Испанияда токой өртүнөн 12 адам каза болду. Түштүк Европада аптаптуу ысык дагы эле уланууда

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Хелен Салливан
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Андалусия аймактык өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Испаниянын түштүк-чыгышындагы Альмерия провинциясынын Лос-Гальярдос аймагында чыккан токой өртүнөн кеминде 12 адам каза болуп, дагы алты адам жаракат алды.
Курмандыктардын айрымдарынын денелери өрт чулгаган унааларынын ичинен табылган. Күбөлөрдүн айтымында, өрт жерге кулап түшкөн электр чубалгыларынан айынан тутанган, андан кийин бат эле жакын арадагы бак-дарактарды каптаган. Бийликтер азырынча өрт эмнеден чыкканынын расмий себебин атай элек.
40°C (104°F) чамасындагы узакка созулган аптаптуу ысык Түштүк Европанын бир катар аймактарында ири токой өрттөрүнүн чыгышына себеп болду.
Франция, Португалия жана Испанияда жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр ири өрттөр менен күрөшүп жатышат. Өрттөн улам миңдеген адамдар үйлөрүн таштап эвакуацияланууга мажбур болушту.
Андалусия аймактык өкмөтү алгач Лос-Гальярдос аймагындагы токой өртүнөн каза болгондордун саны алты деп билдирген, андан кийин курмактардын саны 12ге жеткени ырасталды.
Андалусиянын өкмөт башчысы Хуанма Морено бул окуяны "чоң трагедия" деп атады. Алгач алты адам каза болгону маалымдалгандан кийин Х социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө ал:
"Жүрөгүбүз ооруп турат. Биз терең кайгыга баттык", - деген.
Өрттү өчүрүүгө Бедар кыштагында болжол менен 150 өрт өчүрүүчү тартылган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаракат алгандардын арасында түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген бир адам жана күйүк алган дагы бир адам бар. Жеңил күйүк жаракаттарын алган дагы төрт кишиге жана коюу түтүндөн дем алып агандарга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, өрттөн улам айрым жолдор жабылып, 1 миңге жакын тургун коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес май айында өлкө быйыл жайкы токой өрттөрүнө каршы мурда болуп көрбөгөндөй эң ири күчтөрдү жана каражаттарды мобилизациялай турганын билдирген.
Испаниянын ири өзгөчө кырдаалдарга тартылуучу Аскердик өзгөчө кырдаалдар бөлүмү да Лос-Гальярдос аймагындагы өрттү өчүрүү иштерине кошуларын маалымдады.
Быйыл июнда Испанияда 1950-жылдан берки эң жогорку орточо суткалык температура катталды. Өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы 42°C чейин көтөрүлөрү алдан ала болжолдонгон.
Токой өрттөрү боюнча Европанын маалымат системасына ылайык, былтыр Испанияда 393 миң гектар жер күйүп кеткен. Бул 2006-2024-жылдардагы өлкөнүн орточо көрсөткүчүнөн алты эседен ашык көп.
Copernicus климат кызматынын маалыматы боюнча, климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзүндө абанын температурасын жогорулатып жатат. Ал эми Европа - дүйнөдө эң ылдам ысып жаткан континент, анда температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе тез өсүүдө.
Мунун кесепетинен жайкы аптаптуу ысыктар күчөп, суу ресурстарына басым көбөйүп, токой өрттөрү мурдагыдан да күчтүү жана кеңири жайылууда.
Өткөн жылы Евробиримдикте 2006-жылдан бери эң оор токой өрттөрүнүн сезону катталып, жалпысынан 1 миллиондон ашык гектар жер өрттөнгөн. Бул аянт болжол менен Уэльстин аймагынын жарымына барабар.
Лондондогу Империал колледжинин алдындагы дүйнөдөгү аба ырайын изилдеген тобунун өзүнчө изилдөөсүндө Жер Ортолук деңиз аймагындагы токой өрттөрүнүн күчөшү климаттын өзгөрүшү менен түздөн-түз байланыштуу экени айтылат.
































