Жогорку Сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырды

Мадумаров
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Cот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго байланыштуу чыккан мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырды. Анын кассациялык арызы 20-октябрда каралды. Бирок оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылып, журналисттер сот залына киргизилген жок. Адахан Мадумаров мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Cотко өзү кайрылган.

2024-жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровго козголгон кылмыш иштери боюнча аны күнөөлүү деп тапкан өкүм чыгарган. Ошол эле учурда кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза дайындалган эмес. Саясатчы УКМКнын тергөө абагында дээрлик жети ай отурган. Кийин, 10-июлда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Саясатчыга козголгон эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип каралган.

Алардын биринчиси 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге байланыштуу протоколго кол коюлушу менен байланышкан. Ал учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Мадумаровго алгач "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча айып тагылган.

2023-жылдын сентябрында Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылык жана алдамчылык боюнча айыпталып кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Иш 2009-жылы, ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда, Тажикстан тарап талаштуу Төрт-Көчө тилкесин ижарага алуу боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу болгон.

Президент Садыр Жапаров мурдагы маектеринде бул протокол Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу талашка себеп болгонун билдирген. Мадумаров болсо документтин юридикалык күчү жок деген позициясын карманып келет.

2024-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпты "мамлекеттик чыккынчылыктан" "бийликтен аша чабуу" жана "алдамчылык беренелерине" өзгөрткөн. Мадумаров күнөөлүү деп табылган, бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген эмес.

2024-жылдын апрелинде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаровдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, депутаттык мандатынан ажыраткан.

Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш иши аны парламенттен четтетүү максатында козголгонун билдирген.

61 жаштагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан талапкер. Ал 2010-жылгга чейин мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган. 2007-жылы парламенттин төрагасы болуп шайланган. 2010-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясын негиздеп, анын жетекчиси болгон. 2021-жылы парламентке депутат болуп шайланган.