Тандемден кийинки талкуу: 75 кишинин иши, "эки достун" эртеңи

Коллаж
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Тандемдин бузулушуна алып келди делген 75 кишинин кайрылуусу боюнча ачылган кылмыш иши боюнча беш саясатчы дале камакта жатат. Тергөө кандай жүрүп жатканы тууралуу укук коргоо органдары кенен маалымат бере элек. Кыргыз саясатында беш жыл бою темирдей бекем көрүнгөн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми ыдыраганына эки айдан ашты. Соңку окуялар кандай өнүгүүдө?

Ташиевдин Жапаровго ыраазычылыгы

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тарапташы, журналист Нургазы Анаркулов 7-апрелде үй камагына чыгарылды. Биринчи май райондук соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, анын бөгөт чарасын өзгөрткөн. Анаркулов 17-февралда чек арадан кармалып, ага "массалык башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Анын кармалышы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийинки тазаланууларга туш келген.

Ошондой эле Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-апрелдеги чечими менен саясий эксперт Бакыт Жумагуловдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны абактан үй камагына чыгарды. Ал дагы "массалык башаламандыктар" беренеси боюнча айыпталган.

Анаркулов да, Жумагулов да Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себеп болгону айтылып жаткан 75 кишинин кайрылуусуна байланышкан иштер боюнча кармалганы айтылган. Кайрылууга кол койгондон кийин кармалган беш саясатчы дагы деле камакта. Алар: Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов. Бешөө тең массалык баш аламандык уюштурууга ниети болбогонун айтып келишет.

Адвокат Чынара Жакупбекова Би-Би-Сиге буларды айтты:

"Беш адамды кармап-камашкан, эч кандай тергөө боло элек, алар жөн эле камакта отурушат".

Би-Би-Си тергөөнүн жүрүшү, кылмыш иш сотко качан өтөрү жана бул иш боюнча канча киши камакта экенин тактоо үчүн ИИМге кайрылды. Мекеменин маалымат кызматы тергөө иштери жүрүп жатканын, башка комментарий берилбей турганын айтып чектелди.

75 кишинин кайрылуусунан кийин Жапаров-Ташиев тандеми бузулуп, Ташиев кызматтан алынганына 2,5 айга чукулады. Бул аралыкта Ташиев эл алдына эки гана жолу – бир ирет бейрасмий, экинчисинде болсо расмий чыгып сөз сүйлөдү.

Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ташиевдин Кыргыз футбол биримдигинин конгрессине келиши күтүүсүз окуя болду

20-мартта ай намаздан кийинки сөзүндө каралоо жүрүп жатканын айтса, 15-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин конгрессинде уюмдун башчылыгынан кетип жатканын жарыялады. Ошондой эле футболго көрсөткөн колдоосу үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

"Урматтуу туугандар, ушул жетишкендиктердин баардыгы кайдан болуп атат? Мунун баары, албетте, президентибиздин колдоосунун негизинде болуп атат. Урматтуу президенттик колдоосу болбосо мунун баары болмок эмес", -деди Ташиев.

Саясаттагы рационалдуулук

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ташиев кызматтан кеткенден кийин ага жакын делген адамдар жумуштан алынып, ага каршы маалыматтык чабуул күчөгөндөй болгон. Айрыкча, Салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы миллиарддаган коррупциялык схемаларды иликтөөсү генералдын үй-бүлөлүк бизнесин бутага алганы көрүнөт. Учурда бул иш боюнча иниси, мурдагы депутат Шаирбек Ташиев камакта отурат. Камчыбек Ташиев өзүнүн тегерегиндеги саясий окуялар тууралуу үн ката элек.

Серепчилердин пикиринде, бул жерде эки сценарий болушу мүмкүн. Же тараптар ачык кагылышуудан качып жатышат, же бул процесстер алдын ала макулдашылган.

"Биз байкагандан көп нерсе көбүнесе саясий эсеп, кызыкчылыктар менен коштолгон аракеттер болууда. Башында күтүлгөн мыйзам ченемдүүлүк, анын алкагында териштирүү, адамдардын жоопкерчилигин алардын ишине карата кароо сыяктуу иштер анчалык орун албай жаткандай. Бул калың эл тарабынан күтүлгөн жана азыр деле болсо талап кылынып жаткан мүдөөлөргө анчалык туш келбей жаткансыйт", - дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Президент 10-февралда андагы УКМК төрагасын отставкага кетиргенде "бул чечим мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомдо жана мамлекеттик түзүмдөрдө бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, биримдикти сактоо максатында" кабыл алынганын айткан эле.

Эксперт Жороев президентте азыр деле ошол эле ой үстөмдүк кылып жаткансыйт деген пикирде:

"Азыр коомдук саясий абалдын туруксуздашуу коркунучу курч болбой калганына карабастан жана дагы эл арасындагы эми "адилеттик орнойт "экен деген күтүүлөр болгонуна карабастан дагы деле болсо саясий муктаждык, рационалдык жана эсеп орун алып жаткансыйт".

Ташиев кызматтан алынгандан бери атайын кызматта бир катар өзгөрүүлөр болуп, бир канча кызматкер иштен бошотулду. Ал кездеги айрым орун басарлар, башкармалыктардын башчыларынын айрымдары камалды. Баш прокурор Максат Асаналиев 9-апрелде парламентте баяндама жасап жатып, УКМК кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз-даттануулар түшкөнүн жана иликтенип жатканын билдирген. Бул даттануулардын алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупция жана пара алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп жатат.

Жылдызкан Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жылдызкан Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана саясатчы Жылдыз Жолдошева акыркы күндөрү коомчулукта талкууланып жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамилесин "бүдөмүк" деп атап, такталбаган маалыматтарга таянуу туура эмес экенин белгиледи.

"Эми аны айтыш кыйын. Себеби, бул экөөнүн жеке мамилеси да бар да. Эгер жеке мамиле болбой, президент менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы катары гана мамилелери болсо, кызматтык гана мамилеси болсо биз комментарий берсек болот эле. Азыр болсо бүдөмүк да. Туюктан-туюк эле ушундай нерселер болду. Камчыбек Ташиев үн каткан жок. Расмий органдар, укук коргоо органдары да анын эмне күнөөсү бар экенин айткан жок. Блогерлер, тарапташтары ар түрдүү сөздөрдү жазышты. Мен саясатчы катары, депутат катары куру сөздөр, жалаа жапкан сөздөрдү кабыл ала албайм. ИИМ министри, УКМК төрагасы, башкы прокурор ушул маселе боюнча өздөрүнүн тыянагын айтса, анда жооп берсе болот эле. Азыр буга бир тараптуу жооп бере албайм".

Жолдошева эле эмес, өлкөдөгү башка саясатчылар деле бул темада өтө астейдил.

Жогорку Кеңештеги мандат тапшыруу: демарш же чегинүү?

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан бошоткондон кийин генералдын командасында делген бир топ депутаттар мандаттарын тапшырып, министрлер иштен кетти.

Саясат талдоочу Мусуркул Кабылбековдун пикиринде, депутаттардын массалык түрдө мандаттан баш тартуусу - бул бийликке эмес, жеке Ташиевге болгон лоялдуулукту көрсөткөн уюшкан тактикалык чегинүү болушу мүмкүн.

"Парламенттен депутаттардын кетип жатышы, алар күрөш талаасынан уятынан артка чегингендей эмес, уюшкандык менен чегинип жатканга окшошуп жатат. Депуттар мандаттарын тынч эле тапшырып кетип жатышат. Ушуга көңүл бурсаңар. Мандаттарын оңой эле столдун үстүнө ыргытып койгондой болуп кетип жатышат го. Бул уюшуп алып артка чегингендей таасир калтырууда. Ал эмнени билдирет, туулар түшүрө элек. Бул мажбурлуктан улам чыккан тактикалык артка чегинүү. Бул чегинүү, бирок качуу эмес... Башкача айтканда бул адамдар (ред. депутаттар) лоялдуулугун бийликке эмес, Камчыбек Ташиевге көрсөтүп жаткандай", - деген эле буга чейин жергиликтүү саясат талдоочу Мусуркул Кабылбеков журналист Семетей Аманбековдун подкастында.

Бирок буга карата башкача да пикир бар. Мисалга, саясатчы Жылдызкан Жолдошева мандатынан массалык баш тартуу бул жөн гана жеке чечим болушу мүмкүн экенин айтты.

"Депутаттарга мандатты эл берет. Президент же УКМК төрагасы бербейт. Ошол эле Садыр Жапаров, ошол эле Камчыбек Ташиев элди коркутуп коюшкан. Депутаттарды дагы. Коркутуу-үркүтүү, жаман нерселердин баарын көрдү да биздин эл. Каалаган кишиге каалаган бирдемкени ойлоп таап коюш мүмкүн да биздин өлкөдө. Мыйзам иштебейт, иштесе да тандалма иштейт... Депутаттар коркуп-чочуп калган, көбүн камашты, каалаганын кылышты. Бизди да булардай кылат деп чекеден мандатын берип кетишти".

Саясий ишмер Өмүрбек Субаналиевдин айтымында дагы, VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамынын басымдуу бөлүгү Камчыбек Ташиевдин таасири жана колдоосу менен келген. Мындай шартта улам бир депутаттын мандатын тапшырып кетип жатканын жөн гана жеке чечим менен түшүндүрүү кыйын.

Суваналиев

Сүрөттүн булагы, Azattyk

"Парламентке 80-90% Ташиев топтогон депутаттар өтүп келген. Ал депутаттардын абдан көп шайлоочулары бар болчу. Ошого карабай, алар менен эсептешпей эле көпчүлүгү кетип калды. Коркутуп-үркүтүү, албетте, болгон. Ошон үчүн алар ошондой чечимге барышты. Мындайча айтканда, саясий кысым болду, ошого макул болушту. Экинчиден, ал депутаттар деле саясатта такшалган кишилер. Алар баары бир чоң өзгөрүүлөр болорун түшүнүп, азырынча четке чыга туралы деп чечкен болушу да мүмкүн. Анткени булар чоң шайлоодо дагы чоң иштерди жасай турган адамдар. Бирок Ташиевдин кадрларынан тазаланып жатат деп айтууга болбойт. Анткени тизмени карасак, биринчи-экинчи катардагылардын көбү эле Ташиевдин кишилери. Бир кишиден экинчи кишиге эле алмаштырып койду. Ошондуктан бул маселе чечилди деп айтууга болбойт", - дейт Субаналиев.

Эми окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн?

Кыргызстанда кийинки жылы кезектеги президенттик шайлоо өтөт. Анын алдында 2020-жылы бийликке чогуу келген эки саясатчынын учурдагы мамилеси кандай өнүгөт жана анын мамлекетке таасири кандай болот? Бул суроолордун башы ачык.

Бирок кийинки өлкөдөгү саясий цикл эми Жапаров-Ташиев тандемисиз жүрө турганы айкын болуп калгандай.

"Бардыгын оодарып азыр Ташиевди мокочо көрсөтүп коюшту да ээ, азыр Ташиев жок. Азыр президент өзү жалгыз башкарып жатат. Мындан кийинки кырдаал кандай болот, ал ошол президенттин иш-аракеттерине, өзү айтып кеткен, акыйкат, адилеттүүлүк, калыстыкты туу тута алса, мен ойлойм баары жакшы болот", -дейт Жылдызкан Жолдошева.

Канткен менен Камчыбек Ташиев дагы кыргыз саясатындагы маанилүү, таасирдүү фигура. Андыктан ал кийинки шайлоого барар-барбасы да чоң интрига болууда.

"Эми эмне болот? Эми тандемдин бир бөлүгү Ташиев шайлоого барышы мүмкүн, артындагы кошоматчы-колдоочуларына ишенип. Бирок ал барган күндө дагы куугунтукка учурайт. Азыр Ташиевдин тууган жакындары түрмөгө камалды. Соту чечиле элек, бирок СИЗОдо. Ташиев өзү оппозиция боло алабы, анткени ал эч качан концептуалдык саясат жүргүзгөн эмес. Жакында Футбол ассоциясынан кетип жатып да Садыр Нургожоевичти мактады. Демек ал ийилди жана идея жактан оппозиция түзүүгө белги көрсөткөн жок", - дейт жергиликтүү эксперт Бурул Усманалы.

Кыргыз саясатында алдын ала бирдемени божомолдош кыйын. Бирок бир нерсе анык, саясатта дос да, кас да жок деген сөздөр кайрадан ырасталып жатканын эске алганда, өлкөдө саясий окуялар ар кандай өнүгүшү ыктымал.