Орусияда жүргөн кыргызстадыктардын саны азаюуда

kkkk

Сүрөттүн булагы, domodedovod.ru

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Акыркы жылдары Орусиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын саны азаюу тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Асаналиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, орус өкмөтүнүн миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырышы менен ал жактагы кыргызстандыктардын саны азаюуда.

"Мурда биздин жарандар Орусияга эркин келип-кете алышчу жана айрымдары ал жакта тийиштүү миграциялык документтери жок же ортомчулар аркылуу таризделген документтер менен жүрүшчү. Азыр мындай тажрыйба толугу менен жокко чыгарылды. Эгерде чет өлкөлүк жаран Орусиянын мыйзамдарын бузса, ал тийиштүү реестрге киргизилет жана жыйынтыгында өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушу мүмкүн. Ошондуктан Орусияда жүргөн биздин жарандардын санынын азайышынын негизги себеби — миграциялык талаптардын катаалдашы болуп саналат", - деди Асаналиев.

Бакыт Асаналиев 2026-жылдын 12-мартына карата Орусиянын көзөмөл реестрине Кыргызстандын 93 миң 693 жараны киргизилгенин кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын аягына карата берилген маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында 472 миң 336 кыргызстандык бар, алардын ичинен 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат.