Индиянын консулу Кыргызстандагы индиялык студенттердин тагдыры тууралуу маселе көтөрдү

сүрөт-иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, сүрөт-иллюстрация
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектеги Индиянын консулу Кыргызстандагы индиялык медициналык студенттердин келечегине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Консул бул маселени 10-июлдагы Бишкекте өткөн брифингде көтөрүп, учурда Кыргызстанда 16 миңдей индиялык студент медициналык билим алып жатканын айтып, мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калган жогорку окуу жайларда окуган студенттердин мындан аркы тагдыры кандай болоруна кызыкты.

Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге Индиянын Бишкектеги элчилигинен ырасташты. Бирок дипломатиялык өкүлчүлүк бул маселени элчи Бирендер Сингх өзү эмес, билим берүү маселелери боюнча консул көтөргөнүн тактады.

Агартуу министрлиги былтыр өлкөдө 24,5 миң чет өлкөлүк студент билим аларын, алардын 51,5 % Индиянын жарандары экени тууралуу маалымат тараткан.

Брифинге көтөрүлгөн бул суроого Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Гүлмира Жумалиева жооп берип, аккредитациядан өтпөй калган окуу жайлардын студенттери сапаттуу билим берүү талаптарына жооп берген ЖОЖдорго которуларын айткан.

"Аккредитациядан өтпөй калган жогорку окуу жайлардын студенттери сапаттуу билим берген окуу жайларга которулат. Бул студенттердин кызыкчылыгын коргоо жана алардын сапаттуу билим алышын камсыз кылуу үчүн жасалып жаткан иштер" – деди Жумалиева.

Июнь айында Кыргызстандагы 13 медициналык жогорку окуу жайы мамлекеттик аккредитациядан өтпөй, жаңы студенттерди кабыл алуу жана диплом берүү укугунан ажыраган. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуу жайлар жабыларын, ал эми студенттер мамлекеттик аккредитациядан өткөн башка жогорку окуу жайларга которуларын билдирген.

"Мамлекеттик аккредитация бардык окуу жайларда жүргөнүн укканбыз. Мен окуган Эл аралык университет текшерүүдөн ийгиликтүү өттү. Бирок RMU өңдүүлөр өтпөй калды."Роэль Метрополитен" университетин ушинтип атайбыз. Анда окугандарды которулат деп угуп атабыз. Аккредитациядан өтпөй калган окуу жайлар, студенттерди бир-эки семертр күтүп тургула деп атыптыр, аккредитациядан кайра өтүп калабызбы дегендей. Студенттердин азыр башы маң болууда" - дейт индиялык студент Жалил Ахмад.

Аккредитациядан өтпөй калган окуу жайлардын тизмесине: "Авиценна" университети, "АДАМ" университети, "Роэль Метрополитен" университети, "Альтамими" университети, "Ала-Тоо" университети, "Евразия" университети, Эл аралык медициналык университет, Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту, Салымбеков атындагы университет, Бишкек медициналык институту, Эл аралык медицина жана илим университети, Борбор Азия медициналык университети жана Ош медициналык университети кирген эле.

Министрликтин маалыматына ылайык, төрт медициналык жогорку окуу жайы алты жылдык мамлекеттик аккредитациядан өткөн, дагы жети окуу жайына аккредитация бир жылга берилген.

Быйыл январь айында президент Садыр Жапаров медициналык жогорку окуу жайларын мамлекеттик аккредитациядан милдеттүү түрдө өткөрүүнү караган мыйзамга кол койгон.