You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Виктор Орбанды жеңген Петер Мадьярдын бейнеси
- Author, Святослав Хоменко
- Role, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
"Жазгы шамал" – Tavaszi szél – балким, бул Венгриядагы эң белгилүү элдик ыр. Табияттын жанданышы, махабат жана кайгы тууралуу жөнөкөй обонду мектептеги майрамдарда, жайылган дасторкондун үстүндө жана расмий иш-чарада угууга болот.
40 жыл мурда бул ырды Фредди Меркьюри Будапештте адамдарга жык толгон стадиондо ырдаган.
Учурда бул ыр Венгриянын саясий сахнасында сейсмикалык өзгөрүүлөрдүн символуна айланып баратат. Дал ушул Tavaszi szél ырын соңку эки жылдын ичинде шайлоонун алдында Петер Мадьярдын өлкө боюнча жүздөгөн митингдеринин катышуучулары ырдап келишти.
Мадьярдын тарапкерлери өз кумирин саздын үстүндөгү коюу туманды жок кылып жиберчү жазгы шамалга окшоштуруп, 16 жыл бою бийликтин тизгинин бербеген Виктор Орбанды жана анын "Фидес" партиясын саясий мейкиндиктен сүрүп чыгарат деп ишенишет. Сынчылар болсо "Мадьярдын сектасы" сокур фанатизмге кабылганын айтып, Мадьяр болгону Орбандын жаш жана күчтүү версиясы экенин ырасташууда.
Венгрияда парламенттик шайлоодо добуш берүү участоктору жабылгандан көп өтпөй Мадьярдын "Тиса" партиясы Орбандын "Фидесинен" кыйла озуп кеткени белгилүү болду. Орбан өзү жеңилгенин мойнуна алып, добуш берүү аяктагандан эки сааттан кийин эле атаандашын куттуктады.
Бакубат балалык
Петер Мадьяр 1981-жылы 16-мартта Будапештте венгр коомунун элитасына кирген үй-бүлөдө төрөлгөн.
Мадьярдын чоң атасы 1970-80-жылдары Венгриянын Жогорку сотунун судьясы жана бул өлкөдө белгилүү медиа ишмери Эреш Пал болгон. Пал тележылдыз, мамлекеттик телеканалда бир нече жылдар бою көрсөтүлүп келген "Юридикалык иштер" деген атактуу шоунун алып баруучусу болгон. Пал чыныгы сот иштерин талдоо менен ошол кездеги массалык маданиятка кирген, ал өлкөдөгү эң таасирдүү юристтердин бири болчу.
Мадьярдын ата-энеси да юрист. Ошондуктан, Петердин университетте укук таанууну тандап алганы да таң калыштуу эмес.
Бирок мунун алдында Мадьяр Будапешттин борборундагы элиталык Пиаристтик католик мектебин бүтүргөн. Мадьяр кийинчерээк Би-Би-Синин кабарчысы Ник Торп менен маегинде айткандай, Виктор Орбанды биринчи жолу дал ушул мектептен көргөн.
1996-жылы эми гана күч алып келаткан "Фидес" партиясынын лидери Орбан Мадьяр билим алган мектепке келип, анын окуучулары менен баарлашкан. Петер ал тургай Орбанга суроо да узаткан: "Эмне үчүн жакында эле либералдык саясатчы катары белгилүү болгон Орбан эми оңчулдарга ыктай баштады?". Орбан ошондо Петердин суроосуна Черчиллдин сөзү менен жооп кайтарган: "Жаш кезде солчул саясий көз карашта болуп, ал эми бойго жеткенде консерваторго айлануу – бул кадыресе көрүнүш". Орбандын жообу жаш Мадьярды ынандырган.
2002-жылдагы парламенттик шайлоодо Виктор Орбан жеңилип калган. Ошол кездеги студент Мадьяр жана анын досу Гергей Гуляш муну өтө оор кабыл алгандыктан, тилектештик иретинде "Фидес" партиясына өтүшкөн.
Бүгүнкү күндө Гергей Гуляш Виктор Орбандын администрация башчысы жана өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири катары эсептелет. Мадьяр экөөнүн мамилеси үзүлгөн.
2005-жылы жаш мугалим Гуляш уюштурган кечеде Петер Мадьяр 25 жаштагы Юдит Варга менен таанышкан. Юдит Мишкольц университетинин юридикалык факультетинин бүтүрүүчүсү болчу жана ошол кезде Будапешттеги фирмалардын биринде стажировкадан өтүп жаткан. Кийинки жылы алар баш кошуп, ал эми 2009-жылы жубайлар Брюсселге көчүп барышкан: Варга Европарламентте Венгриянын депутаты Янош Адердин жардамчысы кызматын алган. 2012-жылы Адер Венгриянын президенти болуп шайланган, бирок Варга Брюсселде калып, өз өлкөсүнүн атынан башка депутаттардын кеңселеринде ишин уланткан. Бул маалда Мадьяр алгач бала багуу үчүн декреттик өргүүдө болгон, андан кийин Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө жана Евробиримдикке караштуу өкүлчүлүктө майда кызматтарда иштеген.
Петер жана Юдит
Венгриянын саясатындагы укмуштуудай өзгөрүүлөргө – Виктор Орбандын 2010-жылы бийликке кайтып келишине, 2011-жылы Конституциянын өзгөрүшүнө, демократиянын чектеле башташына Мадьяр Брюсселден көз салып турду. Кийинчерээк ал бийликти борборлоштурууну жана Орбандын "бурамаларды бурай баштаганын" абдан туура кабыл алганын айткан: солчул-либералдык коалициянын сегиз жылдык башкаруусунан жана 2008-жылдагы Венгриянын экономикасындагы оор кризистен кийин өлкө чечкиндүү лидерге муктаж болуп турган. Бирок Орбан бул маалда өлкөнү жеке көзөмөлүнө алып жатканын Мадьяр кийинчерээк гана баамдай баштаган.
Петер Мадьяр үй-бүлөсү менен – ошол кезде Юдит Варга экөө үч уулдуу болуп калышкан – Будапештке 2018-жылы кайтып келишкен. Варгага Виктор Орбандын администрациясында Евробиримдиктин иштери боюнча мамлекеттик катчы кызматы сунушталган. Кийинки жылы Мадьярдын аялы кызматтык тепкичтен көтөрүлгөн: ал Юстиция министри болуп дайындалып, анын компетенциясына Венгриянын Евробиримдик менен мамилеси кирген. Айрым байкоочулар Варга Виктор Орбандын ыктымалдуу мураскорлору катары каралышы мүмкүн болгон "Фидестин" жетекчилигинин тар чөйрөсүнө кирчү дешет.
Петер Мадьяр бул учурда ар кандай мамлекеттик жана өкмөттүк мекемелерде маанилүү кызматтарды ээлеген: ал мамлекеттик банктардын биринде Евробиримдиктин укук дирекциясын жетектеген жана Студенттик насыя борборунун башкы директору болгон.
"Мадьяр бир нече жолу бийликте жогорку кызматтарды ээлөөгө аракет кылган, бирок максаты ишке ашкан эмес", - деп жазат Politico.
Politico Мадьярдын феноменин изилдеген Копенгаген университетинин саясат таануучусу Миклош Шукешттин сөзүн келтирет: "Ал өтө дымактуу жана көз карандысыз болгондуктан аны эч ким бийликке жакындаткысы келчү эмес".
2023-жылдын март айында Петер Мадьяр менен Юдит Варга ажырашканын жарыялашкан. Кийинчерээк ал Guardian гезитине: "Биздин нике эки тараптан тең чыңалган абалда болчу", - деп айткан.
Тагдыр чечкен маектешүү
2023-жылдын апрелинде өлкөнүн президенти Каталин Новак Бичке шаарындагы балдар үйүнүн директорунун мурдагы орун басары Эндре Коньяга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал жетекчиси менен бирге эки жыл мурда эркинен ажыратылган: балдар үйүнүн директору – педофилия үчүн, ал эми Конья – кылмыштарды жашырууга аракет кылганы жана курмандыктарга кысым көрсөткөнү үчүн.
Мунапыс берилгени жөнүндөгү маалымат 2024-жылдын февраль айынын башында пайда болуп, Орбандын сынчыларын гана эмес, салттуу баалуулуктарды жактаган оңчул, консервативдүү күч саналган анын "Фидес" партиясынын көптөгөн тарапкерлерин да нес абалда калтырган. Башында бийлик жаңжалды басууга аракет кылган, бирок медиа каражаттарына чыккан бир катар сын макалалардан жана президенттик сарайдын жанында өткөн митингден кийин Каталин Новак түз эфирде кызматтан кетип жатканын жарыялаган. Саясаттан кетүү чечимин Юдит Варга да кабыл алган: 2023-жылы ал президенттин Коньяга ырайым берүү жөнүндөгү жарлыгына кол койгон, ошондуктан формалдуу көз караштан алганда, бул чечимге анын да тиешеси бар болчу.
Новак отставкага кеткенин жарыялагандан бир жарым саатка жетпеген убакыт ичинде Петер Мадьяр Фейсбукка пост чыгарып, "мамлекеттик компаниялардагы кызматтарынан "кесипке байланышпаган себептерден улам" кетип жатканын" жарыялаган.
"Мен чыныгы лидерлер аялдардын этегине жашынган системанын бир бөлүгү болгум келбейт... Мен улуттук, эгемендүү, жарандык Венгрия идеясына көптөн бери ишенип келгем [...], бирок бүгүн мен мунун баары иш жүзүндө эки максатты көздөгөн кооз кабык экенин баамдадым: бийликтин машинасынын ишин жашыруу жана эбегейсиз байлык топтоо".
Эртеси күнү Петер Мадьяр Ютубдагы көз карандысыз Partizan каналынын студиясына чакырылган. Дээрлик эки саатка созулган маектешүү аны "Фидес" партиясындагы үчүнчү катардагы саясатчыдан жалпы улуттук баатырга айландырган. Терең кризистен чыга албай жаткан "эски оппозициячылардан" айырмаланып, коом Петерди жаңы лидер катары кабылдай баштаган.
"Өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштейли"
Бул видеону көргөндөрдүн саны тез эле эки миллионго жеткен – бул он миллион калкы бар Венгрия үчүн укмуштуудай жыйынтык.
Бул интервьюда эч кандай конкреттүү айыптар коюлган эмес: Мадьяр Венгриянын бийлик системасынын өзүндөгү чоң кемчиликтерге жана коррупцияга басым жасаган. Бирок ушунун өзү да өлкө үчүн сенсация болду, себеби, бийлик системасынын күнөөлөрү тууралуу оппозиционерлер же ашып кетсе көз карандысыз маалымат каражаттары гана сөз кылып келишкен. Мадьяр болсо ыңкылапчы катары эмес, Венгриянын бийлик системасын ичинен көргөн, саясат чалгын кызматтары жана бизнес менен кандайча чырмалышканын жакшы билген жана мындай туура эмес системадан көңүлү калып, аны өзгөртүүнү каалаган адам катары таанылды.
Ошол эле жылдын 15-мартында Венгрия Эркиндик күнүн белгилеп жатканда, Мадьяр замандаштарын Будапешттин борбордук көчөлөрүнүн биринде митинг өткөрүүгө чакырган.
"Чогулгандардын саны 30 миң адамга жеткени болжолдонууда – бул акыркы жылдары оппозициялык партиялардын баары бир жерде чогулта алган адамдардын санынан алда канча көп", - деп жазды Telex көз карандысыз басылмасы.
Бул митингде Мадьяр "өз өлкөсүнүн бакубатчылыгы үчүн иштегиси келген бардык венгрлер" кошула алган өзүнүн саясий партиясын түзө турганын жарыялаган.
2024-жылдын жазында Венгриянын бийлиги Мадьяр канчалык тез таанылса, ошончолук тез унутулат деген ой менен, "аны көрмөксөнгө салсак жетиштүү болот" деген чечимге келишкен.
"Тисанын" башаты
Ал арада Петер Мадьяр, убада кылгандай, өз партиясын түздү. Будапешттеги байкоочулар ал башында саясий күчтү нөлдөн баштап түзүүнү ойлонуп жүргөнүн айтышат. Бирок бул сценарийге убакыт жол берген жок: Европарламентке шайлоо 2024-жылдын июнь айынын башына белгиленген эле. Тездик менен таанылып жаткан Мадьяр ошол шайлоого катышмакчы болгон, бирок шайлоого чейин партия түзүүгө физикалык жактан үлгүрбөй калмак.
Ошондуктан, 2024-жылдын апрель айынын башында Петер Мадьяр өзү жана анын тарапкерлери "Сый-урмат жана эркиндик" партиясынан (венгр. аббр. – TISA) парламентке ат салышаарын жарыялашкан. Бул партия төрт жыл мурда катталган жана аны өлкөнүн маалымдоо каражаттары "эки адамдын партиясы" деп аташчу. Аны чындап эле курорттук Эгер шаарчасында жашаган, жашы бир топко барып калган эки дос түзгөн. Мадьяр бул партиянын башына келгенге чейин анын эки лидери Венгриянын желектери менен боёлгон фургондо өлкөнү кыдырып, арыдан бери тарткан видеолорун YouTube сайтына жүктөп турушчу.
Мадьяр бир нече партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана "Тисаны" аталышы үчүн тандап алганын, ал "венгер маданиятында жана тарыхында позитивдүү жана кубанычтуу маанайдан кабар берерин" журналисттерге айткан.
Кандай болгон күндө да, "Тисанын" тизгинин колуна алгандан бир нече күн өткөндөн кийин Мадьяр өлкө боюнча чоң шайлоо өнөктүгү башталганын жарыялаган.
Биринчи шайлоо
Будапешттик серепчилер Мадьярдын ийгилигинин негизги фактору жөнүндө сөз кылганда, венгер коому Виктор Орбандын узак жылдарга созулган башкаруусунан чарчаганын айтышат.
Венгер эксперттери Мадьяр эмгекчил жана өжөр болгонун белгилешет. 2024-жылы Европарламентке шайлоодо Мадьяр бир күндө шайлоочулар менен 5-6 жолугушуу өткөрүп турган.
Бир нече ай мурда эле эч кимге белгисиз саясатчы эки ай бою маргиналдык партиянын өнөктүгүн дээрлик жалгыз жетектеп, укмуштуудай ийгиликке жетти. Июндагы шайлоодо "Тиса" дээрлик 30% добуш алып, Петер Мадьяр башында турган жети өкүлгө Европарламенттин эшиги ачылды.
Дал ошондо эле "Тисанын" "кийинки аялдамасы" 2026-жылдагы парламенттик шайлоо экени, ал эми Мадьяр өлкөнүн премьер-министринин кызмат ордуна умтулары айкын болду.
"Кежир саясатчы"
Мадьяр катаал миграция саясатын жактайт, ЛГБТ коомчулугунун укуктарына байланышкан суроолорго этияттык менен жооп берет.
Венгрияда бийликчил медиа каражаттары үстөмдүк кылган шарттарда Мадьяр жана анын тарапкерлери социалдык тармактарда ар бир добуш үчүн кармашып келишти.
Бирок, албетте, Мадьярдын ийгилигинин эң маанилүү фактору – анын жүз миңдеген мекендештери өзгөрүүлөргө үмүт кылып турушат. Ошол себептен түрдүү көз караштагы адамдар Мадьярдын тегерегинде биригишүүдө. "Венгриянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн адегенде анын лидерин алмаштырыш керек, андан кийин эмне болорун көрө жатарбыз", дешет шайлоочулар.
Петер Мадьяр бийликке келгенден кийин Украина менен Венгриянын терең кризистеги мамилелери оңолобу деген суроо ачык бойдон калууда. Бир жагынан, будапешттик эксперттер, премьер-министр Мадьяр тышкы саясатта Будапешт менен Брюсселдин ортосундагы бир топ начарлап кеткен мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасай турганын айтышууда.
Экинчи жагынан, Венгрияны коому бир нече жылдан бери Украинага каршы үгүт билдирүүлөрдү угуп келди.
"Мадьярдын жетекчилиги астында Венгрия Евробиримдиктин (Украинага) 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүсүнө вето коюудан баш тартабы?" деген суроого "Тисанын" позициясы менен тааныш булак "бул коомдук пикирден көз каранды болот" деп жооп берди", - деп жазды Politico.
Мадьярдын мурдагы кызматкерлеринин бири аны кежир деп сыпаттады. Ал эми 2022-жылдагы парламенттик шайлоодо бирдиктүү оппозицияны ийгиликсиз жетектеген Ходмезервашархей шаарынын мэри Петер Марки-Зай аны текебер жана өзүмчүл деп мүнөздөйт.
Мадьярдын мурдагы өнөктөшү, ишкер Деже Фаркаш Politico басылмасына "Тиса" партиясынын ичиндеги маанай барган сайын Виктор Орбандын "Фидесине" окшоп баратканын билдирди.
Байкоочулар Мадьяр журналисттердин баары менен эле маектеше бербестигин, командасынын бардык мүчөлөрүнө маектешүүгө тыюу салганын белгилеп жатышат – алардын айрымдары гана журналисттерге кыска комментарий бере алышат. (ZMa)