COP17: Дүйнө жаратылышты коргоо боюнча максаттарын аткара алабы?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

фото-иллюстрация

Дүйнө өлкөлөрү 2030-жылга чейин жаратылыштын жоголушун токтотууга, бузулган экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана планетанын кеминде 30 пайызын коргоого убада берген. Бирок белгиленген мөөнөттүн жарымына жакындаганда, бул максаттарга жетүү үчүн жасалып жаткан иштер жетишсиз экени айтылууда.

19–30-октябрда Армениянын Ереван шаарында өтө турган БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 саммитинде өлкөлөр ушул милдеттенмелердин аткарылышын биринчи жолу глобалдык деңгээлде баалашат.

Дүйнө жаратылышты коргоого кандай убада берген?

2022-жылы декабрда Канаданын Монреаль шаарында 190го жакын өлкө жаратылыштын жоголушун токтотуу жана анын абалын жакшыртуу боюнча жалпы макулдашууга жетишкен. Куньмин–Монреаль глобалдык биологиялык ар түрдүүлүк алкагы деп аталган бул документте төрт жалпы максат жана 23 милдет белгиленген.

Алардын негизгилери - 2030-жылга чейин кургактыктын, ички суулардын жана деңиздердин кеминде 30 пайызын коргоого алуу жана бузулган экосистемалардын 30 пайызын калыбына келтирүү.

Өлкөлөр жаратылышты коргоого мамлекеттик жана жеке булактардан жылына 200 миллиард доллар тартууну да максат кылышкан. Анын ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эл аралык мамлекеттик каржылоонун жылына 30 миллиард долларга жетиши каралган.

Мындан тышкары, жаратылышка зыян келтирген субсидияларды жылына 500 миллиард долларга кыскартуу же башка багытка буруу, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү мамлекеттик саясатта, экономикада жана жер пайдаланууну пландаштырууда эске алуу милдеттери коюлган.

Бирок максаттарды кабыл алуу менен аларды ишке ашыруунун ортосунда айырма бар.

COP17нин алдында жарыяланган баалоого ылайык, азыркы темп сакталса, 2030-жылга карата кургактыктын болжол менен 27 пайызы, ал эми океандардын 12 пайызы гана корголушу мүмкүн. Бул эки багытта тең 30 пайыздык максатка жетүү үчүн кошумча чаралар керек экенин даана болуп калды.

Жаратылыштын абалы эмне үчүн маанилүү?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаратылыштын жок болушу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн азайышы менен эле чектелбейт. Ал адамдардын азык-түлүгүнө, таза сууга, кирешесине жана жашоо шарттарына да таасир этет.

2024-жылы жарыяланган глобалдык баалоодо 1970–2020-жылдары байкоого алынган жапайы жаныбарлардын популяциясынын орточо көлөмү 73 пайызга азайганы көрсөтүлгөн. Бул маалымат 5 500дөн ашык түргө тиешелүү. Бирок бул бардык жаныбарлардын саны 73 пайызга азайды дегенди билдирбейт: көрсөткүч байкоого алынган популяциялардын орточо өзгөрүшүн чагылдырат.

Дүйнөдө токойлордун чоң аянттары да кыйроого кириптер болууда. 1970-жылдан бери саздак жерлердин 35 пайызы жоголгону айтылат. Мындай экосистемалар сууну сактоодо, жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн камсыз кылууда жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууда маанилүү роль ойнойт.

Жаратылышка келтирилген зыян адамдардын тиричилигине да түз таасир этет. Мисалы, майда масштабдагы балык чарбалары дүйнөлүк балык уулоонун олуттуу бөлүгүн камсыз кылат жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы болуп саналат. Ал эми токойлордун кыйылышы айрым аймактарда жаан-чачындын азайышына таасир этип, айыл чарбасын кыйындатышы мүмкүн.

Суунун тартыштыгы, катуу ысык жана токой өрттөрү азык-түлүктүн баасына жана жеткиликтүүлүгүнө да таасир тийгизет. Ошондуктан экосистемаларды сактоо экологиялык маселе гана эмес, экономикалык жана социалдык мааниси бар милдет болуп эсептелет.

COP17де кандай маселелер каралат?

Өлкөлөр Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын алкагында эки жылда бир чогулуп, глобалдык максаттарды ишке ашыруунун жолдорун талкуулашат.

Саммиттин күн тартибиндеги негизги маселе - дүйнө өлкөлөрү жаратылышты коргоо боюнча белгиленген максаттарды аткарууда канчалык ийгиликке жетишкенин баалоо. БУУ бул багыттагы дүйнөлүк жетишкендиктер тууралуу отчет жарыялайт. Андан кийин өлкөлөр 2030-жылга чейинки максаттарга жетүү үчүн жакынкы төрт жылда кандай кошумча чараларды көрүү керектигин макулдашышы зарыл.

Дагы бир маанилүү жагы-жаратылышка зыян келтирген ишмердикти колдоого бөлүнгөн субсидияларды жылына 500 миллиард долларга кыскартуу. Себеби, жаратылышка зыян келтирген иштерге берилген каржылык колдоо, тескерисинче, көбөйгөнү белгиленүүдө. Ошондуктан өлкөлөр каржылык колдоону өзгөртүү жана бул маселени чечүү боюнча план иштеп чыгуу жолдорун карашат.

Жаратылышты коргоону каржылоо да саммиттин күн тартибиндеги негизги темалардын бири. 2030-жылга чейин бул максаттарга жыл сайын 200 миллиард доллар бөлүү, анын ичинде мамлекеттик каржылоону жылына 30 миллиард долларга жеткирүү каралган. Өлкөлөр бул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн аралык максаттарды белгилеп, каржылоонун жаңы жолдорун талкуулашы керек.

Мындан тышкары, Cali Fund фондун каржылоо маселеси каралат. Бул фонд генетикалык ресурстарды пайдалануу аркылуу алынган пайданы бөлүштүрүүгө багытталган. Азырынча фонддо каражат дээрлик жок болгондуктан, аны ишке киргизүү үчүн өлкөлөр кошумча чараларды макулдашуусу керек.

Кыргызстан кандай жыйынтыкка жетти?

Глобалдык максаттардын аткарылышы Кыргызстан үчүн да маанилүү. Өлкөдө жаратылышты коргоо боюнча мурдагы иш-чаралардын жыйынтыгы Жетинчи улуттук докладда берилген. Документ Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу жана "БИОМ" экологиялык кыймылынын көмөгү менен даярдалган.

Докладга ылайык, 2014–2024-жылдардагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иш-чаралар планында 10 конкреттүү чара белгиленип, алардын 80 пайызы аткарылган.

Өлкөдө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы да кеңейтилгени айтылат. Докладда 56 корголуучу аймактын жалпы аянты 2,25 миллион гектардан ашары жана бул өлкөнүн аймагынын 11,25 пайызына туура келери көрсөтүлгөн.

Докладда жаратылышты коргоодо чечилбей калган маселелер да белгиленген. Алардын бири - биологиялык ар түрдүүлүктү жер пайдаланууну пландаштырууда жарым-жартылай эле эске алынып жатышы да белгиленет.

Кыргызстандын көрсөткүчтөрү белгилүү бир прогресс бар экенин көрсөткөнсүйт. Бирок пландагы чаралардын аткарылышы жаратылыштын абалы толугу менен жакшырды дегенди билдирбейт. Муну баалоо үчүн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын популяциялары, токойлордун абалы, экосистемалардын калыбына келишина тыкыр көзөмол керек. Ал эми бул каражатты талап кылат.

Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бара жаткан жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 115 түрү киргизилген. Алардын арасында канаттуулардын 57, сүт эмүүчүлөрдүн 23, жерде-сууда жашоочулардын 2, сойлоочулардын 8, балыктардын 7 жана муунак буттуулардын 18 түрү бар. Мындан тышкары, Кызыл китепке жогорку өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 89 түрү киргизилген.