Президент Жапаров: Балдарымды саясатка аралаштырбайм

Сүрөттүн булагы, Social media
Президент Садыр Жапаров соцтармактарда кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу улуттук "Кабар" маалымат агенттигине түшүндүрмө берди.
Мамлекеттик агенттиктин журналисти президентке анын кызы тууралуу суроо узатып, "бул сизди пиар кылуунун бир бөлүгүбү же балдарыңызды саясатка аралаштыруу аракетиби?" деп сураган.
"Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эмес. Буга чейин айтканымдай эле балдарымды да, жакындарымды да саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбайм", - деп жооп берген президент.
Садыр Жапаров "Алтын балалык" балдарды реабилитациялоо борборунун курулушу көпкө уланып, бирок анын жеке тапшырмасы менен курулуп бүткөнүн белгилеген.
Президент жубайы Айгүл Жапарова жыл сайын аталган борбордогу балдарга белек-бечкектер тапшырып келгени, бул жолу үй-бүлөлүк иштер менен бара албай калганын түшүндүрдү.
"Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан "атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи" деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген".
Мамлекет башчысы бул иш-чара менен кызын коомчулукка көрсөтүү кызыкчылыгы болбогонун, ал жакка керек болсо ЖМКдан киши чакырылбаганын айткан.
"Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан соцтармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок".
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова экөө үч уул жана бир кыз тарбиялашкан. Тун уулу Дастан Жапаров 2019-жылы жол кырсыгынан каза болуп калган. Рустам Жапаров - экинчи уулу. Ишкерлик жана инвесторлорду тартуу менен алектенет. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар. Нурдөөлөт Жапаров - үчүнчү уулу. Жанайым Жапарова - жылгыз кызы.
Рустам Жапаров буга чейин бир катар иликтөөчү журналисттердин макалаларында аты талган. Ал эми Нурдөөлөт Жапаров былтыр жаңы түзүлгөн "Берекет банктын" негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
































