"Айта турган сөзүм бар". Аймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазды

Аймен Касеновдун БШК сайтында жарыяланган сүрөтү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аймен Касеновдун БШК сайтында жарыяланган сүрөтү
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 14-октябрда, Аймен Касенов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) кайрылды. Маалымат БШКнын сайтында жарыяланды. Аймен Касенов өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүп жатканын Би-Би-Сиге ырастады:

"Шайлоого барам. Айта турган сөзүм бар. Программам даяр. Ошол. Айта турган сөз дегенде программаны айтып жатам. Жол көрсөтүү керек да. Программамдын аты "Жер, суу, аманат". Калганын азыр айта албайм. Азыр айтсам үгүт болуп калат".

Аймен Касенов 52 жашта. Ал 1992–1996-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде, 1999–2001-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинде юридикалык билим алган.

Эмгек жолун 1996-жылы "НЕФКО" мунай компаниясында логистика боюнча менеджер болуп баштаган. 2007–2015-жылдары "Газпромнефть-Казахстан" компаниясынын башкы директору болгон. 2015–2016-жылдары Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин кеңешчиси, 2016–2018-жылдары Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү кызматын аркалаган.

2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Ал 12 684 добуш алган. Бул шайлоого катышкан адамдардын санынын 0,91 % түзгөн.

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Буга чейин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев, мурдагы депутат Исхак Масалиев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. Бирок азырынча алар расмий түрдө арыз тапшыра элек. Азыркы президент Садыр Жапаров да кийинки мөөнөткө бара турганын айткан.