Активист Азамат Баямановдун иши сотко өттү. Ал бийликти күч менен басып алууга айыпталууда

Адвокат Жаныш Бараков жана активист Азамат Баяманов (оңдо)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Жаныш Бараков жана активист Азамат Баяманов (оңдо)
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы активист Азамат Баямановдун ишин тергеп сотко өткөрдү. Бул тууралуу активисттин адовкаты Жаныш Бараков Би-Би-Сиге билдирди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча айыпталууда. Бул беренеде 10 жылдан 15 жылга чейин жаза каралган.

Азамат Баямановдун адвокаты Жаныш Бараковдун айтымында, активист өзүнө тагылган айыпты кескин түрдө четке кагып, бийликти басып алууга эч кандай аракет жасабаганын билдирүүдө.

"Баяманов өзүн толугу менен күнөөсүз деп эсептейт жана видео кайрылуулары тынч жарандык позициясын билдирүү максатында гана жасалганын белгилейт", - деди Жаныш Бараков

Адвокат кылмыш ишин козгоого негиз болгон лингвистикалык экспертизанын корутундуларына да макул эместигин билдирип, аларды негизсиз деп эсептейт.

Активист Азамат Баяманов жерлерди чет өлкөлүк инвесторлорго узак мөөнөткө пайдаланууга берүүгө каршы экенин билдирип, бул тууралуу бир нече видео кайрылуу жарыялаган. Ал 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирип чыккан.

"УКМКнын сурагына кирип чыктым. Ал жерде бир нече саат кечээги видеокайрылуу боюнча суроолорго жооп бердим. Кызматкерлер сылык-сыпаа мамиле кылышты. Баары жакшы. Эң негизгиси, биз кайрылуу боюнча максатыбызга жеттик десек болот", - деген Баяманов.

Андан көп өтпөй, 24-июлда активисттин Facebook баракчасына жума намазынан кийин белгисиз адамдар аны күч менен унаага салып кетишкени тууралуу билдирүү жарыяланган. Кийин анын кармалганы аныкталган.

25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активистти эки айга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалып турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баямановго Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү жана 278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар) боюнча айып тагылган.

Быйыл жайында жер маселеси коомдук талкууга түшкөндөн кийин бул темада пикирин билдирген башка да блогерлер менен активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалган. Улуттук коопсуздук боюнча атайын комитет (УКМК) Threads платформасынын эки колдонуучусу кармалганын маалымдаган. УКМК жарандарды мыйзамсыз массалык акцияларга тартууга багытталган материалдарды интернетте таратуу, ошондой эле массалык башаламандык уюштурууга жана ага чакырык жасоого мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскерткен.

Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караган жобого өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Бул маалыматтан кийин коомдо кызуу талкуу пайда болгон.

Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү бир нече жолу чет өлкөлүк жарандарга жер сатылбай турганын, аларга мыйзамда каралган мөөнөткө гана пайдаланууга берилерин билдирген.

Анын айтымында, чет өлкөлүк инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда буга чейин эле колдонулуп келген практика болуп саналат жана сунушталган өзгөртүүлөр инвесторлордун жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Президент ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар жана компаниялар жерге менчик укугун ала албастыгын, жер мамлекеттин менчиги бойдон каларын белгилеген.

"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт", - деген Жапаров.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков болсо бул маселеге байланыштуу жалган маалымат таратып, коомдук кастыкты козутууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.

Аны менен катар бийлик чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурларына байланыштуу чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөткөн. Ошондой эле мыйзам бузгандарын жоопко тартып, айрымдарын депортация кылуу чечимдери да кабыл алынган.