"Шумкар" кыймылынын маалыматтары экстремисттик деп табылды

төрт киши
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 12-октябрындагы чечими менен "Шумкар" кыймылынын маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланды.

"Соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында төмөндөгү террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Төмөнкү адамдар аркылуу жүргүзүлгөн уюмдун ишмердүүлүгү:

Кушбек Самат (мурдагы аты-жөнү Жумалиев Самат Кушбекович), 1982-жылы туулган, Кенжебаев Сыргак Медеркулович, 1982-жылы туулган, Раев Айдарбек Жаныбекович, 1991-жылы туулган, Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу (мурдагы аты-жөнү Болтуруков Тенизбек Аяпбергенович), 1965-жылы туулган.

Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланган маалымат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланган маалымат

"Шумкар" кыймылынын мүчөсү Айдар Раев Ютубдагы каналында соттун чечимине төмөнкүдөй комментарий берди:

"Биздин кыймыл эч кайсы жерде каттоодон өткөн эмес. Ошондуктан бир дагы баракчаны жаба албайт, бирөөнү да сотко бере албайт. Буга чейин Болот Темировго, Kloop медиасына куугундук болгон. Эми бизге асылып жатышат. Биз төртөөбүз кадимки эле кыргызстандыктарбыз, болгону өлкөнүн тышындабыз. Биз чындыкты айта алабыз. Ошон үчүн биздин маалыматтарды экстремисттик деп жатышат. Бизди "Хизб ут-Тахрир", "Аль-Каидага" барабар кылып койду".

Азырынча Октябрь райондук соту кайсы материалдын негизинде террористтик же/жана экстремисттик деп тапканы тууралуу маалымат тараткан жок. 12-октябрдагы чечимдин бир нече күндөн кийин гана коомчулукка жарыяланышы түрдүү суроолорду жаратты.

Буга чейин Сыргак Кенжебаев "Кумтөрдүн" мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге "Шумкар" аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыялаган. Алар коомдук сайттарда бийликти сындаган видеолорду жарыялап келишет.

13-октябрда Ички иштер министрлиги Сыргак Кенжебаев жапырт башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалып, чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирилгенин билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган. Аталган факты боюнча ИИМ Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон", - деп айтылган расмий маалыматта.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова ошол эле күнү "ЭрСыргак" Youtube каналында түз эфирге чыгып, Айдар Раев менен маектешип, мурдагы жолдошу Сыргак Кенжебаевдин кармалганы боюнча пикирин билдирген. Ал "Шумкар" кыймылынын саясий багытын жеке өзү колдой турганын айткан.

"Мурдагы жолдошум Кенжебаевдин айткандарын чындык деп эсептейм. Ал ошол чындыкты айтам деп өз өмүрүн тобокелге салууга аргасыз болду. Азыр эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп турасыңар. Менин түшүнүгүмдө, аны кытайлык агенттер, анын ичинде кыргызстандыктар да кармашкан. Мунун баары тоталитардык режимдерге мүнөздүү мыйзамсыз, одоно аракеттердин үлгүсү менен жасалды. Тилекке каршы, өлкөбүздө чындыкты айтууга азыр тыюу салынгандай болуп калды. Чындыкты сүйлөгөндөр жок болуш керек деген мамиле өкүм сүрүүдө",- деген Ширин Айтматова.

Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынган. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда карап, ушундай чечим чыгарган. Ал Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде (СИЗО-1) болот.

Кенжебаевдин кармалганы боюнча адвокаттары комментарий берише элек.

Жакында эле президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындагы суроолорго жооп берип, ал компанияны жетектеп турганда өзүнө ири маяна коюп, коррупциялык иштерге барып, кийин өлкө жетекчилигин 630 миллион доллар алып алды деп курулай доомат коюп жатканын айткан.

Мунун алдында президентке жергиликтүү тургундардын бири элди интернет аркылуу бөлүп-жарып жаткандарга чара көрүлөбү деп суроо узаткан.

"Мен башында Бөлтүрүктү кыйын адис деп алып келдим эле. Анын чекесинде ууру, кыйын деле адис эмес деп жазылбагандан кийин билбейт экенсиң да. Канада, Казакстанда чет өлкөлүк компанияларды башкарып жүрөт десе, мен ишенип, аны алып келген элем. Кийин ал "Кумтөрдүн" ашмалтайын чыгарып жиберди",- деген эле Жапаров.

2025-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.

Талдоочулар бул окуяны медиа материалдардын экстремисттик деп табылышы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кездешип жатат деп айтышкан эле.

Бир апта мурда иликтөөчү журналист Болот Темиров The Albies эл аралык сыйлыгын алганын билдирди. The Albies сыйлыгы Темировго жана анын жубайы, журналист Махабат Тажибек кызына берилгени кабарланган.

"Бул эмгегиңдин, чындыкты айтууга болгон аракетиңдин жана кесибиңе берилгендигиңдин бааланганы",- деп жазган эле Темиров.