Ош: ВИЧ жуккан балдардын энелери МИКтен үй берүүнү талап кылды

20 жыл мурун Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуккан балдардын энелери мамлекеттен турак жай жана социалдык колдоо талап кылышууда. 10-июлда Ош облустук балдар ооруканасынын алдына чогулган энелер балдарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүү талабы менен бийликке кайрылышты.
"2006-2007-жылдары мамлекеттик ооруканадан жабыркаган балдарга сурап жатабыз. Балдар азыр бой жетти. Булар толук кандуу эмес азыр. Бекер бер деп жаткан жокпуз. МИКтен кезексиз, шартсыз деп ыйлап жүрөбүз. Социалдык жөлөк пулун көбөйтүп берсе, ошону төлөп жашашат эле", - деди Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сураган энелердин бири.
2006-2007-жылдары Ош облусундагы ооруканаларда жапырт ВИЧ жуккан 422 баланын 61и каза болгону, 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
2022-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жабырлануучуларга бир жолу 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген. Мындан тышкары айына 6,5 миң сомдой жөлөк пул алышат. Бирок ата-энелер бул каражат жетишсиз экенин айтышууда. Буга чейин айрым энелер президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, суроо-талаптарын айтышкан экен. Бул тууралуу энелердин бири билдирди:
"Балдарыбызга 6600 сом гана төлөнөт. Биз балдарыбызга ипотекалык үй берилишин жана жөлөк пулдарын көбөйтүп беришин президенттен суранат элек. Ош шаарына президентибиз эл менен жолугушууга келгенде төрт эне президент менен сүйлөшүп, жолугушканбыз. Ошондон бери үч айга жакындашып калды, президент берип кеткен буйруктардын эч бири аткарылган эмес".
Чогулган энелер менен Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси жолугуп, суроо - талаптарын укту.
"Мага буга чейин да келишкен. Мен Балдар ооруканасынан кандай жардам керек болсо, биз ошону гана бере алабыз деп, эжелерге түшүндүргөм. Булар айткан компенсацияны мен өзүмдүн жанымдан бере албайм. Ал боюнча башка жактарга кайрылуу керек", - деди Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси Жыргалбек Торолов.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова өткөн айда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ВИЧ илдетин жуктуруп алган балдардын энелеринин суроо-талаптары каралып жатканын билдирген:
"Биз ал энелер менен байланыштабыз. Алардын көйгөйүнүн баарын билебиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги гана эмес, МИК менен да чогуу-чаран иштеп жатабыз. Азыр эки этапка бөлүү болуп жатат. Биринчи баскычында 50дөй үй берилсе, кийинки жылдарга да каралат деген чечимдер бар".
2007-2008-жылдары жүздөгөн ымыркайга ооруканадан ВИЧ инфекциясы жукканы аныкталган. Бул окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири катары калды. Окуя болгондон кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар дарыгерлер жоопкерчиликке тартылып, шарттуу түрдө кесилген.
































