"Путинге караганда Трамп менен оңой тил табышам". Зеленский АКШ президентинин жемесине жооп кайтарды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушту. Ошол жолугушуудан кийин Украина жана анын европалык өнөктөштөрү АКШны кошпостон, Орусия менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү каналын түзүүнү талкуулап жатканын айтты. Ал арада Дональд Трамп Зеленский менен тил табышуу оор болгонун айтып, Украинанын Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна соккуларын "уят" деп атады.
"Европада биринчи кезекте биздин кызыкчылыктарды коргогон каналдын болушу үчүн жана орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандай форматты табуу үчүн Европа айрым кадамдарды жасап жатат. Ошондуктан, менимче, мунун баары сөзсүз ишке ашат".
Бул тууралуу Зеленский Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдирди.
Зеленский коомдук сайттарга Кошта жана фон дер Ляйен менен ЕБнын Украинага жардамын талкуулаганын кыскача жазды.
"Бүгүн биз мындан аркы жардамдар, биринчи кезекте энергетикага жана абадан коргонууга тиешелүү муктаждыктарыбыз тууралуу сүйлөштүк. Ошондой эле айрыкча келерки жылга финансылык туруктуулугубузду колдоо маселесин талкууладык", - деп жазды Зеленский.
Урсула фон дер Ляйен Орусия согушту токтотмоюнча, Евробиримдик ага каршы санкцияларды албай турганын дагы бир жолу кайталады. Дональд Трамптын администрациясы өткөн жумада Москва АКШга дизелди жеткирип турушу үчүн Орусияга киргизилген санкцияларды убактылуу алып салган.
Сурамжылоолорго караганда, ноябрдын башында Конгресске шайлоодо республикачылар жеңилип калышы мүмкүн. Ошол себептен Дональд Трамп шайлоонун алдында күйүүчү майдын баасын түшүрүүгө аракет кылып жатат. Трамптын ырасташынча, Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку уруп жаткандыктан баалар көтөрүлүүдө.
Бирок Трамптын көптөгөн оппоненттери мунайга жана мунай өнүмдөрүнө дүйнөлүк баа АКШнын Иран менен согушунан улам көтөрүлгөндүктөн, бул чындыкка коошпойт деп түшүндүрүшөт. Алардын баамында, АКШнын масштабынан алып караганда Орусия жеткирген күйүүчү майдын көлөмү дүйнөлүк бааларга дээрлик таасир этпейт.
Зеленский Трампка жооп кайтарды
Бейшембиде Трамп бул сөзүн Newsmax телеканалына берген маегинде да кайталады.
"Мен Зеленскийдин токтошун каалайм, Путинден да ушуну күтөм. Эми, эгерде сиз Зеленский мунайды кайра иштетүүчү заводдорго кайрадан сокку уруп жатат десеңиз, анда ал мунайдын дүйнөлүк баасын жогорулатууну гана көздөп жатат. Мен муну уят деп эсептейм", - деди Трамп Newsmax каналына берген маегинде.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан тышкары, Трамп Зеленский согушту токтотуу тууралуу макулдашууну каалабай турганын, "Зеленскийдин күйөрманы болбогонун" жана Украинанын президентине караганда Путин менен тил табышуу оңой экенин билдирди.
Брюсселдеги басма сөз жыйынында Зеленскийден Трамптын бул билдирүүлөрү тууралуу пикирин сурашканда, ал: "Путинге караганда мени менен тил табышуу оор бекен, ээ? Ал эми мен үчүн Путинге караганда Трамп менен тил табышуу оңой", - деп жооп кайтарды.
"Мен АКШнын президенти менен бир нече жолу жолуктум, биз дайыма талкуулоо жана чечим кабыл алуу үчүн темаларды таба алабыз. Мен Украинанын жана украин элинин гана кызыкчылыгын көздөп келем".
Зеленский Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүн каалабай жатканын кошумчалады. "Бул согушту токтотуу боюнча чыныгы каалоого мыскылдай эле көрүнүп жатат. Путин согуштун бүтүшүн каалабайт", - деди Украинанын президенти.
Зеленский басма сөз жыйынында Трамптын Путин менен түзгөн "дизель келишимин" кайрадан айыптады, себеби ал мындай келишим Москвага жаңы жеңилдиктерге жол ачат деп эсептейт.
"Биз дизель келишимдерин кабыл ала албайбыз, себеби андан ары газ менен келишимдер болот, газга салынган санкциялар алынат, ушундай болоруна көзүм жетип турат", - деди Украинанын президенти. Зеленский мындан ары банк секторуна киргизилген санкциялар жана жеке санкциялар алынышы мүмкүн деп эсептейт.
Пресс-конференциянын соңунда Зеленскийден "Трамп саясаттагы көйгөйлөрү үчүн күнөөнү сизге оодарганы аракет кылып жатат деп ойлойсузбу?" деп сурашкан. Зеленский болжол менен 15 секунда үн катпай отуруп, анан жылмайып: "Менин жообум мына ушундай", - деди.
Starlink ылдамдыгына ким таасир этүүдө?
Зеленскийден Starlink спутниктик байланышынын аскердик сегментинин иштөө ылдамдыгы тууралуу да сурашты. Тактап айтканда, Трамптын дизелге байланыштуу билдирүүлөрүнөн кийин акыркы күндөрү украиналык аскерлер байланыштын ылдамдыгы басаңдаганын айтышууда.
Зеленский ылдамдык калыбына келип жатканын айтып, "бирок азырынча толук эмес", - деди.
Ал арада сегиз америкалык сенатор, негизги партиялардын ар биринен төрттөн сенатор АКШнын Коргоо министрлигинин башкы инспекторуна кат жазып, Starlink'тин ылдамдыгынын басаңдашынын себептерин чукул арада иликтөөнү талап кылышкан. Сенаторлор буга Пентагондун же анын подрядчыларынын тиешеси барбы же жокпу – мына ушуну билгиси келүүдө.
Буга чейин Ак үйдүн өкүлдөрү ылдамдыкты басаңдатууга буйрук бергенин четке кагышкан. Бирок Space X компаниясынын ээси Илон Маск спутниктик интернет тармагынын аскердик сегментин колдонуу чечимин АКШ президентинин администрациясы кабыл аларын айткан. (ZMa)

































