Ташиевдики делген телеканалда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Сүрөттүн булагы, Social media
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген "Регион" телеканалынын директору, андан кийин анын орун басары катары иштеп келген Өткүрбек Рахманов кызматтан кетип жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Жамаатым менен коштошуп, тийиштүү иш-кагаздарын өткөрүп бердим", - делет анын 13-июлдагы билдирүүсүндө.
Рахманов телеканал жети жыл мурдараак түптөлсө дагы, өзүнүн аудиториясын топтогонго, эл арасында өз ордун табууга жетишкендигин белгилеген.
"Мага ишеним арткан адамдардын ишеничин актадым деп ойлойм",- деди Рахманов.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү "Регион" телеканалы кайра каттоодон өтүп, кожоюну быйыл майда алмашканы белгилүү болгон.
Каналдын мурдагы директору Өткүрбек Рахмановдун ордуна майда Замирбек Аманбаев жетекчи болуп келген. Анда Өткүрбек Рахманов директордун орун басары болуп калган. Телеканалдын кожоюну катары Жыргалбек Токторовдун аты көрсөтүлгөн.
"Регион" каналына директорлук кызматка жаңы келген Замирбек Аманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен барган, бирок өткөн эмес. Ал саясатчы Акматбек Келдибековдун консультанты болуп иштеген.
Каналды буга чейин башкарып келген Өткүрбек Рахманов анда журналисттерге соңку кадрдык өзгөрүүлөр күтүүсүз болгонун айтып, мындан ары редакциялык саясат өзгөрбөй турганын айткан эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Телеканал Ташиев кызматта турганда аны колдоп-коштоп, позициясын чагылдырып, интервьюларын жарыялап келген. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүн, активисттерди жана оппозициячыл саясатчыларды каралаган материалдарды утур-утур чыгарып турган.
Өткүрбек Рахманов Камчыбек Ташиевге жакын тарапташы катары таанымал. Ал Камчыбек Ташиев кызматта турганда жана андан кийин да анын атынан билдирүүлөрдү жарыялап келген.
57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген. Президент Ташиевди быйыл 10-февралда кызматтан бошоткондон кийин ага кылмыш иши козголгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-июлда "75чилердин каты" деп аталган резонанстуу кылмыш иши боюнча УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамды "Бийликти күч менен басып алууга" күнөөлүү деп таап, аларды мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен эркиндикте калтырылды. Прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.
































