"Жыйырма күн даярдангам". Жапыкеев менен Суваналиев кыргыз тил сынагынан өтпөй калышты

жапыкеев менен суваналиев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 8-октябрда "Кыргызтестке" кырыз тилинен тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев сынактан кулап калышты.

Маалыматты Жапыкеев да, Суваналиев да Би-Би-Сиге ырасташты.

"Кыргыз мектепти 1-класстан 10-класска чейин бүтүргөм. Университетте дагы кыргыз группада окугам, керек болсо. Кыргызча толук кандуу сүйлөм, оюмду түшүндүрүп бере алам. Бардык суроолоруна эле жооп бердик. Бирок суроолор өтө оор экен. Категориясын оорлоткон окшойт. Жыйынтыгына ишене алган жокмун. Эки тесттин жыйынтыгы дароо чыгат экен. Ал жерден өткөнбүз. Жазуу түрүндө болсо компьютерге жазып бергенбиз. Компьютерден окуп туруп, тууралап коюштубу, билбейм. Өтпөй калыптырмын. Ушундай болмок беле? "Эч кимди чектебейбиз" дешпеди беле. Биринчи эле тоскоолдуктан алып салышты. Канча жыл прокуратурада ишедим. Иштин көбүн эле кыргызча тергечүмүн да. Мен эмес генерал Суваналиев да өтпөй калыптыр", - деди Сыймык Жапыкеев.

Өмүрбек Суваналиев да кыргыз тил сынагынан кулап калганын ырастап, жазуу тажырыйбасы жетишсиз болуп калганын мойнуна алды:

"Жазуудан төрт балл жетпей калыптыр. Мен негизи 40 жыл жетекчи болуп иштеп жүрдүм. Чындыгында жазуу тажрыйбам чоң эмес. Анткени жетекчилер угат, көрсөтмөлөрдү берет. Бирок көп жазчу эмесмин. Компьютерден да көп жазчу эмесмин. Ошондуктан жазуу мен үчүн кыйыныраак болду. В2 деңгээл тилчилердин, филологдордун деңгээли да. Жазууда адабий тил менен, татаал сүйлөмдөрдү, байламталарды кошуп жазуу керек. Мен ага жыйырма күндөй даярдангам. Албетте, В2 деңгээлине чыга албай калганыма өкүнөм".

Ал кайра сынак тапшырса болорун, ойлонорун билдирди.

Буга чейин журналист Аслан Сартбаев Фейсбукка экөө тең тесттен өтпөй калганын жазган:

"Өмүрбек Суваналиев окуудан – 87 балл, угуудан – 84 балл менен өтөт. Сыймык Жапыкеев болсо окууну – 63 баллга, угууну – 76 баллга тапшырат. Бул көрсөткүчтөрдү компьютер автоматтык түрдө чыгарып берген. Ал эми кийинки баскычтары бир жумадан кийин комиссиянын кароосу менен чыгарылса, бул жерде эки талапкер гана катышып жатканын эске алышыбыз керек. Анда Өмүрбек Суваналиевдин жазуусу – 56 балл, сүйлөөсү – 65 баллга татыган. Сыймык Жапыкеев жазуудан – 55 балл, сүйлөөдөн – 63 балл алат. Ошондо Суваналиевге 4 балл, Жапыкеевге 5 балл жетпей калууда. Жазууда талапкерлердин татаал сүйлөм куруусу, адабий тилдеги сөз байлыгы, жогорку деңгээлдеги стили да каралат экен".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыргызтест" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Батма Топоева-Ставицкая жарандардын тест жыйынтыктарын бурмалоо такыр мүмкүн эместигин билдирүүдө:

"Бир дагы адамдын тестинин жыйынтыгын бурмалап коюу мүмкүн эмес. Эмне үчүн дегенде ал жоопторду аралыктан эксперттер текшерет. Экспертке жооптор жазуу текст түрүндө барат. Эксперттер кимдин тестин текшерип жатканын билишпейт".

БШКга талапкер катары арыз калтыруу үчүн талапкерлерде шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө декларация, мамлекеттик тилди билүү денгээли "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан БШКнын эсебине бир миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.