"Ырыс-Ордодо" өрт чыккан эмес: ӨКМ маалымат берди

Сүрөттүн булагы, Social
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-холлунун чатырынан өрт чыкты деген маалымат боюнча билдирүү таратты.
Алдын ала маалыматка ылайык, түтүн имараттын чатырында изоляциялоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда пайда болгон. Өрт чыккан эмес.
Ведомствонун маалыматына караганда окуя болгон жерге саат 12:36да эки күжүрмөн эсеп, эки автошаты, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб жөнөтүлгөн.
Учурда окуя болгон жерде түтүн пайда болгон аймакты текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Социалдык тармактарда Бишкектеги "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-холлунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тараган.
Тараган видеодо имараттын чатырынан түтүн чыгып жатканын көтөрүүгө болот.
Белгилей кетсек, "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борбору Бишкек шаарында 2026-жылдын 24-августунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачылган. Комплекс эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий жолугушууларды жана башка ири иш-чараларды өткөрүү максатында курулган. Анын аймагында борбордук имараттан тышкары расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү жайгашкан.
Жалпы аянты 39 миң чарчы метр болгон имаратта 1238 орундуу конференц-зал, 1000 орундуу банкет залы, жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ылайыкташтырылган атайын 5 бөлмө жана пресс-борбор бар.
Жыйындар борбору президенттин администрациясы жайгашкан "Ынтымак Ордого" жанаша турат.




























