Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты. Айрым кемелер аткыланды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Ирандын куралдуу күчтөрү ишемби күнү Ормуз кысыгы кайрадан "катуу көзөмөлдө" экенин жарыялап, Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында кабыл алынган стратегиялык кысыкты ачуу чечимин жокко чыгарышты.
Мамлекеттик телеканал аркылуу тараткан билдирүүдө "Вашингтон Ирандын портторун блокадага алууну улантып, берген убадасын бузду" деп айтылат.
АКШ Ирандын портторуна кирген бардык кемелерге уруксат бермейинче "Ормуз кысыгындагы кырдаал катуу көзөмөлдө кала бермекчи" деп айтылат билдирүүдө.
Жума күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен ок атышпоо келишимине жетишилбесе, Ирандын портторун блокадага алуу улантыларын айтып, элдешүү мөөнөтү аяктагандан кийин аны узартпай коюушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Мунун алдында Иран Израил менен Ливандын ортосунда ок атышпоо тууралуу макулдашуусунан кийин Ормуз кысыгы ачылганын жарыялап, ошол эле маалда АКШ блокадага алууну уланта берсе, кысыкты кайрадан жабарын эскерткен.
Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы элдешүүнүн мөөнөтү 22-апрелде бүтөт.
Журналисттердин элдешүүнүн мөөнөтү узартуу маселесине байланыштуу суроосуна Трамп: "Балким, мен бул мөөнөттү узартпашым ыктымал, бирок блокада кала берет", - деп жооп кайтарды.
Трамп ошондой эле журналисттерге сүйлөшүүлөр дем алыш күндөрү да уланарын, "азырынча айтууга болбой турган жакшы жаңылыктары бар экенин" кыйытты.
Ишембиге караган түнү Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф эгерде АКШ Ирандын портторун блокадага алууну уланта берсе, Иран кысыкты кайрадан жабарын эскерткен болчу.
АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына ылайык, 13-апрелде башталган блокаданын жүрүшүндө 21 кеме Иранга кайтууга аргасыз болгон.

Сүрөттүн булагы, MarineTraffic

Сүрөттүн булагы, MarineTraffic
Ормуз кысыгындагы кемелер аткылоодо калганын кабарлашууда
Улуу Британиянын Деңиз соода операциялары башкармалыгынын (UKMTO) маалыматына караганда, Ормузда жүргөн танкер кысык жабылгандан көп өтпөй Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна таандык эки кайыктан аткыланган.
Окуя Омандын түндүк-чыгышында болгон. UKMTO'нун маалыматы боюнча, кеме жана анын экипажы учурда коопсуз жерде.
Мындан тышкары кеминде эки соода кемеси кысыктан өтүүгө аракет кылып жатканда аткыланганын Reuters агенттигине үч булак билдирди.
Агенттиктин кемечилик тармагындагы маектештери берген маалыматка ылайык, кээ бир кемелер Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнөн "Ормуз кысыгы кайрадан жабылганы, бардык кемелерге кысык аркылуу өтүүгө тыюу салынганы" тууралуу кабарлама алышкан.
Чаташтырган кырдаал: Би-Би-Синин кабарчылары эмне дешүүдө?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Лиз Дюсет, Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча башкы кабарчысы:
Вашингтон менен Тегерандан келип жаткан бул карама-каршы билдирүүлөр бир аз чаташтырышы ыктымал, себеби чындап чырмалышкан кырдаал түзүлдү.
Кечээ Дональд Трамп журналисттерге бир катар билдирүүлөрдү жасап, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө оптимисттик баа берип, Иран уранды байытпоого жана өтө байытылган урандын запастарынан баш тартууга макул болгонун айткан эле.
Көп өтпөй Иран парламентинин төрагасы Трамптын айткан сөздөрүнүн баарын четке кагып: "Трамп бир саатта жети билдирүү жасады, анын баары тең жалган болуп чыкты", - деп билдирген.
Бирок Ирандын да билдирүүлөрү бир өңчөй эмес.
Ирандын тышкы иштер министринин Ормуз кысыгы толугу менен ачылганы тууралуу биринчи билдирүүсүнө көп өтпөй тактоо берилди: Танкерлер жана кемелер Иран белгилеп көрсөткөн жана көзөмөлдөгөн каттамдар боюнча гана жүрө алышат.
Ник Бик, Би-Би-Синин кабарчысы, Иерусалим
Ормуз кысыгында иш жүзүндө эмнелер болуп жатканы тууралуу так маалымат алуу оңой эмес.
Ирандын мамлекеттик маалымдоо каражаттарында жарыяланган соңку билдирүүдө бийлик кысык иш жүзүндө кайрадан жабылганы, себеби америкалыктар өз милдеттенмелерин аткарбаганы айтылат.
Тегеран АКШ Ирандын портторун же андан чыккан кемелерди блокадага алып жатканын билдирди.
Ирандыктар кырдаал бир нече күн мурдагы абалына кайтып, кысык кайрадан ирандык аскерлердин катуу көзөмөлүндө болорун ырасташууда.
Ак үйдөн азырынча жооп боло элек. Вашингтон ойгонуп, бул кабарды угары менен, жооп кайтарары талашсыз.
Бирок президент Трамптын кечээ эле "кысык толугу менен ачык жана кемелер эркин өтө алышат" деп айтканын бүгүн көргөн жокпуз.
Трамп ошондой эле Иран анын бардык талаптарын кабыл алганын, анын ичинде өтө байытылган урандын запастарынан баш тартканын билдирген. Иран муну да четке кагууда.
Трамп ошондой эле Тегеран менен тарыхый макулдашууга жакын арада жетишиши мүмкүн экенин кыйытты.
Ирандын акыркы кадамдарына караганда, бул билдирүү да күмөн жаратууда.

Сүрөттүн булагы, Iranian Parliament Communication Office via Getty Images
Негизги келишпестиктер
Пакистандын бийлиги ишемби күнү армиянын башкы командачысы Асим Мунирдин Тегеранга үч күндүк сапары аяктаганын, анын жүрүшүндө Асим Мунир Ирандын жетекчилиги менен жолугушканын билдирди.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, фельдмаршал Ирандын президенти, тышкы иштер министри, парламенттин төрагасы жана аскерий командачылыктын башчысы менен жолугушту.
Өткөн дем алыш күндөрү АКШ менен Ирандын делегациялары Пакистандын ортомчулугу менен Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшкөн. Биринчи айлампа ийгиликсиз болгонуна карабастан, согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланууда.
Эки тарап жакын арада Пакистандын баш калаасында кайрадан жолугушат деп күтүлүп жатат, бирок Ирандын бийлиги бүгүн жолугушуунун күнү азырынча белгилене электигин билдирди.
AFP агенттиги белгилегендей, АКШ менен Ирандын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө.
Трамп журналисттерге "Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм албай турганын" билдирген.
Мындан тышкары, Трамп "Вашингтон менен Тегеран Иранда сакталган байытылган уранды тынчтык келишиминин алкагында биргелешип АКШга жеткирерин" айткан, бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги урандын запасы ордунда кала берерин билдирди. (ZMa)





























