Хаменеинин тажиясы Борбор Азия менен Ирандын алакасындагы кандай өзгөрүүлөрдү көрсөттү?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземи Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тегеран менен болгон мамилесине дагы бир жолу көңүл бурдурду. Аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү тажияга ар башка деңгээлде катышты.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тегеранга өзү барып, көңүл айтты. Расмий Душанбе Израил менен АКШнын Иранга жасаган соккуларын ачык айыптаган саналуу мамлекеттердин бири болду.
Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы, мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов аркылуу өкүлчүлүк кылса, Кыргызстандын делегациясын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жетектеди. Өзбекстандан да парламенттин төрагасы катышты. Казакстандан тышкы иштер министри Ермек Кошербаев тажияга барды.
Бул жөн гана дипломатиялык сылыктыкпы? Же акыркы окуялардан кийин Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен мамилесин жаңыча карай баштадыбы?
Ирандын бийлиги Хаменеинин тажиясын жөн гана аза күтүү эмес, өлкөнүн биримдигин көрсөткөн саясий окуя катары сыпаттап жатат. Иран парламентинин төрагасы Мухаммад Багер Галибаф тажияга миллиондогон адамдардын катышканы эл бийликтин саясий багытын колдой турганын көрсөттү деп билдирди.
Эл аралык басылмалар Галифаб Хаменеинин сөөгү коюлгандан кийин Иран мурдагыдай эле өзүнүн саясий жана идеологиялык максаттарын ишке ашырууну уланта берерин айтканын жазып чыкты. Ошондой эле Галибаф элдин массалык катышуусун тышкы басымга жана коркунучтарга карабай, өлкөнүн туруктуулугун көрсөткөн белги катары баалаган.

Сүрөттүн булагы, eurasiatoday
"Ирандын руханий жана саясий лидери Али Хамениинин бул жаназасы саясий чоң акт болуп калды. Ага катышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы саясий мааниге ээ. Бул туура кадам, катышуу керек болчу. Кээ бир саясий акыбалда бул мааниге ээ", - дейт кыргызстандык эксперт, саясат талдоочу Венера Сайпидин.
Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Иранга болгон сапарынын алкагында мамлекеттик IRIB телерадиокомпаниясына маек берди. Маегинде Али Хаменеи аны менен жолугушууларда "Силер биз үчүн жөн гана коңшу эмес, бир тууган элсиңер" деп көп кайталаганын эскерген.
Иранга Борбор Азия эмне үчүн маанилүү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хаменеинин тажиясына кимдин барганы дипломатиялык жаңылык сыяктуу көрүнгөнү менен, анын артында акыркы отуз жылдан бери калыптанган саясий жана экономикалык байланыштар турат. Батыштын санкциялары күчөгөн сайын Иран үчүн коңшу мамлекеттер менен кызматташуу мурдагыдан да маанилүү болуп калды. Борбор Азия болсо Тегеран үчүн жаңы өнөктөштөрдү табууга, сооданы кеңейтүүгө жана эл аралык обочолонууну азайтууга жардам бере турган аймак катары каралат.
"Иран бул аябай узак тарыхы бар, улуттук иденттүүлүгү калыптанган, өзүнчө чоң саясат жүргүзгөн мамлекет. Бирок 1970-жылдардын аягында диний лидерлердин бийликке келиши менен Батыш жана АКШ ар кандай экономикалык санкцияларды салып, бул өлкө тышкы дүйнө менен көп алака, катыш жүргүзбөй калды. Бирок келечекте бул дагы өзгөрөт деп ойлойм. Анткени доор өзү муну талап кылат. Мына ушундай кырдаалда Борбор Азия Иран менен байланышын дайым күчөтүшү керек. Эмнеге келечекте газ жана нефть продуктуларын дагы Ирандан алып келсек болбойт?" - дейт саясат талдоочу Венера Сайпидин.
Аймактагы дээрлик бардык өлкөлөрдүн күйүүчү май рыногунун коопсуздугу Орусияга байланыштуу. Орус-украин согушу шартында азыр аймакты күйүүчү отун таңкыстыгынын тобокелчилиги тооруду.
Борбор Азия Иран менен кызматташууда эмнени утат?
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Ирандын мааниси биринчи кезекте транспорт менен байланыштуу. Деңизге түз чыга албаган аймак өлкөлөрү Перс булуңундагы порттор аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгып, экспорттук жана импорттук жүктөрүн ташый алышат. Ошондой эле Иран аркылуу өткөн жолдор Борбор Азия өлкөлөрүнө Кытай, Индия жана Жакынкы Чыгыштын базарларына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Мисалы, 2014-жылы ишке берилген Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу Борбор Азия аймагын Перс булуңу менен байланыштырды. Ал эми Эл аралык Түндүк–Түштүк транспорт коридору Борбор Азиядан Индияга жана Жакынкы Чыгышка жүк ташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууда. Чабахар жана Бендер-Аббас порттору деңизге түз чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрү үчүн товар ташууда кызыкчылык туудурган маршрут.
"Иран биз үчүн экономикалык, транспорттук, географиялык, маданий жактан дагы көп жылдар бою байланышыбыз бар мамлекет. Азыр Батыш Азияда ар кандай окуялар болуп жатса дагы аймактан делегациялар тажияга барып туура кылышты. АКШ менен Ирандын араздашуусу биздин эки тараптуу мамилерге таасирин бербеши керек. Анткени, биз эгемендүү мамлекетпиз. Ар бирибиз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясатыбызды жүргүзөбүз. Бирок азыркы согуш бир гана Иранга, АКШ же Израилге эмес бүт дүйнө жүзүндөгү коопсуздукка таасир этип атат. Бул согуш оңой менен бүтпөй турган маселе болуп калды. Иран менен Түндүк-Түштүк каттамы, Ортоңку коридор деген ар кандай транспорттук долбоорлорубуз бар. Ал Орусия менен Кытайдын алакасын, жалпы Евразиянын алакасын биримдикке алып келе турган долбоорлор. Азыркы согуш ошолорго да тоскоол болуп атат. Батыш, анын ичинде АКШ дагы ошол эле Орусия же Кытайдын таасири Евразия мамлекеттеринде артышына тоскоолдук жаратып жатат", - дейт саясий иллимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов.

Сүрөттүн булагы, Social media
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Иран жөн гана коңшу мамлекет эмес, дүйнөлүк соода жолдоруна чыгууга жардам бере турган өнөктөш. Ал эми Тегеран үчүн бул аймак эл аралык обочолонууну жеңилдетүүгө жана жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк.
"Иранга санкциялар шартында жаңы өнөктөштөр керек. Батыштын санкцияларынан кийин Иран үчүн коңшу мамлекеттер менен соода жүргүзүү мурдагыдан да маанилүү болуп калды. Борбор Азия өлкөлөрү Иран үчүн жаңы рынок, инвестиция жана экономикалык өнөктөш болот", - дейт социолог Арсланбек Кенжетегин.
Иран Борбор Азияга негизинен курулуш материалдарын, цемент, болот жана металл буюмдарын, нефть-химия продукциясын, пластмасса жана полимерлерди, жер семирткичтерди, дары-дармектерди, тиричилик техникасын, ошондой эле мөмө-жемиш жана азык-түлүк экспорттойт. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн Иранга негизинен буудай, арпа, жүгөрү, пахта, түстүү металлдар жана минералдык чийки зат жөнөтүлөт.
Согуштан кийин эмне өзгөрдү?
Ошентсе да эксперттердин пикиринде, АКШ-Иран жаңжалынан кийин Борбор Азиянын тышкы саясатында Иранга карата мамиле өзгөрдү. Бирок ал Ирандын жеке өзүнө эмес, аны менен экономикалык жана транспорттук кызматташтыктардагы тобокелчиликтерди эске алууга байланыштуу десе жарашчудай.
Башкача айтканда, өлкөлөр Иран аркылуу өткөн каттамдарды сактап калууга кызыкдар бойдон калууда, бирок ошол эле учурда башка жолдорду да өнүктүрүп жатат. Мисалы, Казакстан менен Азербайжан соңку кезде Ортоңку коридор аркылуу жүк ташууну көбөйтүүгө басым жасай баштады. 5-июлда Өзбекстандын инвестициялар министри Лазиз Кудратов менен транспорт министри Илхом Махкамов Грузияга барып, Кара деңиздеги Анаклия, Поти жана Батуми портторунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Ташкент бул маршрут аркылуу экспорт менен импорттун көлөмүн көбөйтүүнү көздөйт. Бул Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн бир эле Иранга эмес, бир нече транспорттук багытка таянууга аракет кылып жатканын көрсөтөт.
Ошентип, азыр жүрүп жаткан согуш Иран менен Борбор Азиянын мамилесин түп-тамырынан өзгөрткөн жок. Тегеран азыр да Борбор Азия үчүн маанилүү өнөктөш бойдон калууда. Бирок бул кызматташтык мурдагыдан да этият жана тобокелчиликтерди эске алуу менен жүрүп жаткандай.
































