COP17: Сейрек жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактап калуу үчүн 500 миллион доллар бөлүү убадаланды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Элеанора Куленбекова
- Role, Би-Би-Синин кабарчысы
- Reporting from, Ереван
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Ереванда өтүп жаткан COP17 саммитинде тогуз жеке донор 2030-жылга чейин жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоого кошумча 500 миллион доллар бөлүүгө убада берди.
Бул тууралуу 16-октябрда өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде Bezos Earth Fund фондунун жаратылышты коргоо багытынын жетекчиси Кристиан Сампер билдирди.
Анын айтымында, жаңы демилгеге Bezos Earth Fund менен бирге дагы сегиз жеке донор катышат. Каражат 100дөн ашык өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдү сактоого жана алардын санын калыбына келтирүүгө жумшалат.
"2030-жылга чейин 100дөн ашык өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калуу үчүн кошумча 500 миллион доллар инвестициялайбыз. Бул каражат Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкактык макулдашуунун 4-максатын ишке ашырууга жардам берет", - деди Nature Solutions жетекчиси Кристиан Сампер.
Бул демилге Куньмин-Монреаль глобалдык биологиялык ар түрдүүлүк алкагынын төртүнчү максаты - адамзаттын ишмердүүлүгүнөн улам жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болуп кетишине жол бербөөнү жана коркунучта турган түрлөрдүн санын калыбына келтирүүнү көздөйт.
Кристиан Сампердин айтымында, Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык биримдиктин Кызыл тизмесинде жапайы жаратылышта жок болуп кеткен, өтө жогорку коркунучта турган же жоголуу коркунучу бар 31 миңден ашык түр катталган. Алардын ичинде 10 миңден ашык түр толугу менен жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул түрлөрдүн 10 пайызында 50гө жетпеген өкүлү калган.
Жаратылышты коргоого миллиарддаган доллар бөлүнөт
Сампер жаратылышты коргоону каржылаган Protecting Our Planet (POP) коалициясынын иши тууралуу да маалымат берди.
12 жеке донордон турган бул коалиция 2030-жылга чейин дүйнөдөгү кургактыктын жана деңиз аймактарынын кеминде 30 пайызын коргоого көмөктөшүү үчүн жалпы 5 миллиард доллар бөлүүгө убада берген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коалиция 2026-жылдын аягына чейин бул сумманын 3,7 миллиард долларын бөлүштүрүп берүүнү күтүп жатат. Сампердин айтымында, бул коалициянын максатына мөөнөтүнөн мурда жетүү жолунда экенинин көрсөткүчү:
"Ушул жылдын аягына чейин POP өнөктөштөрү 2030-жылга чейин бөлүүгө убада кылынган 5 миллиард доллардын 3,7 миллиард долларын бөлүп беришет. Бул бизге алгачкы убадабызды 2030-жылга чейин аткарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Кристиан Сампер.
Анын сөзүнө караганда, жаратылышты коргоого каражат бөлүү маанилүү, бирок ошол каражаттын жардамы менен кандай натыйжаларга жетишүү мүмкүн экени андан да маанилүү.
Саммитте жоголуу коркунучундагы түрлөрдү сактоо жана алардын санын калыбына келтирүү боюнча CARES аттуу жаңы демилге да ишке киргизилди. Ага Армения, Колумбия жана башка 14 өлкө катышууда.
Бул демилгелер COP17де кабыл алынган глобалдык максаттарды иш жүзүндө аткарууга жана жаратылышты коргоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө багытталган.
Садыр Жапаровдун төрт сунушу
Кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы бүгүн Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын Лидерлер саммитинин ишине катышып жатат.
Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан "Меридиан" көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.
"Глобалдык жылуулуктун таасиринен улам Борбордук Азиядагы мөңгүлөр эрип, тоолуу экосистемаларга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу коркунуч жаралууда", - деди Садыр Жапаров COP17 Лидерлер саммитинде сөз алып жатып.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кыргыз президенти дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштады: Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу, карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо.
Президент өз сөзүндө Ысык-Көл тууралуу дагы токтолуп, климаттын өзгөрүшүнүн анын экосистемасына тийгизген олуттуу кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы 170 жылда көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.
Президент Ысык-Көлдү сактоо үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Тиешелүү мамлекеттик органдар көлдүн жана анын акваториясынын флорасы менен фаунасын сактоо боюнча кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүп жатканын айтты. Акыркы төрт жылда Көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын ар кандай таштандылар жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор алынган.
Жапаров ошоондой эле уникалдуу жаратылыш объектисин коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштаганын да баса белгилей кетти.
Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик бюджетинен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Бардык өлкө лидердерин, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү кийинки жылы октябрда Бишкек шаарында өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин да айтты.
Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү сактоо көрсөткүчү кандай?

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча айрым көрсөткүчтөр жакшырганы кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленип келет. Өлкөнүн Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча жетинчи улуттук баяндамасына ылайык, бул багыттагы аймактык чаралардын көрсөткүчү 2021–2022-жылдары 7,38 пайыз болсо, 2023–2025-жылдары 11,25 пайызга жетти
Баяндамада жаратылышты коргоо жаатындагы жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр да көрсөтүлгөн. Алардын бири - жерди пайдаланууну пландаштырууда жаратылышка тийгизе турган таасирди эске алуу. Улуттук баалоого ылайык, бул багыттагы иштер азырынча жарым-жартылай гана аткарылууда.
Мисалы, жаңы жол салууда, имараттарды курууда же мурда пайдаланылбаган жерлерди өздөштүрүүдө жаныбарлардын жашаган аймактары бузулушу мүмкүн. Жолдор айрым жаныбарлардын бир жерден экинчи жерге өтүшүнө тоскоолдук жаратат. Ал эми токойлордун кыйылышы же табигый аймактардын кыскарышы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоо шартын начарлатат. Ошондуктан курулуш иштерин баштоодон мурда алардын жаратылышка тийгизе турган таасирин баалоо маанилүү.
Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү, жаратылыш коруктарын сактоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
Баяндамада жаратылышты коргоо иштерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана аларга жетиштүү каражат бөлүү маселеси да белгиленген. Анткени токойлорду калыбына келтирүү, жаныбарларды изилдөө жана корголуучу аймактарды сактоо үчүн каражат, адистер жана туруктуу иш талап кылынат.
Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бара жаткан жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 115 түрү киргизилген. Алардын арасында канаттуулардын 57, сүт эмүүчүлөрдүн 23, жерде-сууда жашоочулардын 2, сойлоочулардын 8, балыктардын 7 жана муунак буттуулардын 18 түрү бар. Мындан тышкары, Кызыл китепке жогорку өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 89 түрү киргизилген.

































