Күйүүчү май кризиси: Борбор Азия өлкөлөрү кандай чараларды көрүүдө?

Казакстан

Сүрөттүн булагы, Bloomberg / Contributor/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан
    • Author, Санжар Эралиев, Алибек Бейжанов
    • Role, Би-Би-Синин Өзбек кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусиядагы күйүүчү май кризиси Борбор Азияга да таасирин тийгизүүдө. Кайсы өлкө кандай чараларды көрүүдө? Ким жаңы камсыздоочуларды издеп жатат, ким көзөмөлдү күчөтүүдө, ал эми Өзбекстанда резервдер канча мөөнөткө жетет?

Орусия өкмөтү өлкөдө май айынын аягынан бери уланып жаткан күйүүчү май кризисине байланыштуу 8-июлдан 31-июлга чейин дизелдик отунду экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Александр Новак президент Владимир Путиндин катышуусундагы өкмөттүк жыйында билдирди. Кийинчерээк муну Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы да тастыктады.

Орусиядагы күйүүчү май кризисине Украинадагы согуш учурунда айрым мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрон чабуулдары да таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстан: жаңы камсыздоочулар изделүүдө

Күйүүчү майдын 90–95 пайызын Орусиядан импорттогон Кыргызстанга кризистин кесепети көбүрөөк тийчүдөй. Расмий бийлик июль айынын башында учурдагы резервдер 30–40 күнгө жетерин билдирип, чукул арада альтернативдүү камсыздоочулар менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

Бишкек Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада Кытайдан 3 миң тонна авиациялык керосин май алуу боюнча биринчи келишим бекитилди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кошумча 5 миң тонна дизелдик отун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи. Беларус менен болсо 3 миң тонна авиациялык күйүүчү май жана болжол менен 10 миң тонна дизелдик отун жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду.

Өзбекстан да Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макул болгонун энергетика министри Алтынбек Рысбеков 8-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, өкмөт учурда казак тараптын жообун күтүүдө.

"Бул маселе боюнча Ирандын жана Түркмөнстандын бул жердеги элчилери менен да сүйлөштүм. Бул жаатта бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз", - деди Рысбеков.

Ички рынокто бааларды туруктуу сактоо максатында өкмөт май айынан баштап күйүүчү май ташуучу жана сатуучу компанияларга убактылуу субсидияларды бөлүп берүүдө. Ошондой эле, АИ-95 бензини мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу товарлардын тизмесинен чыгарылды. Бул компанияларга өздүк нарк жогорулаган учурда сатуу баасын көтөрүү укугун берди.

Өкмөт бул чечимди "экономикалык коопсуздукту камсыздоо, калкты күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин колдоо" максаты менен түшүндүрдү. АИ-92 бензини жана дизелдик отун болсо мамлекеттик көзөмөлдө калууда.

Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын түрүнө жараша литри 79 сомдон 94 сомго чейин сатылууда.

Тажикстан: мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүүдө

Тажикстан да мунай продуктыларынын жана суюлтулган газдын 70 пайыздан ашыгын Орусиядан алат.

Жергиликтүү басылмалар өкмөт Ирандан импортту көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын жазышууда.

Asiaplus басылмасы маалымдагандай, дизелдин тартыштыгы жана баалардын өсүшү фонунда Дүйшөмбү мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жолун тандаган. Өкмөт күйүүчү майдын жана суюлтулган газдын чекене бааларын катуураак көзөмөлдөө, жасалма түрдө бааны жогорулатуу учурларынын алдын алуу, ошондой эле туруктуу мониторинг системасын киргизүү чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, өлкө биринчи жолу жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдордо иштетүү үчүн чийки мунай импорттоо мүмкүнчүлүгүн да карап жатат. Бул келечекте импортко көз карандылыкты жарым-жартылай азайтышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Казакстан: этият кадамдар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аймактагы эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Казакстан да коңшу өлкөлөрдөн түшүп жаткан кайрылууларды этияттык менен баалап жатат.

Астана Кыргызстандын бензин жеткирүү тууралуу расмий кайрылуусун кабыл алганын тастыктады. Бирок өкмөт экспорт боюнча ар кандай чечим өлкөнүн ички рыногундагы резервдерди жана баанын туруктуулугун эске алуу менен гана кабыл алынарын билдирди.

"Өтүнүчтү канааттандыруу өлкө ичинде баалардын өсүшүнө алып келбейт", - деген 7-июлда энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев.

Анын айтымында, өлкөдөн күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу чаралары күчөтүлгөн. Чек аралаш өлкөлөрдөн келген жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар Казакстандын аймагына суткасына бир гана жолу кире алат. Бул тартип туруктуубу же убактылуубу — азырынча тактала элек.

Ошондой эле, укук коргоо жана чек ара органдары кошумча күйүүчү май бактары аркылуу бензин менен дизелди жашыруун алып чыгууга каршы көзөмөлдү күчөтүштү. Туткышбаев белгилегендей, бул чаралар мыйзамсыз экспорттук схемалардын алдын алууга багытталган.

Өзбекстан: мунай резерви 2–3 айга жетет

Энергетика тармагындагы кырдаалдын фонунда 6-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мунай-газ тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгына арналган жыйын өткөрдү.

Презентацияда үстүбүздөгү жылдын декабрь–январь айлары үчүн 120 миң тонна бензин резервин түзүү пландалганы маалымдалды.

Жыйындан кийин "Өзбекстан 24" телеканалына интервью берген энергетика министринин биринчи орун басары Умид Мамадаминов өлкөдөгү мунай продуктыларынын резерви жакынкы эки-үч ай үчүн жетиштүү экенин билдирди.

"Азыр геосаясий кырдаалда башка мамлекеттерде да энергетикалык коопсуздукка коркунуч жаралганын көрүп жатабыз. Ошондуктан мунай продуктыларынын резервин гана түзбөстөн, бул продукцияларды өндүрүүчү объектилерди өнүктүрүү өтө маанилүү. Учурда Өзбекстанда мунай продуктыларын өндүрүү көлөмү 1,2 млн тоннадан ашты. Мындан тышкары, жеке ишкерлер дагы 600–700 миң тонна продукция импорттоп жатышат. Ушул эсеп менен мунай продуктыларына болгон бардык муктаждыгыбыз жабылат", - деди ал.

BBC кабарчысы Ташкенттеги айдоочулар менен маектешкенде, алардын көпчүлүгү күйүүчү май кризисин азырынча сезе электигин айтышкан. Маектештер муну өлкөдөгү автомобилдердин басымдуу бөлүгү метан газы менен жүрөрү менен түшүндүрүшкөн.

2022-жылдагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстанда жеңил автоунаалардын 65 пайызы метан газы менен жүрөт. Бул азырынча мамлекет тарабынан жарыяланган эң акыркы жалпы улуттук көрсөткүч болуп саналат.