"Коштоштум, асынам деп кампага кирдим": Эрте никеге туруп, тагдыры талкаланган келин

Эрте нике
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

"Жашагым келбей, жашоодон тажап кеттим. Ошол түнү балдарымды уктатып, аларды кайра-кайра өөп-жыттап, көпкө чейин ыйладым. Гусул алып, кампага жөнөдүм. Башымдагы жоолугумду чечип, темирге байлап, өзүмө кол салууну ойлодум…",- деп сөз баштады өзүн Назира (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган келин.

Назира жашы жете электе турмушка чыккан кыздардын бири. Ал 11-классты окуп жүргөндө, болгону 17 жашында ата-энеси кудалаштырып күйөөгө узаткан.

"Элдей болуп сүйүшүп, бири-бирибизди таанып турмуш курган жокпуз. Баш кошконго чейин жолдошумду бир да жолу көргөн эмесмин. Атам башында каршы болду. Бирок апам көндүрүп, турмушка берип койду. Өзүм дагы жаш элем. Күйөөгө тиет деген ушул экен деп, ата-энемдин сөзүнөн чыга алган жокмун",- деп эскерет ал.

Ошентип, Назира туулуп-өскөн Баткен облусундагы айылдардын бирине өзүнөн сегиз жаш улуу жигитке турмушка чыгат.

Мектеп партасынан башка нерсе көрө элек кыз үчүн жаңы үй-бүлөгө көнүү оор болгонун айтат.

"Тил табыша алган жокпуз. Жаш болдукпу же бири-бирибизди такыр тааныбай баш кошконубузданбы, айтор түтүн булатып кетүү оңой болгон жок. Кайненемден дагы жылуу мамиле көргөн жокмун. Анда "бул азыр жаш, жаңылат, акырындап үйрөнөт" деген түшүнүк болгон жок. Тескерисинче, тили тийди. Оор сөздөр менен кемсинткен учурлар болду. Кайненемди көргөндө коркуп калчумун. Көп өтпөй жолдошум кол көтөрө баштады. Болбогон эле нерсеге ачууланып, чачымдан сүйрөп сабаган күндөр болду. Кээде эшикке чыгарып коюп, кийимдеримди артымдан ыргытып, "кет" деп кубалачу. Ошонун баарын кайненем көрүп, билип турса да уулуна бир ооз "кой" деп айтчу эмес",- деди Назира.

"Көп өтпөй боюмдан түшүп калды"

Турмушка чыккандан көп өтпөй кош бойлуу болот. Бирок ал кезде Назира өзү да али бала эле. Кош бойлуулук эмне экенин, анын жоопкерчилигин толук түшүнө элек болчу.

"Боюмда болуп калганын деле билген эмесмин. Көп өтпөй боюмдан түшүп калды. Себебин деле билген жокмун. Балким, организмим даяр эмес беле, балким, эрте турмуш куруунун кесепети болдубу. Ал кезде мындай нерселерди ойлонууга да акылым жетчү эмес да",- деп эскерет келин.

Назира жолдошу экөө айылда, кайын журту менен бирге туруп калат. Көп өтпөй экинчи ирет кош бойлуу болот. Дал ошол учурда жолдошу аны айылда ата-энеси менен калтырып, жумуш издеп шаарга баса берет.

"Кош бойлуулугум аябай оор өттү. Өзүм дагы жаш элем. Кош бойлуу аял өзүн кантип карашы керек, эмне кылышы керек экенин айтып, кеңеш берген эч ким деле болгон жок. Бала болсом дагы чоң үй-бүлөнүн бардык түйшүгү менин мойнумда эле. Үйдө он чакты киши жашачу. Баарына тамак жасайм, кир жууйм, үйдүн түйшүгү толук мойнумда эле. Жалгыз кайын журт менен калуу деле кыйын экен. Толгоом да оор болуп, өзүм төрөй алган жокмун. Дарыгерлер операция кылып баланы алышты. Ошол учурда жолдошум шаарда жүргөн. Бир да жолу "абалың кандай, эмне болуп жатасың?" деп кабар алган жок. Акыры апам келип алып кетти. Төркүнүмдө жүрүп тыңыдым",- деди ал.

Назира

"Өлүп эле калайын деп ойлондум"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Назиранын айтымында, жолдошунун туруктуу жумушу жок болгон. Ошентип көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу жакшы киреше табууну көздөп ал Орусияга кетет. Бирок бул алардын жашоосун өзгөртө алган эмес.

"Ал келгенде жашообуз оңолот деп аябай үмүттөнгөм. Бирок андай болгон жок. Кайра эле баягы нерселер кайталанды. Улам бир аял менен кармала баштады. Өзү аябай кыз жандуу эле. Биз менен сүйлөшпөйт, балдарды карабайт. Мага болгон мамилеси мурдагыдан да муздап кетти. Менин көзүмчө эле ар кайсы аял менен ачык сүйлөшүп калды. Үйдө бир сындырым нан жок, коңшулардан нанга акча сурап жашап калдык. Ичип алып, буту-колун сындырып келген күндөр болду",- деп эскерет келин башынан өткөргөн күндөрүн.

Ошондой күндөрдүн биринде ал жолдошу менен ачык сүйлөшүп, үй-бүлөсүн сактап калууга аракет кылат. Бирок бул сүйлөшүү дагы жаңжал менен аяктайт.

"Ал мени уккусу келген жок. Сөгүп-сагып абдан оор сөздөрдү айтты. Катуу сабады. Ошондо көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды. Жашагым келбей, жашоого тоюп кеттим. Ажырашып төркүнүмө баргым келген жок. Баягынын кызы эрден чыгып келиптир деген сөздөн териктим. Биз жакта ажырашууну эл уят катары кабыл алат. Төркүнүмө барып элге сөз болгондон көрө өлүп эле калайын деп ойлондум. Гусул алдым. Балдарымды уктатып, алар менен коштоштум. Экөөнү тең өөп-жыттап, аябай ыйладым. Анан кампага жөнөдүм. Азыр ойлосом, бул эң чоң жаңылыштыгым болгон экен. Ошол учурда бир короодо 10-15 киши жашаган батирде турчубуз. Кошунам көрүп калып, токтотуп калды. Азыр ошол адамга миң мертебе ыраазымын. Учурда канчалаган кыз-келин өз жанын өзү кыйып жатат. Мен да ошолордун бири болуп калмак экенмин. Коңшумдун "кыйын болуп жатса ажыраш, өзүңө кол салба. Балдарыңды ойло" деген сөзү мени токтотту",- деди Назира оор үшкүрүп.

Назира

"Билим алгыла, эл аралап, дүйнө кезгиле"

2020-жылы алардын үй-бүлөсү биротоло бузулат. Ал убакта жубайлар эки баланын ата-энеси болуп калган эле. Учурда Назира балдарын жалгыз тарбиялап келет.

"Бала кезимде эле турмушка чыгып кеткендиктен билимимди уланта алган жокмун. Кичинемден дарыгер болууну кыялданчумун. Азыр жогорку билимим жок болгондуктан туруктуу жумуш табуу кыйын. Кайсы жерде жумуш чыкса ошол жакка барам. Бирде үй жыйнайм, бирде бала карайм. Тапкан акчам батирдин ижарасы менен тамак-аштан ашпайт. Ашырып деле акча жыйнай албайм",- деди ал.

Назира эгер ата-энеси аны мектеп жашында турмушка узатпай, окуусун улантууга мүмкүнчүлүк бергенде жашоосу таптакыр башкача болмок деп эсептейт.

"Жаш кыздарга турмушка чыгууга шашпагыла деп айткым келет. Адегенде билим алгыла, эл аралап, дүйнө кезгиле. Билимиң жок болсо жакшы жумуш табуу да кыйын. Мага окшоп жалданма жумуштарда иштеп каласыңар дейт элем. Акыл токтотуп, ак-караны ажырата баштаганда гана турмуш кургула дегим келет. Жолдошуң жакшы чыкпай калса, мага окшоп жашооң бир заматта бузулат. Учурда мектепти бүтө электе турмуш куруп, бала төрөгөн кыздар көбөйүп жатат. Аларга убактылуу нерселерге азгырылбай билим алгыла дейт элем",- деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда эрте никенин кесепетинен 320 өспүрүм кыз эне болгон. Алардын арасынан төрт-беши 13-14 жашында төрөгөн. Калганы 15-17 жашында көз жарган.Укук коргоочулар кыздарды эрте турмушка берүү маселеси менен олуттуу күрөшүүгө чакырууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы 17 жашка чейинки 40ка жакын кыз боюнан алдырган.

Эл аралык байкоолорго караганда, Кыргызстан Борбор Азияда эрте нике көп катталган өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунда турат.