Жээнбек Кулубаев менен Марко Рубио Самаркандда жолукту

Кулубаев
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту. Рубио жолугушуу тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, Кулубаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

""С5" форматындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин ар бири менен жолугушуу мен үчүн кубанычтуу болду",- деп жазды Рубио.

Ал жолугушуу АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, экономиканы чыңдоого жана аймактык коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

"Биз биргелешип коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экономиканы чыңдап жана аймактык коопсуздукту жогорулатып жатабыз. Маанилүү минералдык ресурстарды өндүрүүдөн тартып, энергетика, транспорт, технологияга чейинки артыкчылыктуу тармактардын ар биринде кызматташтыгыбыз жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бакубаттуулукту арттырууга жана бардык өлкөлөрдүн коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт",- деген ал.

Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия – АКШ" (С5+1) форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен да жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын мүмкүн болгон катышуусу менен каржылоо шарттарына, ошондой эле техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду.

"С5+1" форматындагы жолугушуу 2015-жылы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Бул форматтагы тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусу 2015-жылдын 1-ноябрында Самарканд шаарында өткөн. Ага АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Жон Керри да катышкан.

Жолугушуунун алкагында аймактык коопсуздук, экономика, энергетика, соода жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланат.