Британ премьер-министри Киевге келди. Алыска учуучу ракета схемаларын өткөрүп бермей болду

Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернемдин алгачкы чет өлкөлүк сапары Киевге болду. Ал Украина президенти Володимир Зеленскийге алыс аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга жардам бере турган схемаларды өткөрүп берери күтүлүүдө.

Британиянын премьер-министри Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугуп, Киевдин жанындагы Гатное айылында жайгашкан Улуттук аскердик мемориалдык көрүстөнгө гүл койду. Бернем Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышып, Улуу Британиянын Украинага көрсөткөн колдоосун таануу иретинде британ элинин атынан сыйлык алат.

Кийинчерээк ал мурдагы премьер-министр Кир Стармердин тушунда Улуу Британия менен Франция түзгөн "каалоочулар коалициясынын" биринчи жыйынына катышары пландалууда.

Бернем Киевде Улуу Британиянын өкмөтү MBDA компаниясына "Скальп" ракетасы боюнча жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга уруксат бергенин жарыялайт. "Скальп" - Франциянын Storm Shadow ракетасына окшош алыс аралыкка учуучу ракета.

Украинанын мурдагы коргоо министринин орун басары, отставкадагы генерал-майор Владимир Гаврилов BBC Today программасына берген маегинде Москвага жакын жайгашкан буталарга сокку урууга жөндөмдүү ракеталар согуш талаасындагы абалды өзгөртөрүн айтты.

Анын айтымында, бул Украинага Орусиянын аймактарына кулачын жайып, анын ичинде Москва жана Санкт-Петербургга жакын жерлердеги буталарга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Ансыз да Украина алыс жана орто аралыкка учуучу дрондорду өндүрүүнү көбөйткөндөн кийин, орусиялыктар соккуларга башкача реакция кыла баштаган.

"Украинанын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында украин эли эч кандай күмөн санабашы керек. Улуу Британия бүгүн да силерди колдойт жана канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт колдоосун улантат. Мен өлкөбүздүн Украинаны өнүктүрүүгө кошкон салымы менен сыймыктанам жана украин эли Улуу Британиянын колдоосу солгундабай турганын түздөн-түз менден уксун деп каалайм. Украинанын коопсуздугу- бул биздин коопсуздугубуз",- деген Бернем дүйшөмбү күнү сапарынын алдында жасаган билдирүүсүндө.

Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эки өлкөнүн достугу согуштан кийин да узакка созуларын белгилеп, "Орусия биздин чечкиндүүлүгүбүздөн күмөн санабашы керек. Адилеттүү жана бекем тынчтык орногонго чейин биз артка чегинбейбиз",- деген.

Алыс аралыкка учуучу "Скальп" ракетасынын салмагы 1300 килограмм, узундугу 5,10 метр. Ал Улуу Британиянын Королдук аба күчтөрүнүн, Франциянын жана Италиянын аба күчтөрүнүн куралдануусунда турат. Ракета Иракта, Сирияда жана Ливияда колдонулган.

Өндүрүүчү компания ракетаны алдын ала пландалган стационардык буталарды жок кылууга арналган курал катары мүнөздөйт. Ал күндүз да, түнкүсүн да, аба ырайынын ар кандай шарттарында колдонулуп, алдыңкы навигациялык системалар менен жабдылган.

Ракета Орусия аймагындагы болжол менен 240 чакырым алыстыктагы буталарга сокку урууга жөндөмдүү. Би-Би-Си кабарчысы Генри Мур белгилегендей, бул ракета украиналык дрондорго караганда кыскараак аралыкка учат. Бирок "Скальптын" чиймелерин берүү- өнөктөш өлкөлөр курал-жарак технологиялары менен бөлүшүүгө даяр экенин көрсөтөт.

Кремль Лондондун Киевге чиймелерди өткөрүп берүү планына буга чейин реакция жасап, мындай курал өндүрүлө турган украиналык объектилер Оручсиянын Куралдуу күчтөрү тарабынан системалуу түрдө жок кылынарын эскертти.

"Улуу Британия бул согушка Киев режими тараптан катышып жатат. Ал үзгүлтүксүз отко май тамызууну улантып, тынчтык жараянын жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир жылыш болбошу үчүн ар кандай тоскоолдуктарды системалуу түрдө жаратып жатат",- деп билдирди журналисттерге Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Улуу Британия Украинага дрондорду жеткирип жатканы тууралуу маалымат тарагандан кийин, Лондондогу Орусия элчилиги Улуу Британияны "кандуу кылмыштарга жана террордук актыларга көмөк көрсөтүүчү жана алардын шериги" деп атаган.

"Биз убактылуу гана дос эмеспиз. Кыйын учурда Украина менен бирге болобуз жана бул өзгөрбөйт",- деди Бернем жооп иретинде.

Украина

Сүрөттүн булагы, John Keeble/Getty Images

Ал Улуу Британия "Украина өзүн коргой алышы үчүн колдоо көрсөтүп жатканын" белгиледи. Анын айтымында, бул Улуу Британиянын бүткүл жаңжал учурундагы позициясы болгон. Ошондой эле мындай позицияны буга чейинки премьер-министрлер да карманганын жана азыр анын өзү үчүн да бул саясат өзгөрүүсүз калганын айтты.

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келин мындан бир айдан ашык убакыт мурун кызматынан бошотулуп, миссиясын 21-июлда аяктаган. Жаңы элчи азырынча дайындала элек. Sunday Times басылмасы жазгандай, "элчиликтин кызматкерлеринде жаңы элчи качан дайындалышы мүмкүн экендиги тууралуу болжолдуу маалымат да жок".

Британиялык ЖМКлар бул жагдайды Москванын Лондондун Украинага көрсөткөн колдоосуна болгон нааразычылыгынын белгиси катары баалашкан. Бирок Улуу Британиядагы Орусия элчилиги Би-Би-Сиге бул эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин деңгээлин төмөндөтүү ниетин билдирбейт деп маалымдады.

Украина абадан коргонуу үчүн америкалык Patriot системаларына жана алардын ракеталарына көз каранды. Бирок Ирандагы согуштан улам АКШнын өзүндө да Patriot ракеталарынын запасы азайып жатат. Зеленский АКШдан көбүрөөк ракета берүүнү бир нече жолу сураган. Ал Украинага кышка 300-360 Patriot ракетасы керек экенин айтты. Ошол эле учурда Зеленский Украина башка өлкөлөр менен да кошумча ракета алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.