"Бешке тапшырат деп ишенем": Сыймык Жапыкеев кайрадан кыргыз тилинен тест тапшырууда

Жапыкеев
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев кайрадан кыргыз тилинен тест тапшыруу үчүн "Кыргызтест" мекемесине барды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына видео жарыялады.

Аны коштоп келген саясатчы Кубанычбек Кадыров Сыймык Жапыкеевдин тесттен ийгиликтүү өтөрүнө ишенерин билдирди.

"Кудай буюрса, мен ишенем. Сыймык бүгүн тапшырат. Себеби ал прокуратурада 19 жыл иштеген. Көп жыл тергөөчү болуп эмгектенген. Болгондо да Башкы прокуратурада өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болгон. Мен жаңылбасам, Кыргызстан боюнча андай 15 эле тергөөчү болот. Бишкек шаарында кыргыз мектепти бүтүрүп, Кыргыз Улуттук университетин да кыргызча окуган. Иштеринин 90 пайызын кыргыз тилинде тергеген. Сыймык инимди биринчи курстан бери тааныйм. Кыргыздын мыкты азаматы деп эсептейм. Бүгүн Сыймык бешке тапшырат деп ишенем. Баары калыс, мыйзам чегинде болушу керек",- деди Кубанычбек Кадыров.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев 8-октябрда кыргыз тилинен тест тапшырып, өтпөй калган. Ал окуп түшүнүү бөлүмүнөн 63, угуу бөлүмүнөн 76, жазуу бөлүмүнөн 55 жана сүйлөө бөлүмүнөн 63 балл алган. Жыйынтыгында талап кылынган баллга 5 упай жетпей калган.

2026-жылдын 19-октябрына Сыймык Жапыкеев коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча милицияга түшкөн.

Ага карата коңшусу Жапыкеев ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчын алыганы тууралуу арызданган.

Бул окуяга байланыштуу видео социалдык тармактарга да тарап, анда Сыймык Жапыкеевдин милиция кызматкерлерине баш ийбей сөгүнүп жатканы тартылган.

Андан мурун Кыялбек Матаев аттуу жаран Сыймык Жапыкеевдин милиция бөлүмүндө тартылган видеосун жарыялаган.

Видеодо Жапыкеев 19-октябрга караган түнү үйүнөн милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бөлүмгө жеткирилгенин айткан.

"Арыз жазды деп ыкчам топ алып кетти. Сегиз сааттан бери милицияда отурам. Эч ким эч кандай түшүнүк алган жок. Бүгүн "Кыргызтестке" барышым керек эле. Эмне кылдым силерге, эмне тартип буздум,- десем эч ким билбейт. Министр ойгонсун, анан чечет дешти. Бул эмнедеген акмакчылык? Мына, мени үйгө кийген бут кийимим менен алып келишти. Ушинтип отурсам, кантип президенттикке талапкерлигимди коём?"- деген Жапыкеев видеодо.

2026-жылдын сентябрында Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.