"Мен дагы периште эмесмин". Активист Тилекмат Кудайберген уулу ким?

- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Фейсбукта Күрөңов деген атасынын фамилиясы менен белгилүү) соту уланды. Ал жана анын адовкаты айыптоолорду четке кагууда. Талаштуу билдирүүлөрү талкуу жараткан активисттин сотуна жана ага байланыштуу негизги бардык жагдайларга токтолобуз.
Башына кара кепка, кара кийим кийген Тилекмат Кудайберген уулу сот залынан конвойлордун коштоосунда өттү. Жараян башталганга чейин журналисттер ага бир нече суроо бергенге үлгүрүштү. Ал Би-Би-Синин айыптоолор канчалык негиздүү деген соболуна "негизсиз" деп жооп кайтарды:
"Себеби мен койгон талаптардын көбү аткарылды. Кемпир-абадчылар акталды. Ташиев кызматтан кетти. Көбү аткарылды. Мен күнөөлүү эмесмин. Мага төрт берене боюнча айып коюлуп жатат, бирин дагы мойнума албайм".
Тилекмат Кудайберген уулу ага тергөө абагында кыйноо колдонулганбы жокпу деген суроого ачык жооп кайтарган жок. "Бул боюнча азыр комментарий бербегеним туура болот го дейм" деп, абалы азыр канааттандыраарлык экенин гана билдирди.
Былтыр ал сотко аксап, таяк таянып келген. УКМК да, ошол кездеги анын жактоочусу да муну анын бел оорусу бар деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.
Бүгүн активист айрым жагдайлар боюнча күнөөлүү экенин да ырастады:
"Айрым учурда эмоцияга алдырдым. Себеби менен туугандарыма чейин УКМК иш козгоду. Ошол үчүн айрым учурда эмоцияга алдырдым. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Жекеликке өтүп кеткен учурларым болгон. Жекеликке өтүп кеткен учурларым үчүн кечирим сурадым".
Залга судья кирип келип, сөз үзүлдү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Активисттин ишин карап жаткан судья Болотбек Абдуллаев каза болгондуктан, вазыйпа баша судьяга - Уланбек Туманбаевге жүктөлгөнү, ошол себептен сот отуруму кайра баштан каралып жатканы белгилүү болду. Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу активисттин Фейсбукта жарыялаган ар бир билдирүүсүн окуп жатты. Ал соттук медициналык-лингивистикалык экспертизага ылайык, анын билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алууга чакыруу аракеттери, чагымчылдык болгонун белгиледи.
Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси - Бийликти күч менен басып алуу; Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар; Жапырт баш аламандыктарды уюштуруу; Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.
Активисттин жактоочулары да, жакындары да бул айыптоолорго макул эмес.
"Албетте, кемчилик болду. Өзү деле мойнуна алып, пенде болгондон кийин кемчилик болот экен деп жатпайбы. Жекелик жагына, адамдык касиетине өтүп кетти да. Бирок бийликти басып алууга аракет жасаган эмес. Өтө эле оор беренелер коюлган", - деди атасы Кудайберген Күрөңов.
"Бул жерде талаштуу маселелер бар. Анын билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу же жапырт башаламандык уюштуруу болгон эмес. Анын талаптары Кыргызстан жаранынын Конституцияда бектитилген фундаменталдуу укуктарынын алкагындагы эле болгон. Ага тагылган айыптоолор далилденген эмес. Мен ал толугу менен акталышы керек деп эсептейм", - деди жактоочусу Асел Аргымбаева.
Кылмыш ишинин материалдары өтө көлөмдүү болгондуктан, алгачкы отурумда прокурор айыптоо актысын окуй баштаган жана ал бүгүн да бүткөн жок. Кийинки соттук отурум 7-августка жылдырылды.
Тилекмат Кудайберген уулу ким?

Тилекмат Кудайберген уулу 40 жашта. Нарын облусуна карашатуу Кочкор районундагы Чоң-Туз айылында туулган, бирок Ысык-Көлдө чоңойгон. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Жакындарынын айтымында, ал ар кыл жумушта иштеген, миграцияда дагы жүргөн.
Тилекмат Кудайберген уулунун ысымы коомчулукка 2020-жылы, өлкөнү Сооронбай Жээнбеков башкарып турганда белгилүү боло баштаган. Ал 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирген. Ушул эле жылы декабрда "Жетим-Тоону коргоо" боюнча кыймыл түзгөн. Жакындары дал ошондон тарта ага каршы кескин куугунтуктоо башталганын белгилеп келишет. Кийин ал "Ханституцияга каршы" деп аталган топко мүчө болгон.
Активит 2021-жылы "Республика" партиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо "Туран" партиясынан атынан талапкерлигин койгон.
Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти күч менен басууга чакырык жасаган деген айып менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.
Ушул эле жылы августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Тергөө Куренов 2020-жылы "Республика" партиясынын атынан шайлоого катышканда шайлоочулардын добушун сатып алган деген кине койгон.
Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы сентябрда эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.
Кийинчерээк ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга алмаштырууга каршы чыккан активист жана саясачылардын катарына кошулуп, нааразылык билдирген.
Ошол эле жылы активист-саясатчылар тобунун отузга жакын мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.
Кошмо Штаттара жашап жатканда да ал кыргыз бийлигин сындап келген. 2024-жылы 10-январда УКМК аны "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.
Атайын кызмат 2025-жылдын 19-апрелинде активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кудайберген уулу кармалган учурда ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп билдирген.
"Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
2026-жылдын февралында ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.
Жоголгон паспорт. Тилекмат Кудайберген уулу жана мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев

Тилекмат Кудайберген уулу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев ортосундагы байланыш 2024-жылдын ноябрында Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуудан кийин коомчулукка белгилүү болгон.
Тилекмат Кудайберген уулунун маалыматына караганда, Жамгырчиев аны Дубайга оппозициялык көз караштагы адамдардын жолугушуусу болот деп чакырган. Активисттин айтымында, Жамгырчиев менен жолуккандан көп өтпөй ал мейманканадагы бөлмөсүнөн паспортунун жоголгонун байкап, полицияга кайрылган. Бул окуядан кийин кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен Дубай полициясы аны кармаган. Кийин ал бошотулганы менен паспорту жок болгондуктан өлкөдөн чыга албай калган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде 19-апрелде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган.
Өз кезегинде Жамгырчиев Тилекмат менен байланышта болгонун ырастаган, бирок анын версиясын четке каккан. Ал активистке үй-бүлөлүк кыйынчылыктардан улам каржылык жардам көрсөткөнүн, Дубайдагы жолугушууга чейин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Ошондой эле Жамгырчиев Тилекмат алардын сүйлөшүүсүн жашыруун жаздырып алып, кийин аны жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылган деп доомат койгон. Бул окуядан кийин атайын кызмат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырып, алардын Дубайдагы жолугушусунун жагдайларын териштирген.
Эмил Жамгырчиев өткөн аптада жергиликтүү журналиттердин бирине маек куруп, Кудайберген уулунун паспортун албаганын дагы бир жолу айткан:
"Жөн эле паспортум жоголуп кетти деп койсо, кызымды уурдап кетти деп койсо, же мени зордуктап койду деп койсо деле ошого ишенишибиз керекпи? Ишенсеңиз, далил эмнеде? Эмнеге ишенишиңиз керек?"
Мындан соң абакта отурган Тилекмат Кудайберген уулу кечээ, 9-июлда абактан кат жазып, Жамгырчиевдин айткандарына жооп кайтарган:
"2025-жылы 10-апрелде Дубайдан уурдалып, дайынсыз бир жума жертөлөдө жатканымда, жакындарым кандай гана кыйын күндөрдү башынан өткөрүшкөн жок. Ошол жертөлөдө жатканымда, кийин УКМКга кармап келгенде, эртең менен ойгонбой калышымды тиленген күндөр, түндөр өттү. Тергөөдөгү беттешүүдө Куранга колуңду коюп: "Атам катуу ооруп жатат, балам рак оорусуна чалдыгып калды, мени артыңан сүйрөп кетпе", деп көзүңдү жашылдантып, ыйламсырадың. Паспорттун айынан апам дагы мени менен сүйлөшпөй калды, адвокатың коомчулукка, ММКга "Жамгырчиев паспортту алган эмес" деп айтып койсунчу", деп сурандың. 2025-жылкы күздөгү шайлоого катышарыңды айттың. Эми элдин башын айландырып жатасың".
Кудайберген уулу ушул эле катта айрымдардын жекелигине өтүп, сындаганы үчүн күнөөлүү экенин да жазган.
"Мен эски дептерди жаап, жашоого жаңы максаттарды койдум. Кудайдан тилегеним — бөтөн жерде, тагыраагы АКШда жүргөн үй-бүлөмдүн амандыгы. Мен түрмөдө отурганда менин жакындарым менен бир нерсе боло турган болсо, анда мага эркиндиктин кереги жок. Андай эркиндик көптөргө жана өзүмө зыян алып келет. Ооба, мен дагы периште эмесмин. Айрымдардын жекелигине өтүп сындаганым үчүн күнөөлүмүн. Мени дагы кечирип койгула".
Тилекмат Кудайберген уулу жана Имамидин Ташов

Тергөө Тилекмат Кудайберген уулу менен KG Group компаниясынын кожоюну Имамидин Ташов бири-бири менен кутумга барып, социалдык-күнүмдүк маселелерди колдонуу менен деструктивдүү маанайдагы адамдар менен жапырт митинг өткөрүп, бийликти күч менен басып алууну пландаган деген кине койгон.
2024-жылы 9-январда Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасына KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусун жарыялаган. Видеодо ишкер 2023-жылы 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери аны сегиз күн белгисиз жерде күч менен кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.
"Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Күрөңов "100 миллион деп коё бер, эл ишене берет" деп жатат", -деген УКМКнын ошол кездеги төрагасы.
Бир күндөн кийин, 10-январда Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлган.
Ишкер айыптоолордун баарын четке кагып келет. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айткан. Ал гана эмес өзүнө бир нече жолу кол салып, ачкачылык да жарыялаган.
Камакка жеткирген кат. Тилекмат Кудайберген уулу жана укук коргоочу Рита Карасартова

2025-жылдын 14-апрелинде укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн Фейсбук баракчасына Тилекмат Кудайберген уулу алдын ала жазып кеткен катты жарыялаган. Карасартованын айтымында, Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарында жүргөндө байланыш үзүлүп калса же өзү дайынсыз жоголсо, бул катты коомчулукка чыгарууну өтүнгөн. Ал катта активист өзүнө карата куугунтук болушу мүмкүн экенин айтып, үй-бүлөсүнө жана коомчулукка кайрылуу калтырган.
Кат жарыялангандан көп өтпөй милиция Карасартованын Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргүзүп, аны суракка алып кеткен. Кийинчерээк ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылган.
Тергөө органдары Карасартова Кудайберген уулу жана анын шериктери менен сүйлөшүп аракеттенген, ал эми катты жарыялоо координацияланган аракеттердин белгиси болгон деп эсептегенин билдиришкен.
Рита Карасартова бул айыптарды четке кагып, катты адам дайынсыз жоголду деген кооптонуу менен гана жарыялаганын билдирген.
"Көрсө, Күрөңовдун мага аманат катары тапшырган катын мен "бийликти басып алууга белги" катары жарыялапмын. Кат чыгары менен жети дубандын эли көтөрүлүп, бийликти басып алышмак экен. Анан Чүй облустук ички иштер башкармалыгы ушундай чоң ишти алдын алыптыр. Дүкөнчү бир кыз, жумушсуз бир бала анан мен үчөөбүз ушундай бир төңкөрүш уюштурмак экенбиз", - деген Карасартова.
Жактоочулар жана эл аралык укук коргоо уюмдары Карасартованын кармалышын сөз эркиндиги жана укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн куугунтук катары баалашкан.
Ушул эле жылы 18-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту укук коргоочуну Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жыл пробациялык жаза берип, сот залынан бошоткон. Ал эми "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салган. Шаардык сот кийин өкүмдү күчүндө калтырган.
Рита Карасартовадан тышкары бул ишке байланыштуу дагы үч адамга айып коюлган. Свердлов райондук сотунун судьясы аларга да ушундай эле чечим чыгарган.
































