BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
"Артында үч баласы калды". Аксыда 34 жаштагы келин асынып алганы айтылды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 34 жаштагы келиндин асынып алгандыгы айтылды. Маркум Гүлзат Курманбекованын жакындары ал жолдошунун зомбулугунан улам каза болгонун айтып, тергөө акыйкат жүрүшүн талап кылууда. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 9-августта катталган. Учурда тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Өкүм макулдашылган эмес". Ташиевдердин соту, жактоочулардын өтүнүчү
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин" ишине байланыштуу жараян уланды. Сот жабык өтүп жатат. Мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сот адилеттиги орношу керектигин айтты:
Корумду: Жоголгон үч альпинисттин сөөгү болушу мүмкүн делген белгилер табылды
Кыргызстанда Корумду тоосунда дайынсыз болуп жаткан үч альпинистти издөө учурунда алардын сөөктөрү болушу мүмкүн делген белгилер табылды. Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыккандан кийин 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана 37 жаштагы Сергей Рубцов эки жумадан бери бери дайынсыз болуп жаткан. Алар - Литванын жана Беларустун жарандары.
Украина-Орусия: Соңку чабуулдар 14 адамдын өмүрүн жалмады
Орусия Украинанын дем алыш күндөрдөгү чабуулунан кеминде жети киши каза тапканын билдирди. Расмий жетекчилер бул соккуларды Киевдин 2026-жылдагы эң ири чабуулу деп сыпатташты. Орусиянын Украинадагы чабуулдарында да бир нече кишинин өмүрү кыйылды.
Катар үч ирандык учкучту туткунга алганын четке какты
Иран өзүнүн үч учкучун бошотууга чакырды. Ирандын ырасташынча, АКШ менен согуш башталганда эки истребителди абадан коргонуу системасы атып түшүргөндөн кийин учкучтар Катардын колуна түшүп калышкан.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Кумтөрдүн акчасы кайда кетип жатат?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген соңку маегинде өлкөнүн экономикалык абалына байланышкан суроолорго да жооп берди. Интервьюнун жарымын ушул багыттагы суроо-жооптор түздү. Анда Кумтөр кенинин иши, тышкы карыз, чет өлкөлүк инвесторлор менен иштөө жана башка маселелер көтөрүлдү. Анын айрымдарына токтолобуз.
"Артисттер ачка жүрүп калды": Цирктеги чатак
Кыргыз мамлекеттик циркинин айрым артисттери кайрадан нааразы болуп чыгышты. Алар айлыктын аздыгына, жетекчиликтин мамилесине нааразы.
"Мен камагыла деп айтпайм". Жапаровдун сөз эркиндиги жөнүндө пикири, эксперттердин реакциясы
"Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигин эске албаганда, президент медиа өкүлдөрү менен өтө сейрек маектешет. Ушул тапта Журналист Али Токтокуновго берген интервьюсу талкууда. Биз алардын бир бөлүгүнө гана токтололу. "Медиахабдын" жетекчиси Садыр Жапаровго адам укуктары, сөз эркиндиги жөнүндө да суроо узатты.
Түркия менен Күрт жумушчу партиясынын тынчтык жараяны алдыга жылууда. Бирок күрттөрдү эмне кооптондурат?
Тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын мүчөлөрүнүн Түркияга кайтып келишинин укуктук негиздерин аныктаган мыйзам күрттөрдү колдогон чөйрөлөрдө жалпысынан жакшы кабыл алынды. Бирок мыйзам чечилбей калган маселелер боюнча да талкууларды жаратты.
Кыргызстан "карын эне борборуна" айландыбы?
Борбор Азияда Казакстандан кийин эле эми Кыргызстан да суррогат энеликти коммерциялаштырууга каршы мыйзамдык чара киргизгени жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандык аялдардын чет элдиктер үчүн карын эне болуусуна тыюу салынат.
Жапония: шаар тургундары мечиттин курулушуна каршы
Токиодон түштүккө карай бир сааттык аралыкта жайгашкан, деңиздин боюндагы Фудзисава шаарында мечитти куруу пландары калаа тургундарынын арасында ар кандай эмоцияларды жаратты. Шаар тургундары ачууланып жатканын да, коркконун да байкоого болот, ошондой эле аларда үмүт жана моюн сунуу да бар. Калкынын саны азайып, картайып бараткандыктан Жапонияда жумушчу күчү тартыш болууда.
"Дебатка чакырам". Садыр Жапаров Теңиз Бөлтүрүктүн Кумтөр боюнча сындарына жооп берди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн кенди Кыргызстанга алуу боюнча айткан сындарына жооп берди. Ал Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча узактан бери алектенип келгенин белгилеген. Канадада жашаган Теңиз Бөлтүрүк буга чейин Кумтөрдү башкаруудагы ролу жана кенди Кыргызстанга өткөрүү процесси тууралуу бир катар билдирүүлөрдү жасап, президент Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырган.
"Наркоэпидемиядай эле болуп жатат": Жер-жерлердеги маңзат көйгөйү
Соңку айларда интернет айдыңында жер-жерлерде маңзат каткандар тууралуу видеолор көп тарай баштады. Аны жергиликтүү тургундар тартып, маңзатка каршы күрөшүүгө чакырган ураандар менен социалдык тармактарга жарыялап жатышат. Би-Би-Си ошондой айылдардын бирине барып жетинен кабар алды.
"Президенттик шайлоого катыш дегем". Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу суроого жооп берди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, алардын мамилеси жана Ташиевдин саясий келечеги тууралуу кенен комментарий берди. Жапаров бул тууралуу 13-августта журналист Али Токтакуновго берген видео маегинде айтты.
Адвокат: Прокурорлор Ташиевди түрмөгө камоо жазасын сурашууда
Бишкек шаардык сотунда 13-августта "75чилердин каты" боюнча кылмыш ишин кароо уланды. Прокуратура шаардык соттон Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, баш болгон сегиз адамды абакка кесип, жазаны катаалдаштырууну сураганы белгилүү болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.
Иран АКШ менен согушта канчага чейин туруштук бере алат?
Иранда жети ай мурда башталган согуш анын экономикасына жана инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип жатканына карабастан, Тегеранда чечим кабыл алгандар согушту токтотууга анчалык деле ынтызар эместей.
"Жапон элинин сезимдерин мазактайт". Путин Курил аралдарына биринчи жолу барып, Токионун кескин нааразылыгын жаратты
Орусиянын президенти Владимир Путин Курил аралдарына биринчи жолу барды. Аралдардын кимге таандыктыгын талашып келген Жапония буга байланыштуу Орусияга нааразылык билдирди. Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити Путиндин сапары Жапониянын Орусияга болгон мамилесин начарлатканын айтты.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.















































