Жапаров Ереванда Ысык-Көлдү сактоо үчүн трасттык фонд түзүүнү сунуштады

Сүрөттүн булагы, расмий
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун колдоосу алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштап, ага өлкөнүн мамлекеттик бюджетинен 10 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Жапаров бул тууралуу 16-октябрда Армениянын Ереван шаарында өткөн БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын 17-конференциясынын (COP17) саммитинде сүйлөп жатып айтты.
Президент айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшү эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана бардык өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин талап кыларын белгиледи.
Ал Ысык-Көлдү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн анын экосистемасына тийгизген олуттуу кесепеттерине өзгөчө көңүл бурду.
Жапаровдун айтымында, 170 жылда көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.
"Тиешелүү мамлекеттик органдар көлдүн жана анын акваториясынын флорасы менен фаунасын сактоо боюнча кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Акыркы төрт жылда Көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын ар кандай таштандылар жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор алынган", - деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.
Маалыматка караганда, Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштады.
Жапаров эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун трибунасында дагы Ысык-Көлдү сактоо боюнча маселе көтөргөн.
Президент БУУдагы сөзүндө мөңгүлөрдүн эришине токтолуп, Ысык-Көл жоголсо, бүткүл аймак үчүн орду толгус көйгөй болушу мүмкүн экенин айткан.
Ысык-Көл - деңиз деңгээлинен болжол менен 1 609 метр бийиктикте жайгашкан, дүйнөдөгү ири тоо көлдөрүнүн бири. Көлдүн узундугу болжол менен 182 км, туурасы 60 км, аянты 6 236 чарчы чакырым, эң терең жери 668 метрге жетет. Акыркы жылдары Ысык-Көлдүн суусуна климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы жана суу ресурстарына болгон басымдын күчөшү таасир этүүчү негизги факторлордун катарына айтылып келет.
Ысык-Көл - Кыргызстандын туризм тармагындагы негизги багыттардын бири. Ошондуктан көлдүн жээгинде эс алуу жайлары, жайкы пляждык инфраструктура активдүү курулууда. Айрыкча, Ысык-Кол району, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары туристтик инфраструктуранын негизги борборлору болуп саналат.
Акыркы жылдары аймакка келген туристтердин саны өсүп, мейманкана, тамак-аш, транспорт жана башка кызмат көрсөтүү тармактары үчүн маанилүү киреше булагына айланып келет. Бирок бул Ысык-Көлдүн экологиялык маселелерин да күн тартибине чыгарууда.

































