт?
Социалдык тармактарда "Ошто окуучунун апасы мугалимге кол салды" деген аталышта видео тарады. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, окуя 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы "Юниум" жеке менчик мектебинде орун алган. Учурда эки тарап бири-биринин үстүнөн милицияга арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны териштире баштаганын билдирди.
"Абдан татаал жана кооптуу операция". АКШ Ирандагы атып түшүрүлгөн учкучун кантип издейт?
АКШнын мурдаы аскер командиринин айтымында, учкучту издөө операциясын "аябай татаал жана кооптуу" иш деп сыпаттоо да өтө жумшак болуп калат.
Иранда көпүрө талкаланды: Макрон Трамптын сынына жооп берип, олуттуу болууга чакырды
Жакынкы Чыгыштагы согуштун 34-күнүндө Израил менен АКШ Ирандагы буталарга сокку урууну улантты. Би-Би-Си ракета базасына жана көпүрөгө сокку урулган видеону текшерди. Иран өз кезегинде Израилге жана коңшу өлкөлөргө ракеталык соккулар менен жооп берүүдө. Ошол эле учурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ормуз кысыгын аскердик жол менен кайра ачуу мүмкүн эместигин билдирип, Трамптын жубайы Брижит менен болгон мамилеси тууралуу айткандарына кескин жооп кайтарды.
Оштогу жаңы базардын директору кармалды
Оштогу жаңы базардын директору кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Би-Би-Сиге тастыктады.
"Жарылуудан жер титиреп, өйдө көздөй качтык". Ысык-Көлдөгү машыгууда Орусиянын учагынан ок-дары түшкөнү тастыкталды
Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын жанында болгон жарылууга Орусиянын аскердик учагынан машыгуу учурунда түшкөн снаряд себеп болгону маалымдалды. 1-апрелде Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынын жанына асмандагы учактан белгисиз нерсе түшүп, жарылуудан эки жерде чоң чуңкур пайда болгону айтылган видео тараган.
Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.