Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салууга нааразылык күчөгөн маалда TikTok жана Instagram иштебей калды

Мусульманки отмечают религиозный праздник Ашура в мечети в Баку в 2023 году
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Азербайжанда Instagram жана TikTok колдонуучулары бул социалдык тармактарга VPN аркылуу гана кирүүгө мүмкүн болуп жатканын айтып, жапырт даттанышууда. Бийлик өкүлдөрү чектөө киргизилгенин ырастай элек. Бирок өкмөттү сындагандар социалдык тармактарга кирүүдөгү көйгөйлөрдү мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салууга каршы нааразылык акциялары менен байланыштырып жатышат.

Азербайжандагы эң популярдуу эки социалдык тармакка, Instagram жана TikTokко учурда VPN колдонгондо гана кире алат. Колдонуучулар бул көйгөйгө байланыштуу Facebook баракчаларында жапырт даттанышууда.

Би-Би-Синин кабарчысы бул жагдайды тааныштары аркылуу текшерип көргөн. Алардын көбү аталган социалдык тармактарга кире алышкан эмес. Сегиз адамдын бирөө гана TikTokко кире алган. Айрым колдонуучулар YouTube жай иштеп жатканын, Gmail почтасына кирүүдө жана жалпы эле интернетти колдонууда көйгөйлөр жаралганын билдиришүүдө.

Азырынча бийлик бул жагдай боюнча түшүндүрмө бере элек жана социалдык тармактарга бөгөт коюлганын ырастаган жок.

Бирок көпчүлүк муну Министрлер кабинетинин мектептердеги окуучулардын кийим формасына байланыштуу токтомуна нааразылык менен байланыштырып жатышат.

Instagram тармагында Азербайжан (#azərbaycan) деген хештег менен издегенде, алгач эле хижабга байланыштуу билдирүүлөр чыгат. Себеби жаңы талаптарга ылайык, мектепке хижаб кийип барууга болбойт.

Комментарийлерде колдонуучулардын көбү бул тыюуга каршы экенин билдиришүүдө. Айрым мектептерде хижаб кийген кыздарды окууга киргизүүнү талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Аларга хижаб кийбеген окуучу кыздар жана балдар да катышууда.

Видеолордун биринде кыз камеранын артындагы бирөөгө: "Силердин досторуңар көчөдө жүрөт, а силер болсо унчукпайсыңар", — деп кыйкырат. Ал сабак өтүлүп жаткан класстардын терезелерин көрсөтөт. Дагы бир видеодо балдар: "Хижаб окууга тоскоол болбойт!" — деп кыйкырып жатышат.

Азербайжан светтик мамлекет. Бирок анын калкынын 90 пайыздан ашыгы мусулмандар.

Президент Азербайджана Ильхам Алиев и его супруга Мехрибан Алиева совершают малое паломничество (умру) в Мекке, Саудовская Аравия, 7 апреля 2015 года.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Протоколдо талап кылынса, Алиевдин жубайы да хижаб киет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Министрлер кабинетинин 21-сентябрдагы токтомунда хижаб тууралуу түз айтылган эмес. Анда болгону окуучулардын кийими билим берүүнүн светтик принцибине шайкеш келиши керектиги белгиленген. Документ окуучуларга да, мугалимдерге да тиешелүү.

Бул токтом эмне себептен кабыл алынганы тууралуу Министрлер кабинети да, Билим берүү министрлиги да түшүндүрмө берген эмес. Би-Би-Синин Азербайжан кызматынын суроосуна да бир дагы мекеме жооп берген жок.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы телефон чалуубузга жооп берген жок. Ошондуктан Instagram жана TikTokтун ишиндеги үзгүлтүктөрдүн себептерин тактоо үчүн жазуу жүзүндө суроо жөнөттүк.

Бул арада бийлик өкүлдөрү токтомдун аткарылышына тоскоолдук кылууга аракеттенген 37 адам кармалганын билдиришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, борбор калаада "бир топ адам" мектептерде бирдиктүү мектеп формасын кийүү эрежелерин аткарууга байланыштуу билим берүү кызматкерлери менен чыр-чатактарды чыгарган. Алар мамлекеттик билим берүү мекемелерине зыян келтирип, коомдук тартипти бузуп, унаалардын жүрүшүнө жана мектептердин ишине тоскоолдук кылышкан.

Азырынча Ички иштер министрлиги окуя тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Би-Би-Синин Бакудагы мектептердин бириндеги булагынын айтымында, жогорку класстын окуучуларынан сакалын кырып салуу да талап кылынган. Бирок мыйзамда сакал тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө 2011-жылы да тыюу салынган. Ал кезде бул Билим берүү министрлигинин буйругу болгон жана массалык нааразылык акцияларына себепкер болгон. Эң ири акциялар исламдык салттары күчтүү Нардаран кыштагында жана Бакудагы Билим берүү министрлигинин имаратынын алдында өткөн.

Ал кезде полиция акциянын катышуучуларын күч менен кармаган. Алардын айрымдары эркинен ажыратылып, түрмөгө кесилген.

Сын айткандар Азербайжандын бийлиги өлкөдө саясий исламга көптөн бери ырааттуу каршы күрөшүп келерин айтышат.

Тынчтык жана демократия институтунун маалыматына ылайык, өлкөдөгү саясий туткундардын басымдуу бөлүгү диний топтордун мүчөлөрү.

Исламга болгон мамиледен улам жакында Түркия менен Азербайжандын ортосунда да пикир келишпестиктер жаралган. Түркия исламдык баалуулуктарга көбүрөөк ыктаган өлкө катары сыпатталса, Азербайжанды "светтик авторитардык мамлекет" деп аташат.

"Хижаб эч кандай көйгөй жаратпайт. Бирок Илхам Алиевге өз бийлигин бекемдөө үчүн радикалдык исламдын образын түзүү керек", — деп жазды бийликти сындаган журналист Афган Мухтарлы.

"Иран жана Туран (Түркия — Би-Би-Си) тууралуу сөздөрдүн баары жомок", — деп кошумчалады ал.

Мухтарлынын пикиринде, бийлик ислам темасын динге ишенгендерди куугунтуктоону улантууга шылтоо катары колдонуп жатат. Ал ошондой эле социалдык тармактарды бөгөттөө менен өлкө жетекчилиги хижабга тыюу салууга каршы нааразылык акцияларынын алдын алууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Ал эми бийликти колдогондор токтом кабыл алынгандан бери бул тыюу өлкөнүн эгемендигин бекемдөөгө жана башка мамлекеттердин тышкы таасиринен арылууга багытталган чаралардын бири экенин айтып келишет.

"Билим берүү" коомдук бирикмеси хижаб темасын "саясий максатта бурмалап пайдалануу өлкөдөгү туруктуулукка, толеранттуулукка жана улуттук-руханий баалуулуктарга каршы келет" деп билдирди. Ошондой эле бул маселени саясатташтырбоого чакырды.

Саясий баяндамачы Фархад Мамедов да ушундай пикир билдирди.

"Диний баалуулуктарды саясий оюнга айландырууга жол берилбеши керек. Анткени балдарыбыз тышкы диний таасирдин куралына айланбашы керек жана айлана албайт. Ал эми мындай таасир бар жана ал максаттуу түрдө жүргүзүлүп жатат", — деп жазды ал.

Мамедов бул билдирүүсүндө тышкы таасирдин булагын түз атаган жок. Бирок ал бир нече жолу Азербайжан менен чектеш Иранды дин аркылуу таасир жүргүзүп жаткан өлкө катары сүрөттөдү.

Мечеть на холме над бакинской бухтой с видом на город
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азербайжан калкынын 90% ашыгы мусулмандар

DataReportal аналитикалык платформасынын интернет жана санариптик чөйрөнү колдонуу боюнча отчетуна ылайык, Азербайжанда калкынын саны 10 миллиондон бираз ашса, интернет колдонуучулардын саны 9,27 миллионго жетет.

Instagram тармагын 4,25 миллион, TikTokту 7,61 миллион адам колдонот. Ал эми Facebook колдонуучуларынын саны 1,65 миллионду түзөт. Калган социалдык тармактардын ар биринде бир миллиондон аз колдонуучу бар.