"Балам өз үйүндө бөлүнүп калды". Ошто ВИЧ жуктурган балдардын энелери мамлекеттен турак жай сурашат

ВИЧ
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Мындан 20 жылдай мурда Ош облусундагы медициналык мекемелерде жүздөгөн жаш балага медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ инфекциясы жуккан. Ошол кезде алты айлык ымыркай кезектеги дарылануу учурунда вируска кабылган. Бул тууралуу анын энеси Дилноза айтып берди.

Анын билдиришинче, баланы ооруканага алып барганда дене табы түшпөй, дарылануу керектиги айтылган. Уулу бир жашка чыкканда гана дарыгерлер ага ВИЧ диагнозун коюшкан.

"Ал мезгилде биздин үй-бүлөдө он адам жашачубуз. Диагноз коюлгандан кийин баарыбыздан - менден, жолдошумдан, башка балдарымдан анализ алышты. Жыйынтыгында баарыныкы таза чыгып, ушул гана баламдан оору табылды. Териштирип көрсөк, балам алты айлык мезгилинде ооруканада жатканда жугуп калган экен",- дейт Дилноза.

Бүгүнкү күндө анын уулу 20 жашка толду. Бирок эненин айтымында, баласы чоңойгон сайын көйгөйлөрү азайбай, тескерисинче көбөйгөн. Диагноз тууралуу билген айрым туугандары жана жакындары өз балдарын андан алыстата башташкан.

"Азыр балам 20 жашка толду. Үй-бүлөдө төрт балам бар, келиндерим, неберелерим бар. Бирок азыр абдан кыйын болуп жатат. Келиндерим неберелеримди баламдан алыстата башташты. Бул ооруну билип калышкандан кийин ушундай мамиле болуп жатат. Балам өз үй-бүлөсүндө да бөлүнүп калганын сезүүдө. Ошондуктан баламды бөлүп, өзүнчө жашатууга туура келүүдө. Биз, энелер, балдарыбызга мамлекеттен турак жай сурап кайрылбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбады", - деп кейийт эне.

Мындай оор жагдайга туш болгон энелер балдары өз алдынча жашап, билим алып, үй-бүлө кура алышы үчүн мамлекеттен турак жай бөлүнүшүн талап кылып келишет. Алар буга чейин бийликтин көңүлүн буруу максатында Ошто атайын акция да өткөрүшкөн.

Дилнозанын айтымында, турак жай маселеси курч турат: айрым жаштар оорусу тууралуу белгилүү болуп калгандан кийин ижарага алган батирлеринен да чыгып кетүүгө аргасыз болушат.

Мындан сырткары эне бул илдеттин айынан тагдырлар талкаланып, көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашканын, аталар өз балдарынан баш тарткан учурлар болгонун ачыктады:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Төрт баласы, үч баласы бар аялдар ушул оорунун айынан ажырашып кетишкен. Мамлекет ушул маселени көзөмөлүнө алып, балдарга кам көрүп койсо дейбиз. Балдарыбыздын өзүнүн турак жайы болсо, өздөрү жашап, дарысын кеңири ичишсе деген тилек. Бул балдардын да келечекте бактылуу жашоого акысы бар",- дейт Дилноза.

Эне уулуна мамлекет тарабынан төлөнүүчү ай сайынкы жөлөк пул дары-дармек жана кунумдук муктаждыктарга жетишсиз экенин кошумчалады.

Бул илдет саламаттыкты сактоо мекемелеринде жаш балдарга кантип жугуп калган деген суроо коомчулукта алиге чейин актуалдуу.

Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Сабыржан Ташполотовдун айтымында, 2006–2008-жылдары Кыргызстандын ооруканаларында медициналык каражаттардын тартыштыгы эң башкы себеп болгон.

"Ошол убакта мамлекетте көйгөйлөр болгон. Жалпы мамлекеттик деңгээлде бир жолу колдонулуучу медициналык каражаттардын жетишпестиги болгон. Ошол эле көп доза менен колдонулган суюктук дарылары, 400 граммдык дары төрт балага бөлүнүп куюлган. Ошол убакта аралашып кетүү коркунучтары болгон. Акыректен коё турган катетердин дагы ийнелери жетишсиз болгон. Ийнелер бир жолу колдонулуучу болбой, көп жолу колдонулуп калган. Ошондой жетишсиздиктерден улам ушундай жугуу фактылары болгон",- деди Сабыржан Ташполотов.