Саясатчы, мурдагы депутат Исхак Масалиев кыргыз тилинен тест тапшырды

Масалиевдин тест тапшыргандан кийинки сүрөтү. 20-октябрь, 2026
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Масалиевдин тест тапшыргандан кийинки сүрөтү. 20-октябрь, 2026
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Саясатчы, мурдагы депутат Исхак Масалиев Кыргызстандын Илимдер академиясынын башкы кеңсесинде кыргыз тилинен тест тапшырды. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тестте Масалиев окуу бөлүгүнөн 73, угуу бөлүгүнөн 76 упай алды. Тесттин жалпы жыйынтыгы бир апта аралыгында чыгары айтылды.

"Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинскаянын айтымында, тест президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнү көздөгөн жарандар үчүн өткөрүлүүдө. Анын айтымында, бул максатта азырынча төрт жаран тест тапшырган.

"Жалпы тест тапшырууга эки талапкер келген. Бүгүн эртең менен дагы бир талапкер келди. Ирети менен санасак бул төртүнчү талапкер. Дагы бир талапкер жазылды. Ошону менен беш киши тапшырды. Мурда сертификат алгандар бар. Жоготуп алгандар келип көчүрмөсүн алып кетип жатат",- деди Батма Топоева-Ставинская.

Исхак Масалиев президенттик шайлоого катышарын азырынча ачык билдире элек.

"Мен үчүн оңой эмес. Мектепти, ЖОЖду орус тилинде аяктагам. Ачыгын айтканда, мен үчүн бир аз оор. Себеби, мен колдонбогон сөздөр бар. Чыгармалар боюнча кыргыз тилинде окубаган чыгармалар бар экен. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мен орус тилинде окугам. Ошондуктан айрым тапшырмаларда мага мүмкүнчүлүк болду. Садыр Нургожоевичтин сүйлөгөн сөздөрүн мен угуп жүрөм. Тестте ал кишинин сүйлөгөн сөздөрүн колдонгон. Айрым учурда бир аз кыйынчылык болду. Тапшырмалардын 25 пайызы бир аз оор болду. Ийгиликке жетем деп ойлоп жатам. Болбосо, окуйбуз, келечек алдыда",- деди Масалиев.

8-октябрда президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев "Кыргызтестке" кырыз тилинен тест тапшырган.

Бирок экөө тең мамлекеттик тилдин деңгээлин аныктаган тесттен өтпөй калган. Өмүрбек Суваналиев окуудан – 87 балл, угуудан – 84 балл менен өтөт. Сыймык Жапыкеев болсо окууну – 63 баллга, угууну – 76 баллга тапшырат.

Кийинки баскычтан Өмүрбек Суваналиев жазуудан – 56 балл, сүйлөөдөн – 65 балл алган. Сыймык Жапыкеев жазуудан – 55 балл, сүйлөөдөн – 63 балл алган. Ошондо Суваналиевге 4 балл, Жапыкеевге 5 балл жетпей калган.