"Ачык маалымат беребиз": Министр кышында электр жарыгын өчүрүү тууралуу алдын ала кабарланарын айтты

Сүрөттүн булагы, Official
21-октябрда Жогорку Кеңеш күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Энергетика министрлигинин отчетун укту. Жыйында депутаттар кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин белгилеп, калкка алдын ала график берүүнү талап кылышты.
"Электр жарыгы өчкөндө алдын ала график берсеңер. Чынын айтсам, "жарык өчүрүлбөйт" деген сөзгө ишенбейм. Өчүрүлөт. Болгону ошону айтып тургула, качан өчөт",- деди депутат Дастан Бекешев.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков учурда республика боюнча электр кубаттуулугу кайсы аймактарда, кандай көлөмдө жетишсиздигин тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясын өчүрүү боюнча алдын ала графиктер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түзүлөт.
"Алдын ала жергиликтүү бийлик менен, райондун, облустун, шаардын жетекчилери менен график түзүлөт. Эртең кыш келгенде кайсы жерде таңсыктык байкалса, ошол боюнча иш алып барабыз. Бирок алдын ала элге сөзсүз түрдө маалымат беребиз. Былтыр да ушундай суроо болгон. Быйыл ачык-айкын, так, даана маалымат берип турабыз",- деди министр.
Электр энергиясындагы таңкыстык
Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча иштер белгиленген тартипте аткарылып жатканын айтып, электр энергиясынын жетишсиздиги көп жылдан бери топтолуп келген көйгөй экенин белгиледи.
Министрдин сөзүнө караганда, электр энергиясын өндүрүүчү ири ГЭСтерди куруу жана генерациялык кубаттуулуктарды көбөйтүү иштери керектөөнүн өсүшүнө жараша жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй келген.
Ошол эле учурда өлкөдө экономикалык өсүш болуп, завод-фабрикалар, мектептер жана турак-жайлар сыяктуу электр энергиясын көп талап кылган объектилер курулууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул бүгүн, кечээ же бир жылда пайда болгон маселе эмес. Көп жылдан бери генерацияны же чоң ГЭСтерди куруу жагында жетиштүү жумуш жүргүзүлбөгөнүнүн бирден бир себеби ушул күнгө келип такалды. Экинчи жагынан, экономикалык чоң өсүүлөр болуп жатат. Жыл сайын көптөгөн объектилер курулууда. Завод, фабрика, мектеп, турак-жайлар курулуп жатат. Ошонун баары электр энергиясын көп талап кылуучу объектилерге кирет",- деди ал.
Министр соңку жылдары энергетика тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканын да белгиледи. Анын маалыматына ылайык, күндөн электр энергиясын өндүрүүчү станцияларды куруу иштери жүрүп, Кара-Кечеде жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлган. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери уланууда.
Рысбеков бул долбоорлордун айрымдарын эки-үч жылдын ичинде толук бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Анын айтымында, ири энергетикалык долбоорлор аяктаганга чейин электр энергиясынын таңсыктыгы жарала берет.
Министр кыш мезгилинде эртели-кеч электр энергиясын керектөө күч аларын айтты.
"Бизде эртең мененки жана кечки максимум деген түшүнүк бар. Ошол учурда, кубаттуулук жетишпей калат. Себеби элдин баары үйүндө болот, баарыбыз оокат-ашыбызды даярдайбыз, приборлорду сайып баштайбыз. Ошол учурда керектөөнүн өскөндүгүнө байланыштуу ушундай абал пайда болуп жатат",- деди энергетика министри.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкө ичинде жалпы өндүрүлгөн электр энергия 14 миллиард 600 миллион кВт саатты түзөт. Бирок керектөө 18 миллиард 935 миллион кВт саат. Демек, 4 миллиард 335 миллион кВт саат энергия жетпей жатат. Кыргызстан өлкөнүн ичиндеги керектөөнү толук камсыздоо үчүн ошол көлөмдү коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.






























