"Социал-демократтардын" иши: Шайлообек Атазов акталганын билдирди

Шайлообек Атазов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлообек Атазов
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов 14-октябрда Биринчи май райондук сотунда акталганын билдирди. Ага карата "Жапырт башаламандык" беренеси боюнча айып тагылган. Атазовдун маалыматына караганда, сот депутаттын аракетинде кылмыштын курамы жок деген тыянак чыгарган.

"Бүгүн мага каршы "заказ" уюштурган шылуун, зөөкүр адамдардын дээрлик көбү жумуштан кетсе, кечээ эле менин колума мыйзамсыз кишен салып, камагандар өздөрү темир тор артына кетти! Бул жашоодо түз жана ак жүрсөң, Кудай сени эч качан кор кылбайт экен! Кудайыма чексиз шүгүрлөр болсун! Апамдын, карапайым элдин дубасы кабыл болду!" -, деп жазды Шайлообек Атазов Фейсбуктагы баракчасына.

Ошол эле маалда Шайлообек Атазов бул адамдардын аты-жөнүн атаган жок.

2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон ондой адам жапырт кармалган. Алардын арасында Шайлообек Атазов да болгон. Мунун алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле Казакстандын эки жаранына "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча айып тагылган.

ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Жума башында саясатчы Исхак Масалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине курган маегинде милиция Адахан Мадумаровдун үй-бүлөсүнө таандык делген акчаны кайтарып бергенин билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошентип, былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин ичинен Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө каралып жаткан.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-октябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду 7 жылга, Кадыр Атамбаевди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Сот Султанбеков менен Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Эрмек Эрматов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышты жашыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ага бир жыл пробациялык көзөмөл дайындалган. Кубанычбек Кадыров соттун чечими менен акталган. Казакстандын жана Кыргызстандын жараны Абдурахим Абдрахманов жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жылга эркинен ажыратылган. Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек 1 жыл 9 айга кесилген. Бирок ал тергөө учурунда абакта отурган мөөнөтүн толук өтөп койгонуна байланыштуу сот залынан бошотулган.