Иран Ормуз кысыгын ачканын жарыялады

Сүрөттүн булагы, maps4media via Getty Images
- Author, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 1 мүнөт
- Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын окуп туруу үчүн WhatsApp каналыбызга катталыңыз.
Израил менен Ливандын ортосунда 10 күндүк ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин Иран Ормуз кысыгын ачты.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи бул чечимди социалдык тармак аркылуу жарыялады.
"Ливандагы ок атышпоо келишимине ылайык, Иран Ислам Республикасынын Порттор жана деңиз иштери уюму тарабынан мурда жарыяланган координацияланган багыт аркылуу ок атышпоо келишиминин калган мөөнөтүндө бардык соода кемелеринин Ормуз кысыгынан өтүүсүнө толук уруксат берилди", - деп айтылат Аракчинин билдирүүсүндө.
АКШ президенти Дональд Трамп чечимден кийин Иранга ыраазычылык билдирди.
"Иран [бийлиги] Иран кысыгы толук ачылганын жана толук каттамдар үчүн даяр экенин жаңы эле жарыялады. Рахмат!", - деп жазды Трамп Truth Social платформасындагы баракчасына.
Бирок ал тынчтык келишими түзүлгүчө АКШ Ирандын портторун блокадага алууну уланта берерин айтты.
Ирандын билдирүүсүнөн кийин мунай баасы болжол менен 9% төмөндөдү.
АКШ–Израилдин 28-февралда башталган, Иранды бутага алган чабуулдарынан кийин Тегеран 3-мартта кысыкты жапкан.
Дүйнөдө өндүрүлгөн чийки мунайдын болжол менен бештен бири эң тар жери болгону 40 чакырымдай болгон дал ушул кысык аркылуу ташылат.
Вашингтон менен Тегерандын Пакистанда өткөн сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыкпагандан кийин Трамп кысык блокадага алынганын билдирген.
АКШ администрациясынан жаңы сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу да билдирүүлөр айтылууда.
Трамп Иран менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы ушул жумада өтүшү мүмкүн экенин жана алар "макулдашууга абдан жакын" экенин ишарат кылды.
Иран менен АКШнын ортосундагы эки жумалык ок атышпоо 22-апрелде аяктайт.
Израил менен Ливандын лидерлери ок атышууну токтотуу келишимине жетишкени бир күн мурда жарыяланган.



























