Адылбек Касымалиев: тышкы карыз боюнча кооптонууга негиз жок
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын тышкы карызы учурда өлкө үчүн көйгөй жаратпай турганын билдирди. Акипресс маалымат агенттигине берген маегинде кыргыз өкмөт башчысы мамлекеттик карызды баалоодо анын көлөмүнөн көрө анын ички дүң өнүмгө (ИДӨ) болгон катышы маанилүү экенин айтты.
"Азыркы учурда тышкы карыз биз үчүн көйгөй жаратпай эле. Аны балоодо анын көлөмү мисалы, 10 же 15 миллиард долларга жетти экени эмес, ИДӨгө болгон катышы аркылуу баалоо керек. Азыр ИДП бизде 2 триллион сомго жетти", - дейт Касымалиев.
Өкмөт башчы, эгер мурда мамлекеттин эсебинде 100 сом болуп, тышкы карызы ар кайсы президенттердин: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун тушунда 120, 80, 60 же 68 сомго барабар болгондой болсо, азыр бул көрсөткүч 39 сомду түзүп жатканын айтууда.
Адылбек Касымалиев айтымында, буга чейинкиден айырмаланып, азыр алынган насыялар ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталып, келечекте бюджетке кошумча жүк жаратпайт.
Өкмөт башчысы 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард сомду, ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмү 640 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мына ошол учурда тышкы карызды төлөө маселеси олуттуу болгон.
Ал ошондой эле президент мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн 50 пайызынан ашпоосу керек деген чектөө койгонун белгилеп, өкмөт бул принципти карманарын айтты.
Каржы министрлиги билдиргендей, быйыл март айындагы маалыматта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз.
Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев июнда парламент жыйынында мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7% түзөрүн, бул көрсөткүч 2030-жылы 23% болгонун айткан.
































