Президент референдум тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

Сүрөттүн булагы, Official
Президент референдум тууралуу жаңы мыйзам долбоорун демилгелеп, Жогорку Кеңеш ал долбоорду каттады. Садыр Жапаров өзү сунуштап жаткан мыйзамды парламентте Борбордук шайлоо комиссиясы сүрөмөкчү.
Жаңы мыйзам долбоорунун негиздемесинде "Референдум жөнүндө мыйзамды" 2021-жылы 11-апрелде кабыл алынган Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында бул долбоор иштелип чыкканы айтылат.
Аракеттеги жалпы добуш берүү тууралуу мыйзам 2016-жылы 31-октябрда кабыл алынган жана ал мамлекеттик азыркы түзүлүшкө ылайык эмес экени айтылат.
Жаңы документ референдумду ким жарыялап, ким уюштура аларын, тийиштүү органдардын макамын жана ыйгарым укуктарын тактайт. Эски мыйзам менен референдумду депутаттардын, демилгечи топтун же өкмөттүн демилгеси менен Жогорку Кеңеш жарыялачу. Жаңы долбоор менен жалпы добуш берүүнү президент өз демилгеси менен же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын каалоосу менен белгилей алат. Ошондой эле парламенттеги депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгүнүн демилгесине да таяна алат.
Жаңы мыйзам долбоорунда бул тууралуу демилгелерди кароо мөөнөтү да такталат. Аракеттеги мыйзам менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш ал парламентке келип түшкөндөн кийин бир айдан эрте эмес, үч айдан кем эмес аралыкта кабыл алынышы керек эле. Жаңы мыйзам долбоорунда мындай жобо жок.
Референдумга аралыктан эле электрондук жол аркылуу добуш берүү да каралып жатат. Коомдук байкоочулар макамы аныкталды. Референдумга карата "ооба" же "жок" аттуу каржылык фонддорду түзүү жана каржылоо жагы жөнгө салынат.






















