Москва облусу: дрон чабуулунан үч адам каза таап, бешөө жарадар болду

Сүрөттүн булагы, Андрей Воробьев/telegram
Орусиянын бир катар шаарларына жасалган украин дрондорунун чабуулунан Москва облусунда үч адам каза болуп, бешөө жарадар болду.
Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.
Ал социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, каза тапкандар Истра муниципалдык округундагы Пионерский айылынан жашашкан.
Мындан тышкары, Солнечногорск шаарында учкучсуз учак көп кабаттуу турак үйгө тийип, эки адам жабыркап, терезелер талкаланганын губернатор кабарлады. Бабкино айылында дагы эки жер үйгө зыян келтирилген, ал эми Можайскте эки терезе талкаланган деп белгилейт Андрей Воробьев.
Воробьевдун айтымында, түн ичинде "аймактын үстүндө 81 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлүп, зыянсыздандырылган". Анын билдирүүсүндө айтылгандай, "учкучсуз учактар Одинцово, Наро-Фоминск, Руза, Раменское, Можайск, Волоколамск, Чехов, Озера, Истра, Подольск, Ступино, Домодедово, Солнечногорск жана Коломнанын үстүнөн жок кылынган".
Буга чейин украиналык жана орусиялык телеграм-каналдар Подмосковьеде, анын ичинде Солнечногорсктеги кыйроолор жана жардыруулар тартылган кадрларды жарыялашкан.
Москванын мэри Сергей Собянин дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын борборуна жакындап келе жаткан 24 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Адаттагыдай эле Собянин чабуулдардын кесепеттери тууралуу жазган жок, болгону "сыныктар түшкөн жерде ыкчам кызматтардын адистери иштеп жатканын" белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Собяниндин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө караганда, жекшембинин экинчи жарымынан тартып Москванын аймагында 42 дрон атып түшүрүлгөн.
Дүйшөмбүгө караган түнү Росавиация Москванын Жуков аэропорту жабылганын жана Домодедовонун иши чектелгенин билдирди. Ошондой эле Нижний Новгород, Ярославль жана Краснодар аэропортторунун иши да чектелди.
Ал арада Владимир шаарында учкучсуз учак үйгө тийгенден кийин 39 адам эвакуацияланды. Владимир облусунун губернатору Александр Авдеев облустук борбордо учкучсуз учактын кулашынын кесепетинен "көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин терезелери талкаланганын" кабарлады. Анын айтымында, батирде адам болгон эмес, натыйжада эч ким жабыркаган жок.
Бирок Авдеев окуядан кийин "39 адам, анын ичинде 8 бала эвакуацияланганын" жазган. Губернатор тургундар эмне себептен эвакуацияланганын тактаган жок.
Ал "ыкчам кызматтар учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрү кулаган жерлерди текшерип жатканын" кошумчалады.
Ал эми Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров дүйшөмбүгө караган түнү украин дрондору Шпаковский округундагы Вязники хуторундагы өнөр жай объектисине чабуул жасаганын тастыктады (бул калктуу конуш Михайловск шаарынын жанында жайгашкан).
"Чабуулдун натыйжасында Шпаковский округундагы Вязники хуторундагы өнөр жай зонасынын аймагында өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр жана башка ыкчам кызматтар иштеп жатат", - деп айтылат Владимировдун социалдык тармактарда жарыяланган билдирүүсүндө. Анын белгилешинче, чабуулдан жабыркагандар болгон жок.
Владимиров кеп кайсы объект жөнүндө болуп жатканын тактаган жок, бирок Вязникиде Украина куралдуу күчтөрү тарабынан 9-июлда дагы бутага алынган "Роснефть" компаниясынын нефтебазасы жайгашкан.
Украиналык жана орусиялык телеграм-каналдар дүйшөмбүгө караган түнү украин дрондору Ставрополь крайындагы Михайловск шаарындагы нефтебазага чабуул жасаганын кабарлашкан.
Социалдык тармактарда жарыяланган кадрларга караганда, шаардын ар кайсы чекиттеринен чоң от жана түтүн көрүнүп турат. Кээ бир кадрларда жардыруулардын үнү угулат.
Ставрополь крайынын бийлиги жергиликтүү тургундарды учкучсуз учактар менен жасалган соккулардын коркунучу тууралуу эскертти. Алар Михайловсктеги нефтебазага жасалган сокку тууралуу маалыматка азырынча комментарий бере элек.
Орусия Украинанын бир катар аймактарын аткылады
Запорожье облустук администрациясынын башчысы Иван Федоров жекшемби күнү кечинде орусиялык дрондор көп кабаттуу турак үйлөргө зыян келтиргенин, кеминде алты адам жаракат алганын билдирди.
Федоров жабыркагандардын арасында 15 жаштагы өспүрүм бала, ошондой эле 73 жана 32 жаштагы аял бар экенин жазды.
"Үйлөрдүн фасаддары, терезелери, балкондору, чатырлары, ошондой эле автоунаалар жабыркады", - деп маалымдайт администрация башчысы.
Мындан тышкары, анын айтымында, ооруканалардын биринин терезелери талкаланган.
Бийлик Одесса облусуна да дрондор чабуул койгонун маалымдады.
Орусиялык сокку уруучу учкучсуз учактар жекшемби күнү кечинде кайрадан Одесса облусуна чабуул жасаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер кабарлады.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Одесса районунда көп кабаттуу турак үйдүн жогорку кабаттарына сокку урулганы катталды. Дагы бир учкучсуз учак курулуш супермаркетинин чатырын жабыркатты. Өрт чыгып, ал азыркы учурда өчүрүлдү. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда", - деп жазды ал телеграм каналында.
Кипер чабуул уланып жатканын айтып, облус тургундарын коопсуз жерлерде болууга чакырган.
Херсондо да дрон автоунаага чабуул жасап, эки адам жабыркады.
Херсонго жасалган орусиялык чабуулдун натыйжасында эки жергиликтүү тургун жабыркады деп билдирди облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин.
"Кечинде душман шаардын борбордук районунда учкучсуз учактын жардамы менен автоунаага чабуул жасады. Соккунун кесепетинен 51 жаштагы эркек киши жана 31 жаштагы аял жабыркады. Учурда алар ооруканада жана зарыл болгон жардамды алып жатышат", - деп жазды ал телеграм каналында.
Орусиялык соккулардын натыйжасында Днепропетровск облусунда да беш адам жаракат алганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа кабарлады.
Анын айтымында, орусиялык аскерлер жекшемби күнү облустун төрт районуна учкучсуз учактардын жана артиллериянын жардамы менен 40тан ашык ирет сокку урушкан.
Никополь районунда инфраструктура, көп кабаттуу жана жеке үйлөр, чарбалык курулуштар, дүкөн жабыркап, ошондой эле гараж талкаланган. Кривой Рог районунда инфраструктура, жеке үйлөр жана автоунаа жабыркаган.
"Каменск районунун Пятихатка коомчулугунда буудай талаасы күйдү. Синельниково районунун Межевая коомчулугунда жеке үй өрттөндү", - деп кошумчалады администрация башчысы.
































