"Тарбиялуу жана билимдүү". Эмне үчүн Казакстандын президенти жансакчыларын жогорку кызматтарга дайындап жатат?

встреча Токаева с новым министром обороны Айдосом Мырзахметовым
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы коргоо министри Айдос Мырзахметов (сол жакта) Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда, 27-сентябрь.
    • Author, Би-Би-Синин Мониторинг кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Коргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөрдү жасап, жетекчилик кызматтардагы генералдардын ордуна Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлерин дайындап жатат.

Жаңы коргоо министри Айдос Мырзахметов жана анын орун басары Айткурман Омарбеков жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешти. Алар президенттин коопсуздугу үчүн жооптуу абройлуу мекемеден – Мамлекеттик күзөт кызматынан (МКК) которулушту. Алардын кызматтан көтөрүлүшү акыркы жылдары Токаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жарандык жана стратегиялык жетекчилик кызматтарга дайындаганда кесипкөй сапаттарына эмес, алардын президентке канчалык берилгенине карап жатканын ачык көрсөтүүдө.

Бийлик "мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети" деп атаган 2022-жылдагы окуялардан кийин Токаев ички саясий туруктуулукту камсыз кылууга бел байлаган. Бирок сынчылар "мен ушул адамга гана ишенем" принцибине негизделген мындай кадр саясаты узак мөөнөттүү келечекте өкмөттүн компетенттүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Ошондой эле ушундай саясат мындан ары бийлик Токаевдин жакын чөйрөсүнүн колунда гана топтоло баштайт деген тобокелдикти жаратат. Мындай көрүнүш күч түзүмдөрүнүн саналуу өкүлдөрүнө гана таянып саясат жүргүзгөн Орусиянын президенти Владимир Путиндин практикасын эске салат.

Эмнелер болду?

Президент Токаевдин тушунда Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп жүрүп, жетекчилик кызматты ээлеген биринчи кызматкер Ермек Сагимбаев болгон. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) башчысы болуп 2022-жылдын 6-январында дайындалган. Ошол күндөрү өлкөдө өкмөткө каршы нааразычылык акциялары өтүп жаткан, кийинчерээк бийлик бул митингдерди мамлекеттик төңкөрүш аракети катары баалаган.

Сагимбаев УККнын мурдагы жетекчиси, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тарапкери Карим Масимов "төңкөрүш учурунда мамлекеттик чыккынчылык жасаган" деген айып боюнча камакка алынар замат бул таасирдүү атайын кызматтын башына келген. Ага чейин Сагимбаев Мамлекеттик күзөт кызматында (МКК) ар кандай кызматтарда иштеген, анын ичинде жетекчи да болгон, ошондой эле МККнын эки бөлүмүнүн бири болгон Президенттик күзөт кызматынын (ПКК) башчысы болуп да иштеген.

2024-жылдын башында Чингис Аринов Президенттин күзөт кызматынын башчысы кызматынан кетип, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. 2026-жылдын сентябрында ал Алматы облусунун акими (губернатору) болду. Казакстанда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жарандык кызматтарга сейрек дайындаларын эске алганда, Ариновдун карьералык жолу өзгөчө көңүл бурдурат.

Жаңы дайындалган коргоо министри Айдос Мырзахметов да МККда карьералык жолду басып өткөн. Кызматтын ички бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген Мырзахметовдун 2022-жылдын мартына чейинки ишмердиги тууралуу көп деле маалымат жок. 2024-жылы Мырзахметов Куралдуу күчтөрдүн Атайын операциялар күчтөрүнүн кол башчысы болуп дайындалган.

Ал коргоо министри кызматына ушул жылдын сентябрь айында Каспий деңизиндеги машыгуу учурунда 14 жоокердин өлүмүнө алып келген окуядан кийин дайындалды.

Коргоо министрлигинде Мырзахметов 5-октябрда министрдин биринчи орун басары жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалган мурдагы кесиптеши Айткурман Омарбеков менен кайрадан жолугушту. Буга чейин Омарбеков МККнын башчысынын орун басары болчу.

Эмне үчүн мындай болду?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

МККнын бул жетекчилеринин айрымдары дайындалган учурда өздөрүнүн жаңы кызмат орундарына тикелей байланышкан тажрыйбага ээ болушкан эмес. Алардын кызматтан көтөрүлүшү Казакстанда түптөлүп калган мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерин ошол ведомстволордун кызматкерлеринин ичинен дайындоо практикасына да каршы келген.

Мындай көрүнүш мурдагы коопсуздук кызматкерлерин кызматтан көтөрүү чечими биринчи кезекте алардын президентке берилгендиги менен шартталганын ырастап турат: Токаев көп жылдар бою анын жеке коопсуздугуна жооптуу болгон адамдарга ишеним артты.

2024-жылы Ulysmedia.kz сайты Чингис Ариновдун өтө тездик менен кызматтан көтөрүлүшүнө көңүл буруп, анын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалышына президентке жакындыгы себеп болушу мүмкүн экенин кыйыткан.

"Чингис Сайрановичтин буга чейинки кесиптик ишмердигинин жарандык коргоого, өрт өчүрүү кызматына же куткаруу операцияларына эч кандай тиешеси жок – балким, ал биз билбеген кандайдыр бир окуялар учурунда президенттин өмүрүн сактап калган болушу мүмкүн. Бирок тамашаны токтотуп, олуттуу карай турган болсок, анын бүтүндөй карьералык жолу шаолин монахынын бамбук таягындай түптүз", - деп айтылат макалада.

Ulysmedia.kz ошондой эле Токаев Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринен көргүсү келген сапаттарга токтолгондо, "толук лоялдуулукту" жана берилгендикти санап өткөнүн эске салды.

Бийликти чыңдоонун ушул өңдүү стратегиясын Орусиянын президенти Владимир Путин да көптөн бери колдонуп келет. Казакстандык кесиптеши сыяктуу эле Путин да жогорку жетекчилик кызматтарга өзүнүн жансакчыларын жана анын жеке коопсуздугу үчүн жооптуу болгон ведомствонун – ФСОнун башка кызматкерлерин дайындаганы менен белгилүү.

2024-жылы "Настоящее время" каналы жарыялаган иликтөөдө буга чейин ФСОдо иштеп, кийин губернатор, министр жана президенттин кеңешчиси кызматтарын ээлеген жети адам жөнүндө айтып берген. Алардын ичинен эң белгилүүсү – Алексей Дюмин, аны Путин коргонуу өнөр жайын көзөмөлдөгөн жардамчысы кылып дайындаган. 2024-жылы Дюмин Мамлекеттик кеңештин катчысы болуп дайындалганда, Путин аны өз мураскери катары даярдап жатат деген кеп-сөздөр чыкты.

Реакция кандай болду?

Казакстандын катуу көзөмөлдөнгөн медиа мейкиндигине мүнөздүү болгон өзүн-өзү цензуралоо шартында эркин маалымат каражаттары негизинен президенттик коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бийлик органдарында таасири артып баратканы тууралуу комментарий берүүдөн карманышууда.

Бул маалыматтык боштукту бийликке жан тарткан талдоочулар толтургандай болушту, алар Токаевдин кадрдык чечимдерин, өзгөчө Коргоо министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү жогору баалап жатышат.

Аскердик серепчи Эмин Жаббаров коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен кадрдык генералдарды салыштырып, генералдарды "колунан эч нерсе келбесе да, оозун көптүрө сүйлөгөндөр" деп мүнөздөдү.

"МККдан келген адамдар таптакыр башкача болушат. Алар менен сүйлөшө келсең ичиң толот. Мен биздин армияда ушундай адамдарды көргүм келет. Алар тарбиялуу жана билимдүү. МККда офицердин ар-намыс кодексине көңүл бурулганы көрүнүп турат. Аларды бул жерден чынчыл жана билимдүү кылып чыгарышат. Биздин армияга дал ушул сапаттар жетишпей жатат. Алар коркутуп-үркүтүүгө жана кемсинтүүгө негизделген аскердик маданиятты өзгөртүп, туура баалуулуктарга үйрөтө алышат деп ишенем" - деди Жаббаров Инстаграмда блогер Тимур Балымбетовго берген маегинде.

Бийликчил саясат таануучу Адиль Сейфуллин да Мырзахметовдун коргоо министри кызматына дайындалышын колдоду. "Мамлекет башчысынын жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдарынын өмүрү ишенип тапшырылган адамдар иш-аракеттери аркылуу өз жөндөмдүүлүктөрүн бир нече жолу далилдей алышты... Коргоо министри кызматына кынтыксыз абройго ээ болгон офицердин дайындалышы президенттин меритократия принцибин карманганын дагы бир жолу тастыктап турат", - деп жазды.

Мындан ары эмне болот?

Токаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин негизги кызматтарга дайындоону улантышы мүмкүн, себеби бул анын башкаруу моделинин ажырагыс бөлүгү болуп калды.

2022-жылы экс-президент Назарбаевди бийликтен четтете алганына карабастан, Токаев өз позициясын бекемдөө үчүн дагы узак жолду басып өтүшүм керек деп эсептейт чыгар, буга ушул жылдын башында башкаруучу партияда орун алган кайра уюштуруу иштери далил.

Бул стратегия Токаевге өкмөттүн үстүнөн толук көзөмөлдү камсыз кылууга жардам бериши мүмкүн, бирок анын жансакчылары министрликтерди, ошондой эле аскердик жана чалгындоо органдарын жетектөөгө жөндөмдүү болгонун кепилдебейт.

"Бийликти президентке жан тарткан күч кызматкерлеринин колуна топтоо тенденциясы олуттуу кооптонууну жаратат. Мамлекет башчысынын чечимдерди кабыл алуудагы системалуу каталары коргоо министринин каталарына караганда өлкөгө алда канча олуттуу зыян алып келет. Буга 2022-жылдын январындагы каргашалуу окуялар далил, ошондо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бийликтин буйругу менен көзүнө илингендердин баарын туш келди аткылашкан", - деп жазды 28-сентябрда Respublika.kz оппозициялык сайты.

Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы