Жарандык авиация TezJet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгарды

TezJet авиакомпаниясынын кырсыкка кабылган учагы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, TezJet авиакомпаниясынын кырсыкка кабылган учагы
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору TezJet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип чыгып, лицензиясын чакыртып алды.

"TezJet авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуя иликтенип жатат. Ошол эле учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул боюнча дароо катуу чараларды көрдү. Авиакомпания пландан тышкаркы текшерилип, учуу коопсуздугуна байланыштуу бузуулар аныкталгандан кийин лицензиясы жокко чыгарылды", - деди Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов Би-Би-Сиге.

Текшерүүнүн жыйынтыгында учуу коопсуздугуна байланыштуу авиациялык эреже бузуулар аныкталганы айтылганы менен, кайсы техникалык бузуулар тууралуу сөз болуп жатат расмий аталган жок.

Жарандык авиация мамлекеттик TezJet авиакомпаниясынын учагы менен болгон кырсыктан кийин өлкөдөгү авиакомпанияларга карата көзөмөлгө катуу киришти.

Кыргызстан 20 жылдан кийин Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" өткөн айда эле чыгарылган. Өлкө бул чечимди жарандык авиация тармагындагы реформалардын жыйынтыгы катары сыпаттап жаткан.

Бирок TezJet учагы менен болгон соңку окуя эми өлкө беделине канчалык шек келтирет?

"Жок, бул окуя өз алдынча Кыргызстандын Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарылышына эч таасир этпейт. Европа комиссиясы мындай чечимди көп жылдык комплекстүү баалоонун негизинде кабыл алган. Анда Кыргызстандын учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасы, эл аралык аудиттердин жыйынтыгы, техникалык консультациялар, европалык эксперттердин баасы жана өлкөнүн авиация тармагын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча аткарган милдеттенмелери эске алынган болчу",- дейт Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын авиапаркы негизинен экинчи колдонуудагы учактардан турат. Көпчүлүгү Boeing 737 (300, 400, 500 жана NG сериялары), Airbus A320, BAe 146, McDonnell Douglas MD-83 сыяктуу учактар.

Кырсыкка кабылган TezJet компаниясы соңку жылдары негизинен BAe 146 учактарын колдонуп келген. 7-июлдагы окуяга катышкан McDonnell Douglas MD-83 учагы жакында эле паркка кошулганы айтылып жатат. Жана ал кырсыктын алдында техникалык текшерүүдөн өткөн.

Транспорт министринин мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов учак кырсыгына байланышуу байланыштуу соңку окуядан кийин учак коопсуздугун текшерген адистердин тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурууга чакырып жатат.

"Жарандык авиация тармак элиталуу тармак болгондуктан бул жерге дасыккан адистерди тартышыбыз керек. Сырттан билим алган, техникалык билими жетиштүүлөрдү. Өкмөт, ириде, ушуга көңүл бурушу керек. Керек болсо, биз четтен деле андай адистерди тартышыбыз керек. Биз тоолуу өлкө болгондон кийин жарандык авиация тармагына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Жаңы учактар абдан кымбат, бирок 10–15 жыл мурда чыгарылган, техникалык жактан жакшы абалдагы учактарды алууга учур келди", - дейт эксперт.

7-июлда TezJet компаниясына таандык McDonnell Douglas MD-83 учагы учууга даярданып, күүлөнгөн маалда сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Учак сол капталына кулаган. Бортто 181 жүргүнчү, эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон. Олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.

Бул тармакты жакшы билген Бегаалы Наргозуев бул учак кырсыгын компаниянын техникалык тейлөө кызматындагы кемчиликтер менен байланыштырууда.

"Кырсык чыккан жылына эмес, учактын техникалык тейлөөсүнө байланыштуу болот. Ар бир компания өз учагын техникалык жактан талапка ылайык тейлеп турса, алар 40-50 жыл уча берет. Учак жаңы болуп туруп деле техникалык коопсуздугу өз убагында көзөмөлдөнбөсө, ага кош көңүл мамиле жасалып, талаптагыдай тейленбесе, ушундай авариялар болушу мүмкүн. Бул чоң ката. Инцидент аба ырайына байланыштуу болсо бир жөн. Мисалы, туман түшүп, көрүнбөй калса ошого шылтап койсо болот эле. Бирок бул жерде окуя ачык аба ырайында, тегиз жерде болуп жатат да. Бул - техника ошол деңгээлге жеткирилген дегенди билдирет. Муну комиссия иликтеп, такташы керек",- деди ишмердүүлүгүн токтоткон "Эсен Эйр" компаниясынын мурдагы президенти Бегалы Наргозуев.

Ал арада "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирүү жасап, мындан ары да учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир эксплуатантка карата эң принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алынарын жана мыйзам баарына бирдей экендигин баса белгилеп өттү.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы каттамдарды аткарган учактардын коопсуздугу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлүп, авиация тармагына карата сын-пикирлер айтыла баштады. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырсык боюнча иликтөөсүн баштап, жеке компаниядан лицензиясын чакыртып алып авиация жаатындагы эл аралык жөнгө салуучуларга коопсуздук жаатында капыл чаралар бар экенине ишара берип жаткандай.