Шакирадан Лопеске чейин: Борбор Азия супержылдыздар үчүн жаңы базарга айландыбы?

Шакира ва Женнифер Лопес расмларидан иборат коллаж.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмийлер дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү куралы катары карашат.
    • Author, Санжар Эралиев
    • Role, Би-Би-Си Өзбек кызматы
    • Reporting from, Бишкек
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Борбор Азия дүйнөлүк поп-жылдыздардын бири Шакираны күтүүдө. Учурда ырчыга төлөнүүчү гонорар жана бул концерт Кыргызстандын экономикасына канча киреше алып келери тууралуу талкуулар кызуу жүрүүдө.

Бир жыл мурда чөлкөмдө ушул сыяктуу талаш-тартыштарга америкалык ырчы Женнифер Лопестин концерттери себеп болгон.

Миллиондогон долларлык гонорарлар, миңдеген чет элдик коноктор жана туризмден күтүлүп жаткан киреше тууралуу сандык маалыматтар мындай иш-чараларга болгон кызыгууну ого бетер арттырууда.

Бирок мындай концерттер өлкө экономикасына чындап эле пайда алып келеби? Борбор Азия мамлекеттери эмне үчүн дүйнөлүк жылдыздарды чакырып жатат? Бул туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолубу же өлкөнүн имиджин илгерилетүү куралыбы?

30 миллион доллар киреше?

18-октябрда Бишкекте колумбиялык таанымал ырчы Шакира Борбор Азиядагы алгачкы концертин берери күтүлүүдө. Кыргызстандын борборунда концертке даярдык эбак эле шаар көрүнүшүнүн бир бөлүгүнө айланды. Жарнамалык роликтерди ири экрандардан тартып, көчө баннерлеринен жана айрым тейлөө түйүндөрүнөн да көрүүгө болот.

Расмийлер бул концертке өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча катары да карашат.

"Бишкек Аренага 60 миң күйөрман келиши күтүлүүдө. Алардын 30 миңи чет элдик коноктор болот. Эсептөөлөргө караганда, ар бир чет элдик конок орто эсеп менен 940 доллар сарптайт. Бул суммага билет, транспорт, логистика жана мейманкана чыгымдары кирет. Элестетип көрүңүз, 30 миң конок бир күндө дээрлик 30 миллион доллар сарптайт. Бул болсо өлкө экономикасына олуттуу салым болуп саналат", — дейт Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов.

Bishkek Arena майдонининг ташқи кўриниши.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шакиранын концерти өтө турган Bishkek Arena 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Бирок бул сандар азырынча болжол катары каралууда. Концерттин экономикалык натыйжалуулугу тууралуу так жыйынтык чыгаруу үчүн иш-чарадан кийинки маалыматтар талап кылынат.

Бишкектик жарандык активист Жаннат Токтосунова болсо расмий эсептөөлөргө этияттык менен мамиле кылуу керектигин белгилейт:

"Эдуард Кубатов айткан 30 миллион доллар так эсептөөбү же жөн эле болжолбу, белгисиз. Чет элдиктердин авиабилетке жумшаган акчасы негизинен чет элдик авиакомпанияларга түшөт, анткени Кыргызстандын авиакомпанияларынын учуулары чектелүү. Мейманкана жана тамактануу чыгымдарын эске алганда да, бул санды кеминде эки эсеге азайтуу керек. Буга кошумча, концерт күнү жолдордун жабылышы жана кыймылга киргизилген чектөөлөр Бишкектин экономикасына канча зыян алып келерин да эсептөө зарыл".

51 миң кишилик «Бишкек Аренада» өткөрүлөөрү пландалган концерттин билеттери 12 миң сомдон 180 миң сомго чейин белгиленген. Айрым банктар болсо билет сатып алуу үчүн кардарларга бөлүп төлөө шарты менен насыя сунуштап жатышат.

Журналист Сабир Абдумўмунов BBC саволларига жавоб бермоқда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сабыр Абдымомунов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси да жигердүү жарнамалап жаткан концерт үчүн Шакирага канча гонорар төлөнөрү тууралуу расмий маалымат ачыкталган жок. Иш-чараны жеке компания уюштуруп жатканы, ал эми ырчыга төлөнүүчү каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, демөөрчүлөрдүн эсебинен жабылары айтылууда. Бирок демөөрчүлөрдүн аты аталган эмес.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, расмий ырастала элек кабарларга ылайык, Шакиранын гонорары 6–7 миллион доллардын тегерегинде болушу мүмкүн.

"Борбор Азияда акыркы учурда уюштурулуп жаткан белгилүү дүйнөлүк супержылдыздардын концерттерине эки тараптуу кароого болот. Биринчиси, бул өлкөлөрдүн туризм тармагына чоң көңүл буруп жатканында жана концерттер аркылуу өз өлкөсүн дүйнөгө таанытууну максат кылганында. Экинчи жагы болсо саясий. Албетте, өлкө жетекчилиги муну ачык айтпайт жана дүйнөлүк жылдыздардын концерттерине таптакыр тиешеси жоктой көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок ошол эле учурда, белгилүү жылдыздардын келиши ошол мамлекеттин жана өлкө жетекчилигинин имиджинин көтөрүлүшүнө кызмат кылат", — дейт журналист Сабыр Абдумомунов.

Лопестин концерттери эмнени көрсөттү?

Борбор Азияда супержылдыздардын гонорары жана концерттерден түшкөн киреше тууралуу талаш-тартыштар жаңылык эмес. 2025-жылы америкалык ырчы Женнифер Лопестин аймактагы гастролдору да ушундай суроолорду күн тартибине алып чыккан.

Лопес Ташкентте, Астанада жана Алматыда концерт берген. Анын ар бир шаардагы чыгуусу үчүн гонорары дээрлик 7 миллион долларды түзгөнү тууралуу кабарлар тараган, бирок бул сандар расмий түрдө ырасталган эмес.

"Бул процесс өзүнүн табигый нугу менен уланууда. Качандыр бир кезде Борбор Азияга да дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздар келиши керек эле. Демек, бул багытта оң өнүгүү бар. Муну көбүрөөк мамлекеттин аброю үчүн жасалган деп эсептебейм. Буга саясий себептерди көрбөй турам. Башкы орунда туризм турат", — дейт ташкенттик продюсер Сардор Комилов.

Продюсерлар жаҳон юлдузларининг концертларини ижобий баҳолайдилар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Продюсерлер дүйнөлүк жылдыздардын концерттерине оң баа беришет.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ташкенттеги концертке 31 миңден ашык көрүүчү катышканын жана алардын жарымы чет элдик коноктор болгонун жазышкан. Концертке байланыштуу төлөнгөн салык 42,5 миллиард сумду түзгөнү айтылган.

Алматыда болсо болжол менен 27 миң көрүүчү чогулуп, алардын 7 миңи чет өлкөдөн келген. Ал жактагы салык түшүүлөрү 600 миллион теңгенин тегерегинде бааланган.

Кымбат билеттер жана жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүгү

Ири концерттердин экономикалык натыйжалуулугу тууралуу талаштар билет баалары менен да түз байланыштуу. Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын кирешеси жана сатып алуу жөндөмдүүлүгү бирдей эмес.

Дүйнөлүк банктын жана улуттук статистиканын маалыматтарына караганда, Өзбекстан жана Кыргызстан кирешеси ортодон төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Эки өлкөдө тең айыл жеринде жашаган калк олуттуу үлүштү түзөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Чаткал районунда жашаган Адина Шералиева Шакиранын концертинин билеттерин абдан кымбат деп эсептейт: "Шакиранын концертине эң арзан билет 12 миң сом экен, бул акчага мен 30 кап көмүр сатып алам. Эң кымбат билет 180 миң сом экен. Бул акча карапайым адамдардын дээрлик бир жылда тапкан кирешеси".

Концерттердин айланасындагы талкуулар экономика менен гана чектелбей жатат. Социалдык тармактарда артисттердин образы тууралуу да талаштар бар. Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда айрымдар ырчылардын кийимдери улуттук баалуулуктарга туура келбестигин сындап, башкаларды концертке барбоого чакырышууда.

"Мен мындай сын-пикирлерге олуттуу кароону каалабайм. Чынында бул ырчылар андай пикирлер айтылабы-жокпу, көңүл да бурушпайт. Ал буйрутма менен келет жана өз стилинде ырдайт, бул анын имиджи. Ал: "Мен Борбор Азияга баратам, эми атлас көйнөк менен топу кийип ырдайын", — дебейт. Ал өз гонорарын алат жана өзүн супержылдыз кылып турган стилинде ырдап, кетет. Ал дал ушунусу менен супержылдыз", — дейт Сабыр Абдумомунов.

Бул жаңы процесспи?

Чындыгында, дүйнөлүк поп-жылдыздардын Борбор Азия менен байланыштары бир топ мурда башталган.

2013-жылы Женнифер Лопес Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун туулган күнүнө карата Ашхабадда өткөрүлгөн жеке иш-чарага катышып, ага "Happy Birthday, Mr. President" ырдап берген. Эл аралык басылмалар бул чыгуусу үчүн Лопеске болжол менен бир миллион доллар төлөнгөнүн жазышкан.

Бирок серепчилер Ашхабаддагы жеке иш-чараны Ташкенттеги, Алматыдагы же Бишкектеги массалык концерттер менен салыштырууга болбостугун баса белгилешет. Анткени бул концерттер миңдеген көрүүчүлөр үчүн ачык жана билет сатуу аркылуу каржыланууда.

Дүйнөлүк деңгээлдеги артисттердин гастролдук турлары адатта бир нече айга, кээде жылдарга созулган даярдыкты талап кылат. Сүйлөшүүлөр, аянтчаны даярдоо, техникалык талаптар, коопсуздук жана логистика — мунун баары жүздөгөн адистердин эмгегин талап кылат. Ошондуктан аналитиктер чоң гастролдорду жөн гана маданий иш-чара эмес, ири бизнес долбоору катары карашат.

"Биздикилер качан чыгат?"

Кыскасы, Борбор Азия адатта ири гастролдук карталарда сейрек кездешүүчү аймактан белгилүү артисттер көңүл бурган базарга айланып баратат. Бирок бир маанилүү суроо ачык бойдон калууда: бул концерттер аймакка туруктуу туристтердин агымын жана экономикалык пайда алып келе турган салтка айланабы же ызы-чуудан кийин токтоп калуучу убактылуу процесспи?

"Бир гана нерсе өкүнүч жаратат. Бизге чет элдик жылдыздар келип жатат, бирок өзүбүздүн искусство өкүлдөрүнөн кимдир бирөө качан дүйнөгө таанылат болду экен? Биздикилер да тойлор менен гана чектелип калбай, дүйнөлүк сахналарды багындырса кана аттиң. Тилекке каршы, биздин ырчылардын ишмердүүлүгү негизинен той кызматтарына байланып калган. Толук маанидеги чыныгы сахна артисттерибиз, моюнга алуу керек, абдан аз", — дейт продюсер Сардор Комилов.