Ким экениңди эстеткен "Айтматов" тасмасы - 25 жаштагы режиссёрдун эмгеги

- Author, Мээрим Догдурбек кызы
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Чыңгыз Айтматовдун бала чагы, үй-бүлөсү, сүйүүсү жана кайгысы, ийгилиги жана кемчилиги. Улуу жазуучунун тагдырын баяндаган автобиографиялык-көркөм тасма жарык көрдү. Аны 25 жаштагы режиссер тартып, белгилүү орус актёру Сергей Безруков, Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев сыяктуу таанымал инсандар образ жараткан. Тасманын бет ачары Бишкекте 14-сентябрда өтүп, ага фильмдин жаратуучулары жана медианын өкүлдөрү катышты.
25 жаштагы режиссер Айтматовду тартууга кантип батынды?
Залкар жазуучунун жашоосун экрандаштырууга бел байлаган 25 жаштагы режиссер Каныбек Калматов тасманын идеясы ага кокус келбегенин, ал эс тутум, иденттүүлүк темалары боюнча изденип жүрүп, жыйынтыгында ушул фильмди жаратканын билдирди.

"Мени көптөн бери эс тутум темасы ойлондуруп келген. Сиз азыр эле менин кыргызча начар сүйлөгөнүмдү байкадыңыз. Бирок мен кино жаатында чоң адисмин. Мен кино тарткым келет. Эс тутум темасы дал ошол иденттүүлүк тууралуу. Сен кимсиң? Сен кыргызсың да, мисалы, мен кыргызча сүйлөшүм керек, адабий тилде. Бирок мен мунун үстүнөн дагы иштейм. Мен ошол эле кыргыз тили боюнча изилдеп келем, биздин иденттүүлүгүбүз боюнча суроолорго жооп издейм жана биз кыргыз катары кимбиз, ушуга жооп издейм", - деди "Айтматов" тасмасынын режиссеру Каныбек Калматов.
Актёрлордун алдында чоң жоопкерчилик турган
Фильмде залкардын образын жараткан Болот Тентимишов бул ролду аткаруу ага оңойго турбаганын, алдында өмүр бою көтөрүп жүрчү жоопкерчилиги турганын айтты.
"Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүнүн жашоосуна байланыштуу анын айкели менен, жүзү менен, ой жүгүртүүсү менен, сезимдери менен алпурушуу өтө кыйынга турду. Бул жоопкерчилик эми ушу менен эле бүттү, мен кутулдум эмес, бул өмүр бою көтөрө турган жоопкерчиликтин бири болот мен үчүн", - деди Болот Тентимишов.

Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматовдун атууга кеткени жана атылган учуру фильмде өзгөчө эмоционалдык таасир калтырат. 35 жашында жазыксыз атууга кеткен мамлекеттик ишмердин образын Абылай Марат уулу жараткан.

"Жөн эле бир ойдон чыгарылган каарман эмес. Бул Кыргызстандын түптөлүшүнө себепкер болгон, бул үчүн өз жанын берген адамдардын бири болгон. Ошондуктан бул каармандын бейнесин толук ачып ойнош керек болчу. Ролду аткарып жатканда ар дайым ушул ой болуп жатты менде", - деди Марат уулу.

Тасмада күйөөсү эл душманы аталып, атууга кеткен, төрт баласы менен кыйын турмуштун азабын жалгыз тарткан, бирок кандай кырдаал болбосун балдарын адам болууга үндөгөн Айтматовдун апасы Нагиманын да өзүнчө орду бар. Аны актриса Арина Исакова ойногон.
Тасма элге жакты...
Тасма бүткөн соң, көрүүчүлөр Айтматовдун ролун ойногон Болот Тентимишовдун колун кысып, ыраазычылык билдирип жатышты. Актер өзү да тасманы биринчи жолу көрдү.
"Биз колдон келгенин жасадык, калганын көрүүчүлөр баа берсе жакшы болот эле. Керемет иш. Режиссердун, сценаристтердин, оператордун иши керемет. Менимче, бул жерде кандай сезимдер менен алпурушпайын, бардыгы экранда көрүнүп турду",- деди Тентимишов.

Актриса Таалайкан Абасова Айтматовдун образы мыкты берилгенин айтып өттү:
"Башында кандай болот болду экен деп, аябай түйшөлүп киргем. Бирок кинону көрүп жатып, ичине кирип кеттим. Албетте, Тентимишовду куттуктагым келет. Калматовду куттуктагым келет. Эң башкысы Айтматов да, анын гримми дагы, анын абалы дагы укмуштуудай сонун болуптур. Үч-төрт жеринде көзүмө жаш келди".
Фильмден таасирленип, айрымдары Айтматовдун китептерин окууну сунуш кылышса, башкалары балдары менен келип көрүүгө чакырышты.
"Сөзсүз балдарыныздар менен келип көрүнүздөр. Анткени фильмдин идеясы – ким экениңди унутпоо. Ошол үчүн балдар менен келип көрүш керек, - деди Чынара Жубаева.
"Бул фильмди баары көрүш керек деген ойдомун. Себеби жазуучунун өмүр баяны сонун берилиптир. Ошондой эле Төрөкул Айтматовдун дагы өмүр баяны аябай жакшы тартылган, өзгөчө атылган жеринде мен катуу ыйладым. Бул кинону баары көрүш керек!" - деди Эркайым Айбекова.
"Кыргыз элин дүйнөгө дүңгүрөтөт"
Белгилүү оператор, режиссер жана Кинематография департаментинин мурдагы директору Акжол Бекболотов бул фильм кыргыз элин дүйнөгө дүңгүрөтөт деп ишенерин жазды.
"Кесиптешим Каныбек Калматовду дебюттук тасмасынын бет ачары менен чын дилимден куттуктайм. Жеке пикиримде, бул фильмди ар бир кыргыз жараны көрүшү керек деген ойдомун. Буюрса, бул кинонун арты менен кыргыз эли дүйнөгө дагы бир жолу дүңгүрөп алышына тилектешмин. Ошондой эле ар бир каармандын образын мыкты чеберчилик менен аткарган актерлор менен актрисаларга жана ар бир тартуучу топко терең ыраазычылык билдирем. Жашасын кыргыз киносу!" - деди Акжол Бекболотов.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Саясатчы Исхак Масалиев өзүнүн Facebook баракчасына аталган тасма тууралуу пикирин калтырып, жогорку баасын берди:
"Каныбек (режиссер) жазуучуну өз чыгармаларынын көз карашы менен көрсөтүп, аны эң сонун ачып берген. Балким, Айтматовдун замандаштары кээ бир карама-каршылыктарды табат, бирок алар көбүнчө техникалык мүнөздө, режиссёрдун негизги милдети аткарылды. 27 жаштагы жаш режиссер үчүн Чыңгыз Төрөкуловичти көрбөй туруп, анын образын тартуу канчалык кыйын болгонун элестетип көрсөңүз!"
Бирок мен Айтматовду көргөм жана сүйлөшкөм, анын улуу уулу Санжар байке менен кызматташтым жана Аскар менен досмун, ошондуктан бир нерсени айта алам, тасма максатына жетти", - деп жазды Масалиев.

Айтматов тасмасы өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Алдыда Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө да көрсөтүлөрү айтылды. Тасмага Кыргызстан, Орусия жана Казакстандын алдыңкы актёрлору тартылышкан. Фильм президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Тимурлан Ташиевдин продюсерлиги астында тартылган.
































