"Эч кандай саясат жок". Шайназаров Айдарбековго мандат берилбей жатканы боюнча комментарий берди

Чыңгыз Айдарбековдун мандаты боюнча маселеге чекит коюу үчүн Ички иштер министрлигинен жооп келе элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Эгерде кайсы бир талапкерге карата кылмыш иши козголуп, ал кылмыш иши реабилитацияланбай кыскарган учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга тыюу салынган. Биз ошол маалыматтарды тактоо максатында Ички иштер министрлигине расмий түрдөр кат жолдогонбуз. Ошонун жообун күтүп жатабыз. Бул жерде эч кандай саясат жок же андай-мындайга негиз жок. Бизге Ички иштер министрлигинен расмий түрдө жооп келсе ошол замат карайбыз. Эч көйгөй жок", - деди Шайназаров.
Бишкек шаарындагы №21 округдан шайланган депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Бошогон мандатты, мыйзамга ылайык, талапкер Чыңгыз Айдарбеков алары айтылган. Бир айдан ашык убакыт өтсө да, Айдарбековго мандат бериле элек. БШК ИИМден анын соттуулугу боюнча тактоо күтүп жатканын билдирген.
Айдарбеков БШКнын Ички иштер министрлигинен "кошумча маалыматтарды күтүп жатабыз" деген жүйөсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Ал 13-апрелде БШКга кайрылып, мандатты ага өткөрүп берүү процессин негизсиз создуктуруп жатат деп айыптаган.
"Колдонуудагы мыйзамдарда жана КР БШКнын Жоболорунда текшерүүдөн өткөн жана тизмеде расмий катталган талапкерге карата «маалыматты тактоо үчүн мандат берүүнү токтото туруу же создуктуруу» сыяктуу процессуалдык аракет каралган эмес. Бардык текшерүү иш-чаралары талапкерлердин тизмесин каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда так көрсөтүлгөн гана ыйгарым укуктарга ээ. КР БШКда тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен тастыкталган мыйзамдуу негиздер жок туруп, мандатты өзүм билемдик менен кармап туруу укугу жок" деген Айдарбеков БШКга жазган арызында.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери Ташиев башкарган кездеги УКМКнын кызматкерлерин рейдерликке жана башка мыйзамсыз иштерге айыптаган арыздар жазылып, билдирүүлөр жарыяланган.
























